Абу Ханифа (Имам Аазам) кыскача өмүр баяны

Имам Абу Ханифа (80-150-ж.ж. хижра жыл санагы боюнча, 699 – 767-ж.ж. григориан жыл санагы боюнча).

🔷 Төрөлүшү жана өсүшү

Абу Ханифа ан-Нуъман ибн Сабит ибн Зути ибн Мах – факих, мухаддис, Ханафи мазхабынын негиздөөчүсү. Ал Куфа жергесинде Абдульмалик ибн Марван халиф болуп турган кезде (Умавийлер халифаты) 80 хижра жылы (699-жылы) жарык дүйнөгө келген. Ал жактан тарбияланып, жашоосунун көбүн ошол жакта жашаган, жана Багдад шаарында бул дүйнөдөн өткөн.

🔷 Сыпаттары жана адеби

Имам Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) өтө акылдуу, зээндүү, сүйлөсө күчтүү далил-негиздерге таянып сүйлөгөн, келбетүү, бир туугандарына кайрымдуу, захид (аскет) киши болгон.

Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) соода-сатык тармагында иштеп, чынчыл, аманатка бекем соодагер эле. Ал көп жыл соода тармагында иштегендиктен, каада-салтты, адатты, алака-мамилелерди, соода-сатыктын жана карызга алыш-бериштин жол-жоболорун иш жүзүндө көрүп, өтө чоң тажрыйба топтогон. Ал жибек жана жибектен жасалган нерселерди саткандыктан аны “жибекчи” деп аташчу эле.

📝 Илими жана устаздары

Ал илимди табаиндерден алган. Сахабалардан алган деп да айтылат. Ал табаин болгон же табаиндерди ээрчүүчүлөрдөн (табатабаин) болгон.

Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) өзүнүн биринчи устазы Хаммад ибн Абу Сулаймандан фикх, дин илимин окуган. Ал устазынын жанынан чыкпай он сегиз жыл аны коштоп жүрдү. Жада калса анын устазы Хаммад: “О Абу Ханифа, сен менде эч нерсе калтырган жоксуң” деп, андан алган илимди ишарат кылган экен.

Кошумча окуу: Чыныгы аалымдардын белгилери — Шейх Салих ас-Сухейми

✏️ Абу Ханифа’нын фикхтеги жолу

Абу Ханифа бир маселени караганда — алгач Аллахтын Китебинен карайт эле, эгер таппаса Сүннөттөн издечү, эгер Курандан жана Сүннөттөн таба албаса, анда ал сахабалардын сөздөрүнө же аалымдардын бир оозтон айтылыган пикирине (ижмаъ) кайтчу. Эгер булардан таба албаса гана – кыяс же истихсан же элдин үрп-адатына (ъурф) кайтчу.

Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) фикх илим изилдөөдө – алысты көрөгөчтүгү, этияттуулугу жана ката кетирүүдөн сактыгы – менен мүнөздөлгөн.

Фикхий бир маселени изилдөөдө, ал өзүнүн окуучуларын чогулуп, маселени ортого таштайт эле. Анан алардын ар бирөөсү ошол маселе тууралуу ойлорун айтышкан, эгер баардыгынын пикирлери бирдиктүү болсо – Абу Ханифа ошону алчу. Ал эми пикирлер кайчылаш чыкса, алар ошол маселени талкууга алышып, ар бирөөсү өзүнүн пикирин далилдин негизинде баяндашкан. Бир пикирге келишкен соң – ошол маселени далилдери менен китепке жаздырып койчу. Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) ал маселени аныктап изилдемейинче – китепке киргизүүдөн тыйчу.

📖 Сабак берүүсү

Качан ал өзүнүн устазы Хаммаддын ордуна келип, сабак бере баштаганда – ал өзүнүн окуучуларына шарт койду: алардын ичинен он окуучу бир жыл бою сабака келип, калтырбай отурушун талап кылды. Бул шартка алар макул болушуп, сөздөрүнө бек турушту. Мына ошол койгон шарттар сабактын калыптануусуна кепилдик болуп, анын эрежелеринен болуп калган.

Ал сабакта факихтер, куран карылары жана мухаддистер катышышып, Куран жана Сүннөттүн фикхин, элдердин каада-салтын жана адаттарын үйрөнүшкөн. Абу Ханифанын (Аллах ырайымына алсын) сабактары – фикх маселелерине терең издөөлөрү, акыйкатка жетүү үчүн пикирлешүүлөрү, көптөгөн далилдерди келтирүүлөрү жана маселенин негизги себептерин түшүндүрүүлөрү – менен өзгөчөлөнчү.

📚 Китептери жана эмгектери

Абу Ханифа (Аллах ырайымына алсын) фикх тармагы боюнча көптөгөн эмгектерди жазган дешет. Бирок ал жазмалар бизге жетпей калды. Тарыхчылар айткандай Абу Ханифанын көптөгөн китептери болгон. М: “Илим жана илим окутуу” (аль-Ильм ва-т-Таълим), “Кадариттерге жооп”. Шакирттери анын оозунан жазган маселелер китеп болуп, анан бизге жеткен экен. М: “Чоң фикх” (Фикх аль-Акбар), “Кичи фикх” (Фикх аль-Асгар) ж.б.

🖋 Шакирттери

Көптөгөн аалымдардын айтымында Абу Ханифанын шакирттери андан фикх жана кабарларды алышып, аларды китеп бетине түшүрүшүп, темаларына жараша баптарга (главаларга) бөлүп чыгышкан. М: Абу Юсуф жазган “Китаб аль-Асар”, Мухаммад ибн аль-Хасан жазган “Китаб аль-Асар”. Бул китептерди Абу Ханифа өз колу менен жазган эмес, бирок анын шакирттери устазынын сөздөрүн ирээттеп, китеп кылып чыгарышкан.

Имам Абу Ханифанын (Аллах ырайымына алсын) мазхабын жазуу түрүндө түшүргөн шакирттеринин саны 40 жеткен. Алардын эң белгилүүлөрү:
• Абу Йусуф Яъкуб ибн Ибрахим аль-Ансари – 112-хижра жылы Куфада төрөлүп, 183-хижра жылы ошол жакта эле дүйнөдөн кайткан;
• Мухаммад ибн аль-Хасан ибн Фаркад аш-Шайбани – 132 хижра жылы Куфада төрөлүп, ошол жерде өсүп чоңоюп, 189-хижра жылы ошол жерден дүйнөдөн кайткан;
• Зуфар ибн аль-Хузайл ибн Каус – 110 хижра жылы Басрада төрөлгөн, жана ошол жакта эле 158 хижра жылы дүйнөдөн кайткан. Абу Ханифанын шакирттеринин ичинен эң эле эрте бул дүйнөдөн кеткени Зуфар болгон.

Бул үч шакирти өздөрүнүн устазы Абу Ханифа берген фатвалар менен гана чектелбестен, устазынын кээ бир маселелерин толукташкан, жана керек болсо айрым маселелерде устазынын пикирине макул болушпай, күчтүрөөк далил бар жерлерде устазына каршы келишкен.

🌐 Ханафи мазхабы таркалган жерлер: Куфа, Багдад, Египет, Шам, Тунис, Алжир, Йемен, Индия, Иран, Кытай, Бухара, Самарканд, Афганистан, Кавказ, Чыгыш жана Батыш Туркестан.

Колдонулган булак: http://shamela.ws/index.php/author/602

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий