«Абу Ханифа — ахлю-с-суннанын чоң аалымы» — Шейх Фаузан

Шейх Солих аль-Фаузан Имам Абу Ханифаны сөккөндөр тууралуу айтты:
? Аллахтан саламатчылык тилейбиз!

(Ким Абу Ханифаны сөксө) алар илимсиз-наадандар же аларда адашуу бар!

Имам Абу Ханифа ахлу суннанын чон имамдарынан. Керек болсо ал сахаба-табаиндерден кийин келген ахли суннанын эн эски имамдарынын бири. Ал төрт чоң имамдын эң эскиси. Ал илимди табаиндерден алган. Сахабалардан алган деп да айтылат. Ал табаин болгон же табаиндерди ээрчүүчүлөрдөн (табатабаин) болгон.

Ал Исламдагы эң алгачкы доордун адамы. Анда фикх, ибадат, такыбачылык болгон.

[Ага тил тийгизүү] болбойт! Ал Ахли суннанын имамдарынан. Ким Ахли-с-Суннанын имамдарына тил тийгизсе – мусулмандарга тил тийгизген болот. Мындай кылуу болбойт!

Биз айтпайбыз, анын каталары жок деп, каталарды моюнга алуу керек. Бирок, Кудайга шугур, анын акыйдасы (ишеними) туура, манхажы (жолу) туура болгон.

Анын кээ бир маселелерде, ижтихад себептүү, ката кетиргени [тууралуу айтсак], пайгамбарыбыз ﷺ айтты: “ Эгер казы аракет (ижтихад) кылып, туура чечим кабыл алса – ага эки сооп; ал эми аракет (ижтихад) кылып, бирок чечими ката чыкса – ага бир сооп”. [Мужтахид аалымдар үчүн] ката кечирилет.

Ислам имамдарынын бирине тил тийгизсең – мейли ал Абу Ханифа же башкасы болсун – Исламга тил тийгизген болосуң. Ооба.

https://www.youtube.com/watch?v=mlXFFuIsfFY
© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий