Коркуу. Аллахтан коркуу, макулуктан коркуу (Таухид китебинен)

№32 бап (бөлүм): Коркуу тууралуу

? Шейх Мухаммад Ибн Сулейман ат-Тамими

КИТАБ АТ-ТАУХИД
(таухид китеби)

? Аллах Таала айтты:

«Бул бир гана Шайтан. Ал [силерди] өзүнүн достору [менен] коркутуп жатат. Алардан коркпогула, Менден корккула – эгер силер момун болсоңор» (Куран, Али Имран 3:175)
?Аллах Таала айтты:

«Чынында, Аллахтын мечиттерин – Аллахка, Акырет күнүнө ишенген, намаз окуп, зекет берген жана Аллахтан башка эч кимден коркпогон адамдар курушат [жана абат кылышат]. Дал ушул адамдар Туура Жол табуучулардан» (Куран, ат-Тауба 9:18)
? Аллах Таала айтты:

«Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөр “Аллахка ыйман келтирдик”-дешет. Бирок, Аллах[тын дини үчүн] бир кыйынчылыкка жолугуп калчу болсо, адамдардын сыноосун Аллахтын азабындай кабыл алат» (Куран, аль-Анкабут 29:10)

? Коркуу тууралуу хадистер

? Абу Саъид айтты, ага Пайгамбарыбыз (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты дейт:

«Ишенимиңдин алсыздыгы[нын кээ бир белгилери] – сен Аллахтын каарын келтирип адамдарды ыраазы кылганың; Аллахтын ырыскысы үчүн аларды мактаганың; Аллах сага бербеген нерсе үчүн аларды жамандаганың. Чындыгында, каалоочунун катуу каалосу Аллахтын ырыскысын алып келбейт, ал эми жек көрүүчүнүн жек көрүүсү аны кетирип салбайт»

? (аль-Байхаки “Шуъаб аль-Ийман”: 207; Абу Наъим «аль-Хилйа»: 5/106)
? Айша (радияЛлооху анха) риваят кылат, Аллахтын Элчиси (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты дейт:

«Ким Аллахтын ыраазычылыгын издеп адамдарды нааразы кылса – Аллах андан ыраазы болот жана адамдарды андан ыраазы кылат. Ал эми ким адамдардын ыраазычылыгын издеп Аллахты нааразы кылса – Аллах ага нааразы болот жана адамдарды ага нааразы кылдырат»

? (Ибн Хиббан: 1541; ат-Тирмизи: 276. Шейх Альбани хадистин сахихтигин тастыктады)
══════ ❁✿❁ ══════

Сабакта каралган маселелер:
1) Али Имран сүрөсүнүн тафсири
2) ат-Тауба сүрөсүнүн тафсири
3) аль-Анкабут сүрөсүнүн тафсири
4) Ыйман ишеним – йакын – [кээде] алсыздайт жана [кээде] күчөйт.
5) Алсыз ишенимдин белгилери бар. Хадисти ошол белгилердин үчөө айтылды.
6) Аллахтан гана коркуу, Аллахтан башка эч кимден коркпоо парз экендиги.
7) Ошол нерсени кылган адамдын сообу.
8) Ошол нерсени калтырган адамдын жазасы.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий