Тамак адеби

Сүннөттө келген тамак адеби, тамак дуасы, тамактануу эрежелери.

1⃣ Береке тилөө. Хадис: «Кимге Аллах тамак берген болсо айтсын «О, Аллах, бул нерседе бизге береке бер жана мындан жакшысы менен бизди тамактандыр»» ? (ат-Тирмизи)

? (Аллахумма баарик лянаа фиихи ва атъимнаа хойрон минху)

2⃣ Бисмиллях деп айтуу. Хадис: «Силердин бирөөңөр тамак жесеңер «бисмиллях» десин. Эгер башында унутуп калган болсо «Аллахтын аты менен башында жана аягында» десин» ? (ат-Тирмизи)

? (Бисмилляхи фии аввалихи ва аахырихи)

3⃣ Оң кол менен жеш. Хадис: «Эч кимиңер сол колу менен жеп-ичпесин. Чындыгында шайтан сол колу менен жеп-ичет» ? (Муслим)

Шариатта айтылган тамак ичуу адеби
4⃣ Алдыда турган тамактан жеш. Хадис: «О, бала! Аллахтын ысымын ата, оң кол менен алдыңдагыны же» ? (аль-Бухари)

 

5⃣ Үч манжа менен жеш. Каъб ибн Малик айтты: “Аллахтын элчиси ﷺ үч манжасы менен жейт эле жана колун сүртөөр алдын аны жалайт эле” ? (Муслим)

 

6⃣ Түшүп калган үзүмдү жеп коюу. Хадис: “Эгер бирөөңөрдөн тамактын үзүмү түшүп калса – аны тазалап, жеп койсун, аны шайтанга таштабасын” ? (Муслим)

 

7⃣ Жөлөнүп алып жебөө. Хадис: “Мен жөлөнүп алып тамак жебейм” ? (аль-Бухари)

 

8⃣ Тамактын айыбын айтпоо. Хадис: “Аллахтын элчиси ﷺ тамакты эч качан айыптачу эмес. Бир нерсе жакса аны жечү, ал эми жакпаса [унчукпастан] таштап койчу” ? (Муслим)

 

9⃣ Тамактан кийин “аль-Хамду лиллях” деп айтуу. Хадис: “Бир нерсе жеген соң Аллахты мактап турган пендеден Аллах ыраазы болот” ? (Муслим)

Шариатта айтылган тамак ичуу адеби

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий