Тобокел (таваккуль) кылуу — Таухид китеби.

33-бап (глава): Таваккуль – Аллахка тобокел кылуу

(«Китаб ат-Таухид» китебинен)

Тобокел тууралуу аяттар

? Аллах Таала айтты:
«Аллахка гана тобокел кылгыла – эгер силер [чыныгы] момун мусулман болсоңор» (Куран, аль-Маида 5:23)

Аллах Таала айтты:
? «Чынында, ыймандуу адамдарга Аллах эскерилгенде – жүрөктөрү коркууга түшөт; ал эми аяттары окулганда – ал аяттар алардын ыймандарын көбөйтөт; жана алар Раббисине гана тобокел кылышат» (Куран, аль-Анфаль 8:2)

? Аллах Таала айтты:
«О, Пайгамбар! Сага жана сени ээрчиген момун мусулмандарга Аллах Өзү жетиштүү» (Куран, аль-Анфаль 8:64)

? Аллах Таала айтты:
«Ким Аллахка тобокел кылса – Ал Өзү ага жетиштүү» (Куран, ат-Талак 65:3)

 

Тобокел тууралуу хадис-асарлар

? Ибн Аббас айтты:
“ХасбунаЛлооху ва ниъма-ль-Вакииль” (Бизге Аллах жетиштүү жана Ал эң жакшы Таянылуучу Зат, Камкөрүүчү) —
бул сөздөрдү Ибрахим (алейхис-салям) отко ыргытылганда айтты,
ошондой эле Мухаммад (соллаЛлооху алейхи ва саллям) пайгамбар айтты, качан ага «“Адамдар (мушриктер) силерге каршы [чоң күч топтоп алып] чогулушту, алардан корккула!” дешкенде. [Бирок] бул нерсе алардын ыйманын көбөйттү жана айтышты “ХасбунаЛлооху ва ниъма-ль-Вакииль”» (3:173) ? (аль-Бухари: 4563)

══════ ❁✿❁ ══════

Сабакта каралган маселелер:

1. Тобокел – Аллах [бизге буюрган] парз-милдеттердин бири.

2. Тобокел – ыймандын шарттарынын бири.

3. аль-Анфаль сүрөсүнүн башындагы аятынын тафсири (түшүндүрмөсү).

4. аль-Анфаль сүрөсүнүн аягындагы аятынын тафсири.

5. ат-Талак сүрөсүндөгү аяттын тафсири.

6. “ХасбунаЛлооху ва ниъма-ль-Вакииль” келимесинин улуу даражасы. Бул – Ибрахим (алейхис-салям) жана Мухаммад (соллаЛлооху алейхи ва саллям) пайгамбарлардын кыйынчылык келгенде айткан сөзү.

 

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий