Сакал коюу тууралуу Шариат эмне дейт?

СУРОО. Жаакка чыккан түктөрдү алуу болобу? Сакалды кыркуу өкүмү кандай? Сакал кыскартуунун өкүмү сакалды кыргандай эле болобу?


ЖООП. Шейх Ибн Баз айтты:

Сакал – Аллахтын эркекке берген керемети. Аллах эркекке сакалды ал аялдардан айырмаланып турсун деп берди. Ошондой эле каапырлардан жана сакалын кырып жүргөн фасыктардан айырмаланып турсун деп берди. Сакал – эркектердин көркү, жүздүн нуру, аялдардан айырмасы.

Ошондуктан, эркекке сакыл кыруу же кыскартуу болбойт.

Жаагындагы, ээгиндеги түктөрдү кырбасын, себеби сакал бул ээк жана жаакка чыккан чачтар, б.а. ээк жана жаакка чыккан түктөр “сакал” делет. Ошондой эле астынкы эриндин төмөн жагында өскөн түктөр сакалга кирет, аларды да кыруу же кыскартуу болбойт. Сакалды сыйлоо керек, кое берүү жана өстүрүү керек.


?
Себеби Пайгамбар ﷺ сакалды кое берүүгө, ал эми мурутту кыскартууга буюрган.

Сакал тууралуу хадистер

*Мушриктерге карама-каршы келгиле: мурутуңарды кыскарткыла да, сакалыңарды кое бергиле (аъфуу)* (Бухари: 5892; Муслим: 259)

*Мурутуңарды тегиздегиле, сакалыңарды кое бергиле (архуу), отпарастарга карама-каршы келгиле* (Муслим: 260) хадистин риваятында *…сакалыңарды көбөйткүлө (ваффируу)* деп келет.

Мусулман пендесине сакалды өстүрүү парз болот, ал эми аны тегиздөө же кыскартуу арам иш. Эркек сакалы жок жүрүп өзүнүн карындашына же кызына же эжесине же энесине же каапырларга же фасыктарга окшошуусунан ыраазы болбосун.

Чыныгы эркектердин сыпатына келгиче, чыныгы эркектин бетине окшошкончо сакалын кое берсин, сакалына кызмат кылсын. Сакалын кырып, мурутун чубалткан мушриктерге-отпарастарга окшошуудан алыс болсун.


Мурут – кыскартылат, тегизделет. Сакал – кое берилет, өстүрүлөт. Ушундай кылуу шариат. Ушундай кылуу милдет.

 

“Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитеттин” төрөгасы,
Сауд Аравиясынын муфтийи,
раматылык Шейх Абдулазиз ибн Баз

? Булак: http://www.binbaz.org.sa/node/4287

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий