АстроЛогия — жылдыздар менен төлгө ачуу (Таухид Китебинен)

? Жылдыздар аркылуу төлгө кылуу (астрология)


?
 Китаб ат-Таухид

(Мухаммад ибн Сулайман ат-Тамими)


2⃣
9⃣ — бап (глава): Жылдыздар аркылуу төлгө ачуу (астрология)

 

“Сахих” Бухариде келтирилет, Катада айтты:

«Аллах Таала бул жылдыздарды үч нерсе үчүн гана жараткан:
1⃣ 
асмандын кооздугу үчүн,
2⃣
шайтандарды уруу үчүн жана
3⃣ 
мусапырларга сапарында белги болуулары үчүн.
Ким бул үч нерседен башка нерсе үчүн жылдыздар жаралган деп эсептесе – ката кетирген болот, [диндеги] өз насибин жоготкон болот жана илими болбогон нерсеге киришкен болот» (Бухари: 614, муъалляк)


Катада айдын фазаларын үйрөнүүнү жаман иш деп билген, жана ал нерсени Ибн Уйейна да уруксат берген эмес” – деп Харб билдирет.


Ал эми Ахмад жана Исхак фазаларды үйрөнүүнү уруксат дешкен [ажылыкты аныктоо, рамазандын киришин билүү ж.б. диний жана дүйнөлүк пайдалары үчүн гана. Бирок төлгө ачуу үчүн эмес.]


?
Абу Мусадан риваят, Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты: “Үч адам Бейишке кирбейт: аракеч адам, туугандык мамилелерди үзгөн киши жана сыйкырга ишенген адам
?
(Ахмад: 4/399; Ибн Хиббан: 1380, 1381)

══════ ❁✿❁ ══════

Темада каралган маселелер:

1. Жылдыздардын жаралуу максаты.

2. Мындан тышкары башка максат бар дегендердин сөзү орундуу эмес экендиги.

3. Асман телолорунун фазаларын изилдөөдө аалымдардын арасында кайчы пикирлер бар экендиги.

4. Жалган экенин билсе дагы, сыйкырдын бир нерсесине ишенген адамга карата коркутуу.

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий