Аллахтын амалкөйлүгү’нөн бейкапар болуу

34-бап (глава): Аллахтын амалкөйлүгү’нөн бейкапар болуу

⚡ Аллах Тааланын сөзү: «Алар Аллахтын амалкөйлүгү’нөн ток көңүл болушту беле? Аллахтын амалкөйлүгүнөн зыян тартуучу коом гана ток көңүл болот» (Куран, аль-Аъроф 7:99)

Аллахтын мээриминен үмүт үзүү

?Аллах Таала айтты:

«Ал айтты: “Раббисинин ырайымынан адашкан адамдардан башка ким үмүтсүз болмок эле?!”» (Куран, аль-Хижр 15:56)
? Ибн Аббас айтат:

«Аллахтын элчиси (соллаЛлооху алейхи ва саллям) чоң күнөөлөр тууралуу суралганда айтты: “Аллахка ширк кылуу, Аллахтын мээриминен үмүт үзүү, Аллахтын амалкөйлүгүнөн ток көңүл болуу”» ? (аль-Баззар “Кашф ас-Астар”: 106; Шейх Альбани хадисти хасан деди “Сахих аль-Жамиъ”: 4603)
? Ибн Масуд айтты:

«Эң чоң күнөөлөр: Аллахка шерик кошуу, Аллахтын амалкөйлүгүнөн ток көңүл болуу, Аллахтын мээриминен үмүт үзүү» ? (ат-Табарани: 9/156)

 

══════ ❁✿❁ ══════

Темада каралган маселелер:

1. Аъроф сүрөсүндөгү аяттын тафсири

2. Хижр сүрөсүндөгү аяттын тафсири

3. Аллахтын амалкөйлүгүнөн ток көңүл болгондорго катуу эскертүү

4. Аллахтын мээриминен үмүт үзгөндөргө катуу эскертүү

Булак:
Мухаммад ибн Сулейман ат-Тамими «Китаб ат-Таухид» (Таухид Китеби)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...

Добавить комментарий