Телеграм — жаңы мессенджер. Вотсапка караганда көптөгөн өзгөчүлүктөрү бар. Бир гана кемчилиги — бирок бул нерсени жеңил эле оңдоп койсо болот — орнотууда орус тилинин жоктугу. Телеграмды руссификациялоо үчүн эмне кылуу керек экенин карап көрөлү?
Android үчүн Телеграмды руссификациялоо
Андроид телефондорундагы Телеграмды орус тилине которуу үчүн:
- Издөө аткарылчу жерге (төбөдөгү оң жактагы лупанын иконкасы) telerobot деп жазаcыз, натыйжада Робот Антон чыгыш керек:
- Ошол Робот Антон дегендин ичине кирип Locale Android деп жазып, аны жиберүү керек. Натыйжада ал сизге жооп кылып Russian.xml деген файл жиберет:
- Russian.xml файлы азырынча сиздин телефонго жүктөлө элек. Аны жүктөш үчүн — ылдый карап турган стрелканы басыңыз. Стрелканын сүрөтү скрепкага же файлдын сүрөтүнө айланып калат.
. - локализация файлы жүктөлгөн соң анын оң жагындагы вертикалдуу үч чекитти басыңыз. Ал жерден Apply localization file дегенди тандайсыз:
- Ал жерден «Русский» деп орусча тилди тандайсыз. Мына эми сиздин телеграм орусчаланып калды!
iPhone/iPad үчүн Телеграмды руссификациялоо
Телеграм iOS үчүн орусчалоо Андроид сыяктуу эле, бир гана айырмасы Робот Антонго Locale Android деп эмес, бирок locale ios деп жазуу керек болот.
© ИсламЖолу