Валентин күнү

? Эмне үчүн момун мусулмандар “ыйык” Валентин күнү’н майрамдашпайт?

Майрамдын артынан майрам… Валентин күнү да эми майрамбы?

Жыл өткөн сайын бул күн да өзгөчөлөнүп, майрам болууга бара жатат, Аллах сактасын. Шаан-шөкөөттү жактагандар айтышат “майрам бул жакын достор, туугандар менен жолугушуунун себеби гана, анын эмнеси бар?” деп. Бирок, албетте жакындар менен жүз көрүшүү үчүн майрамдарды ойлоп табуунун кереги жок.

Чын-чынын караганда бул “себептердин” көбүн ичкен, бузукулукту самаган адамдар гана ойлоп табышат, анткени себеби жок ичкен кишини пиянкеч дешет, ал эми майрамдап ичип жаткан кишини жөн гана “эс алып” жатат дешет.

Андан тышкары сүйүү күнүнүн девизи менен канчалаган зына, аброй төгүлүүлөр, канча деген киши өлтүрүүлөр, зордуктоолор болот. Кыздар-балдар бир үйгө чогулушуп, таң аткыча мас ичимдиктерин ичишип, шайтандын жолуна түшүшөт. Арам байланыштын таттуулугун татып алган киши наркотик сымал андан айрыла албай, өмүр бою напсисине кул болуп калышы ыктымал.

Аль-Хамду лиЛлях, мусулмандар үчүн мындай мүшкүл жок.

❗Валентин куну бул ыйманга каршы келген христиандардын майрамы.

Сүйүү түшүнүгү Исламда бар – абалы сени жараткан, ырыскы берген, баккан Аллахты сүйүү; анан Анын элчиси Мухаммад пайгамбарды ﷺ сүйүү; андан соң башка бирөөнү Аллах үчүн сүйүү (Аллах сүйгөндү сүйүү) бар. Ал эми ата-энесине, аялына, балдарына сүйүү биринчи эки сүйүүдөн ашпаш керек. Мына ошондо баары өз ордунда болот.

〰〰〰〰〰〰〰〰〰〰〰〰〰

Валантин күнү тууралуу Шариат эмне дейт?

Шейхуль-Ислам Ибн Теймия айтты

“Алардын (мусулман эместердин) майрамдарына тиешелүү болгон нерселерде – тамагында, кийиминде, жуунуусунда, от жандырууларында – мусулмандар аларга окшошпоолору керек.

Ал [майрам] үчүн даам-тамак даярдоо, белек берүү, [майрамдоого] жардам берчү нерселерди сатуу, балдарды ошол майрамдарда болчу оюндарда ойнотуу, кооздонуп жасануу – уруксат эмес. Жалпысынан айтканда – алардын майрам белгиси болгон нерселеринин эч нерсесин кылуу болбойт.

Тескерисинче, алардын майрам күнүн мусулмандар кадимки жөнөкөй күндөй эле өткөзүшөт, эч бир өзгөчөлөшпөйт” (Мажмуъ аль-Фатава: 25/329)

Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин

? Шейх аль-Усеймин Сүйүү майрамын (ъид аль-хубб) белгилөө, ошол күндү өзгөчөлөп тосуу тууралуу суралганда жооп берет:

“Сүйүү күнү’н майрамдоо бир нече себептерден улам уруксат эмес:
1) ал – шариатта эч негизи жок бидаат майрам;
2) ал – ашыктык жана кумарданууга (никесиз мамилелерге, бузукулукка) алып барат;
3) ал – салаф солихиндердин (сахаба, табаин, табатабаин) жолуна каршы келген, жеңил ойлуу бекер иштер менен жүрөктү алагды кылат.

Бул күнү майрамдын белгисин көрсөткөн бир нерсе жасоо болбойт – өзгөчө тамак, ичимдик, кийим же белек ж.б.у.с. Мусулман өз дини менен сыймыктанышы, аны урматташы керек. Ар бир каркылдаган карганын артынан ээрчий берген өз пикири жок алсыз адам болбошу керек. Аллах Тааладан мусулмандарды фитнанын ачык-көмүскөсүнөн сактоосун жана бизди өзүнүн коргоосу менен жардамына алсын деп тилеп кетем. 5/11/1420-х. (10/02/2000-ж)”

(Мажмуъ аль-Фатава Ибн Усаймин: 16/124)

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...