Байлыгыңды эшекти мингендей минип кал, эгер сен аны минбесең, ал сени минет

Шейх Усейминдин (Аллахтын рахматы болсон) дүнүйө тууралуу айткан акыл насаат сөздөрү.

Анын сөздөрү бүгүнкү күндөгү адамдардын абалына аябай төп келет, кимде ким ушулардан ибаарат алса ал акылдуу адам.

Шейх Ибн аль-Усеймин (Аллахтын рахматы болсун) айтат:

Чынында адамдар канчалык дүнүйөнүн жыргалчылыгына көп баткан сайын – ошончолук көп жамандыкка учурашат.

Чындыгында дүнүйөнүн жыргалчылыгы инсанды талкалап бузат.

Эгер инсан дүнүйөнүн жыргалчылыгына гана назарын буруп, дене кумары тууралуу гана кам көрө турган болсо: жүрөгүнүн жыргалчылыгына (руханий азыкка) кайдыгер болуп, анын бүткүл камы курттарга жем болгон, сасып чирий турган денесин гана кумардантуу болуп калат.

Мына ушул нерсе бүгүнкү күндө адамдардын башына түшкөн балээ.. жана ушул нерсе (б.а. дене кумарына берилип, жүрөк кумарын унутуу) аларга чоң зыян берүүдө…

Ар бир киши төмөндөгүдөй сөздөрдү сүйлөп жүргөнүн көрөсүң. Муну сүйлөбөгөн киши калбаган сыяктуу:
* Биз кандай имаратта жашайбыз?
* Биз кандай машина айдайбыз?
* Биздин буюмдарыбыз кандай?
Жада калса шариат илимин талап кылган айрымдары – ошол илими аркылуу бир даражага же мансапка жетип жана ошол даража мансабын дүйнө кызыкчылыктарына колдонуш үчүн окушат. Инсан өтө олуттуу бир максат үчүн жаралганын унутуп калган сыяктуу. Чындыгында болсо, бул дүнүйө жана анын нээматтары – ошол максатка жеткирүүчү аспап гана болуп эсептелет…

Шейхуль-Ислам Ибн Теймия (Аллахтын рахматы болсун) айткан: “Адам эшекти минүү үчүн жана даараткананы кажетин бүтүрүү үчүн колдонгон сыяктуу – байлыгын ушинтип колдонушу керек”. Андыктан байлыкты эң чоң камың кылба! Сен байлыгыңды эшекти мингендей минип кал, эгер сен аны минбесең, ал сени минет. Ошонтип сенин камың дүнүйө гана болуп калат.

Ошол себептен биздин айтаарыбыз:
Адамдарга дүнүйө ачылып, алар ага назарларын бурган сайын – канчалык даражада дүнүйөдөн үмүт кылышса, ошончолук даражада акыреттен кур калышат.

Пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айтты:
“Аллахка ант, мен силер үчүн кедейликтен коркпоймун. Чындыгында мен силер үчүн корркон нерсем – дүнүйө силерге ачылганда, силерге чейинки коомдор [дүнүйө топтойм деп] бири бири менен жарышкандай, силер да бири-бириңер менен атаандашып, кийин [дүнүйө] аларды жок кылгандай силерди да жок кылабы деймин” (Бухари: 4015).

Пайгамбар (соллаЛлооху алейхи ва саллям) туура айтыптыр: дүнүйөгө болгон жарышуу адамдарды бүгүн курутууда. Алар дүнүйө үчүн, ал эми дүнүйө алар үчүн жаратылган сыяктуу. Алар (дүнүйө) үчүн жаралган нерсе менен алектенишет, бирок өздөрү эмне (ибаадат) үчүн  жаралган болсо аны таштап коюшат.

Аллах Тааладан бул нерседен бизди куткарууну сурайбыз!

Шейх Усейминдин (Аллахтын рахматы болсон)

(Шарх Рияд ас-Солихин: 17-кассета)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...