Аалымдардын насааттары

 

Ибн Коййим 

Садаканын пайдалары
Садака…
 Жаман өлүмдөн куткарат
 Балээлерди кетирет
 Күнөөлөрдү өчүрөт
 Мал-мүлктү сактайт
 Ырыскыны кеңейтет
 Жүрөккө сүйүнүч тартуулайт
 Аллахга болгон ишенимди курчутуп, Ал тууралуу жакшы ойдо болууга түртөт
 Шайтанды сындырат
 Напсини тазалап, (жакшылыкка) өстүрөт
 Аллахка жана адамдарга сүйкүмдүү кылат
 Бардык айып-кемчиликтерди жашырат
 Өмүрдү узартат
 Адамдардын жакшы дуаларына ээ кылдырат
 Өз ээсин көр азабынан куткарат
 Кыяматта өз ээсине көлөкө болуп берет
 Аллахтын алдында өз ээсине шапаат кылат
 Дүйнө жана Акыретин кыйынчылыктарын өз ээсине жеңилдетип берет

? ( ’Удда ас-Собирин: 304)

 

 

Хасан ал-Басрий :  

Такыба адамдардын белгилери:

• Чын сүйлөйт
• Келишимди аткарат
• Туугандарынан кол үзбөйт
• Алсыздарга мээримдүү болот
• Бой көтөрбөйт, текеберленбейт
• Жакшы иштерди кылууга умтулат
• Адамдарга өзүн көргөзүп көп мактанбайт
• Жакшы кулк мүнөздө болот
• Аллага жакындата турган иште адамдарга көкүрөгү кенен болот.   (Хиляту аль-Авлия: 1/270)

 
Дүйнө мүлкүңдөн эмнени кабырыңа алып кете аласың?

Ибн Саммаак

Дүйнөнү белек кылып колуңа алгын
Дагы ошондой дүйнөдөн бирди кошуп койнуңа кыскын
Жадагалса чыгыш менен батышты алгын.
Бирок ажал келип калганда колуңдагы эмне болот? ( “ас-Сияр: 8/33”)

 

Ибн аль-Каййим

“Эң чоң зулум жана наадандык – адамдардан өзүңө урмат, сый улуулукту талап кылып, ошол эле учурда жүрөгүңдө Аллахка болгон улуулук жана сый урматтын жоктугу” ( “аль-Фавааид”: 282)

 

 

Ибн аль-Жаузий

Амалды илим менен кылган кандай сонун нерсе!
Эң байкуштун байкушу — билген илимине амал кылбай жашоосун өткөргөн киши. Мына ушундай адам дүйнөнүн рахатынан да жана акыреттин көп жакышылыктарынан да кур калат.   ( «Сойд ал-Хатир»)

 

 

 Шейх Солих ал-Фаузан  

“Кыямат качан болот деп сураганыңда эч даанышмандык (пайда) жок. Ал эми эмне амал кылам жана кантип ал күнгө даярданам деп суроо чыныгы даанышмандык”
? (Минхату ар-Роббания 89- бет)

 

 

Ибн Усаймин

«Ким Аллахка болгон кайрылуусунда чынчыл болуп жана Ага жакшы күмөндө болсо – Аллах анын дуасын кабыл кылат»
(«Тафсир ал-Фатиха валь-Бакара: 3/231)

 

? www.islamjolu.kg
© ИсламЖолу

Share

You may also like...