Сетевой маркетинг болобу? — Фетва комитетинин жообу.

ПИРАМИДАЛЫК ЖЕ ТАРМАКТЫК МАРКЕТИНГ

СУРОО: Илимий изилдөөлөр жана фатва берүү боюнча туруктуу комитетке, «Бизнес» жана «Хибат аль-жазиира» сыяктуу пирамидалык же тармактык маркетинг компанияларынын иш-аракеттери жөнүндө көптөгөн суроолор келип түштү.

Анын мазмуну мындай: алардын жасаган иш-аракеттери – бир адамды товар же продукция сатып алууга көндүрүүдөн турат; анан ал да башкаларды сатып алууга көндүрүп, өз кезегинде, кийинкилер да башкаларды сатып алууга көндүрүүлөрү үчүн. Кошулгандардын катмары канчалык көбөйгөн сайын, «биринчиси» ошончолук көп — миңдеген риялдарга([1]) жеткен – комиссиялык пайызга([2]) ээ болот. Ар бир катталуучу өзүнөн кийинки адамды – эгерде артынан жаңы катталуучуларды мүчөлөрдүн тизмесине кошууга жетише алса ээ болушу мүмкүн болгон — чоң комиссиялар үчүн командага кошулууга көндүрөт. Муну пирамидалык же тармактык маркетинг деп айтып коюшат.

❗️ ЖООП:

Бардык мактоолор Аллахка таандык.

Комитет жогорудагы суроого төмөнкүчө жооп берди:

Албетте, соода-сатык мамилелеринин бул түрү арам. Анткени, бул мамиленин максаты товар эмес, комиссиялар эле. Ошого, товардын баасы бир нече жүздөн ашпаган эле учурда, комиссиялар болсо он миңдегенге жетет. Эгерде ар бир акылдуу адамга бул эки иш сунуш кылынса, ал комиссияларды тандайт. Ошол себептен, бул компаниялардын өз товарларын сатуу жана жарнамалоодогу негизги таянганы – бул кошулган адам алышы мүмкүн болгон ири көлөмдөгү комиссиялардын өлчөмүн бөлүп көрсөтүү жана аны товардын наркы болгон бираз гана сумманын ордуна оңбогондой чоң пайда табуу менен азгыруу болуп саналат. Ошентип, бул компаниялар тартуулап жаткан продукция болсо, ал болгону комиссиялар менен пайдаларды алуу үчүн жамынып жасалган нерсе жана шылтоо гана. Эми качан бул мамиленин акыйкаты ушул болуп жатса, ал шариятта бир нече себептерден улам арам болот:

Биринчиден: Бул мамиле өзүнө сүткорлуктун эки түрүн тең: (бир тарабын) «ашыкча алуу же сатуу сүткорлугун» (риба аль-фадль)([3]) жана «кечиктирүү сүткорлугун” (риба ан-насия)([4]) камтыйт. Компанияга катталган адам чоң суммадагы акча табуу үчүн бираз суммадагы акча төлөйт. Бул болсо (бир тарабын) кечиктирүү жана ашыкча алуу менен биргеликте акчаны акчага сатуу болуп саналат. Мына ушул ачык-айкын шарият текстери жана аалымдардын бир ооздон айткан сөздөрү (ижмааъ) менен арам кылынган сүткорлук болот. Ал эми, компания кардарга саткан товар болсо, ал болгону бул алмашуу (акчаны акчага сатуу) үчүн жасалган далдаа (жабуу) гана. Катталуучу үчүн анын өзү максат кылынбайт. Ошондуктан мындагы шарият өкүмүндө анын таасири жок.

Экинчиден: Бул мамиле шариятта арам кылынган «белгисиздикке» (гарар)([5]) кирет. Анткени, катталган адам талап кылынган сандагы мүчөлөрдү тарта алабы же жокпу билбейт. Пирамидалык же тармактык маркетинг канчалык уланып барбасын, ал сөзсүз токтой турган соңуна жетет. Ал эми, катталуучу пирамидага кошулган учурда өзүнүн анын жогорку катмарларынан болуп, пайда табышын, же төмөнкү катмарларынан болуп, зыян тартышын биле албайт. Чындыгында болсо, пирамиданын жогорусундагы бираз гана адамдардан башка көпчүлүк мүчөлөрү зыян тартышат. Демек, мындагы басымдуу ыктымал – бул зыян тартуу эле. Мына ушул белгисиздиктин акыйкаты, ал – басымдуулук кылганы көбүрөөк коркунучтуу болгон эки ыктымалдын арасында калуу. Муслим өзүнүн сахих хадистер жыйнагында риваят кылгандай, пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) белгисиздиктен (гарар) тыйган.

Үчүнчүдөн: Бул мамиледе элдердин акчаларын компаниялардын акысы жок жерден жегени камтылганы. Анткени, бул келишимден жалаң компания жана ал башкаларды алдоо максатында бергиси келген мүчөлөр гана пайда көрөт. Мына ушул Аллах Тааланын сөзүндө арам экенин билдирип ачык-айкын текст келген иш болуп эсептелет: «О, ыйман келтиргендер! Бири-бириңердин мал-мүлктөрүңөрдү арам жолдор менен жеп албагыла!» (Ниса сүрөсү: 29).

Төртүнчүдөн: Бул мамиледеги алдамчылык, көбүртүп-жабыртуу жана элдердин башын айландыруулардын бардыгы; чындыгында андай эмес болсо да, андагы товарды, мамиледен чындап максат кылынгандай кылып көрсөтүү жагынан, көпчүлүк учурда ишке ашпай турган ири көлөмдөгү комиссиялар менен азгыруу жагынан. Бул болсо шариятта арам кылынган алдамчылыкка кирет, пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) айтат: «Ким алдамчылык кылса, ал менден эмес». Хадисти Муслим сахих жыйнагында риваят кылган.

Жана дагы: «Сатуучу менен алуучу экөө качан ажырашканча (тарап кетишкенче) тандоого (соода келишимин бузуп же бышыктоого) акылуу. Эгерде экөө чынчыл болуп, ачык баяндашса, алардын соода-сатыктарына береке берилет. Ал эми, жалган айтып, жашырып коюшса, соода-сатыктарынын берекеси кетет» — деп айтат. Хадисти Бухарий жана Муслим риваят кылган.

Ал эми, бул мамиле кылуу далдалчылыктан (ортомчулук) деген сөз болсо, бул туура эмес. Анткени, далдалчылык (ортомчулук) — бул анын негизинде далдалчы (ортомчу) товарды сатканы үчүн акы алчу келишим. Ал эми, тармактык маркетингде болсо, компанияга катталган адамдын өзү товарды сатуу үчүн акы төлөйт. Ошондой эле, далдалчылыкта (ортомчулукта) чындап товарды сатуу максат болот. Тармактык маркетингде болсо тескерисинче, анын чыныгы максаты товарды эмес, комиссияларды сатуу. Ошол үчүн да, ага “катталган адам”, башкага “сата турган адамга” “сата турган бирөөгө” товарды сатат. Далдалчылык (ортомчулук) болсо тескерисинче, анда далдалчы (ортомчу) товарды чынында каалаган бирөөгө сатат. Эми эки иштин ортосундагы айырма ачык эле.

Ал эми, бул комиссиялар белек берүүгө кирет деген сөз болсо, бул да эч бир туура эмес. Кала берсе, туура делген күндө да, шариятта бардык белектерге эле уруксат бериле бербейт. Мисалы, карыз үчүн берилген белек сүткорлук болот. Ошол үчүн да, Абдуллах ибн Салаам, Абу Бурдага (ал экөөнөн Аллах ыраазы болсун): “Чындыгында, сен анда сүткорлук жайылган жердесиң. Эгерде сенин кимдир бирөөдө акың болсо (б.а. сага карыздар болсо), анан ал сага бир көтөрүм саман, же бир көтөрүм арпа, же бир көтөрүм чөп белек кылса да, аны алба, чындыгында, бул сүткорлук” — деп айткан. Муну Бухарий сахих жыйнагында риваят кылган.

Ошентип, белек шариятта ал үчүн кылынган себептин өкүмүн алат. Ошол үчүн, пайгамбар (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) «Бул силерге, а бул болсо мага белек кылынды» деп айтып келген зекет жыйноочуга кайрылып: “Сен атаң менен апаңдын үйүндө олтуруп, анан сага белек кылынабы же жокпу карап көрбөйт белең?!” — деп айткан. Хадисти Бухарий менен Муслим риваят кылышкан.

Эми бул комиссиялар болсо, болгону тармактык маркетингке кошулганы үчүн гана болуп атат. Ошого алар кандай деп аталбасын, мейли белек, же тартуу, же андан башка деп, бул анын акыйкаты менен өкүмүнүн эч нерсесин өзгөртпөйт.

Дагы айта кетүү жөндүү нерсе, базарда “Смартс Уей” компаниясы, “Голд Куест” компаниясы, “Севен даймонд” компаниясы сыяктуу иш-аракеттеринде пирамидалык же тармактык маркетинг жолун карманган компаниялар чыккан. Булар жогоруда эскерилген компаниялардын кээ бирлеринен сунуш кылган продукцияларында айырмаланса да, бирок өкүмдөрүндө айырмаланбайт.

Аллах баарыбызга ийгилик берсин.

Пайгамбарыбыз Мухаммадка, анын үй-бүлөсүнө жана жолдошторуна салам жана салаваттар болсун.

Илимий изилдөөлөр жана фатва берүү боюнча туруктуу комитет; фатва №22935, 14/03/1425-х.ж. (03/05/2004):

Төрага: Абдулазиз Али Шейх

Мүчө: Салих аль-Фаузан

Мүчө: Абдуллах ибн Гудаййан

Мүчө: Абдуллах аль-Мутлак

Мүчө: Абдуллах ибн Али ар-Рукбан

Мүчө: Ахмад ибн Али Сайр аль-Мубаракий

Которгон: “Сүннөткө багыт” каналы

[1]          Риял (SAR): Сауд Араб Падышалыгынын акча бирдиги.

[2]          “Көп баскычтуу маркетинг” системасында катталуучу өзүнүн жана артынан катталган адамдардын сатыгынан алуучу үлүш акы. Муну “комиссия”, “комиссиялык пайыз”, “сыйлык”, “сый акы”, ж.б.у.с. деп аташат.

[3]          Риба аль-фадль: Ашыкча алуу же сатуу сүткорлугу; Бул сүткорлук жүрүүчү товарлардын “эки тарабы бирдей өлчөмдө сатылышы шарт болгон түрлөрүн” сатып-алмашууда өлчөмдөрүндө айырма менен, б.а. бир тарабын экинчисинен ашыкча өлчөмдө кылып алуу же берүү. М, алтынды алтынга, күмүштү күмүшкө, кагаз акчаны кагаз акчага, арпаны арпага сатканда бир тарабын ашыкча кылып сатуу сыяктуу.

[4]          Риба ан-насия: Кечиктирүү сүткорлугу; Бул сүткорлук жүрүүчү товарлардын “колмо-кол алмашуу шарт болгон түрлөрүн” сатып-алмашууда кечиктирүү менен, б.а. бир тарабын соодалашкан жерде колго бербей, кийинкиге калтыруу. М, алтынды күмүшкө, арпаны курмага сатууда, бирөөсүн соодалашкан жерде бербей, кийинкиге калтыруу сыяктуу.

[5]          Гарар – бул иштин акыбети, натыйжасы жана эмне менен аякташы белгисиз болуусу.


Сетевой маркетинг — фетва

С именем Аллаха Милостивого, Милосердного

Фатва Постоянного Комитета Королевства Саудовской Аравии относительно компаний «Бизнес» и «Хабба аль-Джазира» и других компаний, занимающихся сетевым маркетингом.

❓ Постоянному Комитету для научного исследования было представлено множество вопросов относительно работы компаний, занимающихся сетевым (пирамидным) маркетингом, наподобие компаний «Бизнес» и «Хабба аль-Джазира», которые, одним словом, занимаются тем, что убеждают какое-то лицо купить некий товар или продукцию, чтобы тот в будущем побуждал других людей к покупке этого товара или этой продукции.
Последние же в свою очередь также будут побуждать кого-то купить у них эту продукцию и т.д. И чем больше слоев, участвующих в этом, тем больше получает первый человек, и стоимость этого вознаграждения достигает тысячи реалов.
И каждый из членов побуждает того, кто после него, присоединиться к ним за вознаграждение, которое он может получить, если ему повезет в привлечении новых членов в список участников. И подобная операция называется Сетевым (Пирамидным) Маркетингом.

Хвала Аллаху.

❗️ Постоянный Комитет ответил на данный вопрос следующим образом:

❗️ Данный вид торговых операций запретен. И это потому, что целью такой операции являются деньги, а не товар.

Подобный заработок может достигать десятки тысяч, в то время как цена продукта не превышает нескольких сотен. И каждый разумный человек, если у него будет выбор, предпочтет деньги.

❕И поэтому эти компании основываются в маркетинге и рекламе своего товара на представлении огромных сумм наличных денег, которые может получить участник маркетинга и завлечении большим заработком взамен на покупку какого-то товара за скудную цену.

❕И поэтому продукт, который продает эта компания, является всего лишь прикрытием и путем, ведущим к получению денежной прибыли, и поскольку именно в этом состоит суть работы подобных торговых операций, то они являются запрещенными шариатом по ряду причин.

1⃣ Первое:

Это то, что они содержат в себе два вида ростовщичества – ростовщичество надбавки (риба аль-фадль) и ростовщичество отсрочки (риба ан-насия).

Тот, кто начинает работать с данной компанией, платит небольшую сумму денег в надежде получить сумму денег, больше той, что он заплатил, а это является операцией – деньги за деньги при этом с отсрочкой и надбавкой.
А это и есть ростовщичество, которое является запретным, исходя из текстов шариата и единогласного мнения всех исламских ученых. А тот товар, который продает компания, является лишь прикрытием для такого обмена и сам по себе не является целью для того, кто начинает работать с такой компанией, поэтому (факт наличия продажи товара) не играет никакой роли в вынесении постановления (относительно дозволенности или запретности сетевого маркетинга).

2⃣ Второе:

Это является неизвестностью (гъарар) — запрещенной шариатом.

Потому что человек не знает, удастся ли ему набрать необходимое число клиентов или нет. И вся эта операция сетевого, или пирамидного маркетинга, сколько бы ни существовала, все равно когда-то подойдет к своему концу, и человек, когда он присоединяется к этой пирамиде, не знает, где он окажется – в верхних слоях пирамиды и будет среди преуспевших, или в нижних слоях и понесет убыток.
И действительность говорит о том, что большинство слоев пирамиды – проигравшие, кроме малого количества людей на самой ее верхушке. Таким образом, подавляющее большинство оказываются в убытке. В этом и состоит суть неизвестности (гъарара), а это колебание между двумя вероятностями – либо все, либо ничего. И пророк, да благословит его Аллах и приветствует, запретил неизвестность, как это передает Муслим в своем сборнике.

3⃣ Третье:

То, что содержат в себе подобные операции, относится к категории поедания компаниями имущества людей не по праву — поскольку от такой сделки выигрывает только компания и те из компаньонов, кому эта компания пожелает дать что-либо, с целью обмануть остальных.
И относительно этого есть запрещающие тексты, а это слова Всевышнего: «О те, которые уверовали, не поедайте имущество друг друга не по праву» Ан-Ниса, 29.

4⃣ Четвертое:

То, что в этих операциях имеет место обман, подлог и запутывание людей.

Это с той стороны, что они выявляют продукт, как будто бы он является целью сделки, однако на самом деле все обстоит не так. А также то, что они обольщают людей большими суммами денег, которые на самом деле в большинстве случаев не достигаются. И это является обманом, запрещенным шариатом.
И сказал пророк, да благословит его Аллах и приветствует: «Кто обманывает, тот не имеет ко мне отношения». Этот хадис передает Муслим в своем сборнике.
Он, да благословит его Аллах и приветствует, также сказал:«Продавец и покупатель свободны в выборе, пока не разошлись, и если они оба будут правдивы и не будут ничего скрывать, то в их сделке будет баракат для них обоих, а если солгут и скроют, то будут лишены бараката в своей сделке».

Что касается слов, что такие сделки являются посредничеством, то это неверно — поскольку посредничество — это договор, где посредник сводит покупателя с продавцом за вознаграждение. Тогда как в сетевом маркетинге тот, кто вступает в такую компанию, сам платит деньги за то, чтобы продать товар.
Также, при посредничестве целью является именно сам продукт, в отличие от сетевого маркетинга, где истинной целью сделки является продажа денег, а не продукта. И поэтому получается, что тот, кто вступил в эту компанию, продает тому, кто продает тому, кто продает.
При посредничестве же посредник продает тому, кто действительно заинтересован именно в данном товаре. И разница между этими двумя случаями очевидна.

Что же касается слов, что деньги в данном случае из разряда подарка, то это также неверно. И даже если согласиться с этим, то не каждый подарок дозволен шариатом. Например, если сделать подарок тому, кому ты что-либо должен, является ростовщичеством.
И поэтому сказал Абдуллах бин Салям Абу Бурде, да будет доволен Аллах ими обоими: «Поистине, ты находишься на земле. И здесь распространено ростовщичество. И если кто-то что-то тебе должен и он подарил тебе пучок сена или горсть овса или соломы, то это будет ростовщичеством». Этот хадис приводит аль-Бухари в своем сборнике.
Подарок имеет такое же шариатское постановление, как и то, по причине чего он возник. И поэтому относительно сборщика закята, который пришел и сказал: «Это вам, а это мне подарили», пророк, да благословит его Аллах и приветствует, сказал: «Сидел бы ты в доме своих родителей, и тогда посмотрел бы, подарили бы тебе или нет». Этот хадис предали аль-Бухари и Муслим.
И эти деньги используются для того, чтобы люди вступали в компании сетевого маркетинга, и какими бы именами это ни называли, будь то подарок, презент, или как-то еще, то это нисколько не меняет сути и шариатского постановления относительно него.

❗️ И осталось заметить, что появились такие компании на рынке, которые использую стратегию сетевого маркетинга, как например, «Смартс Уэй», «Голд Куест», «Сэвен диамонд», и постановление относительно них не отличается от постановления относительно обсуждаемых выше компаний, даже если они и отличаются тем, какой продукт они представляют.

А успех от Аллаха, и да благословит Аллах и приветствует нашего пророка Мухаммада, его семью и сподвижников.

✏️ Муфтий-шейх Абдуль-Азиз Али Шейх
✏️ шейх Салих аль-Фаузан
✏️ шейх Абдуллах ибн Гъудаян
✏️ шейх Абдуллах аль-Мутлякъ
✏️ шейх Абдуллах ибн Али ар-Ракибан
✏️ шейх Ахмад ибн Али аль-Мубараки

📚 Постоянный Комитет Королевства Саудовской Аравии по научным исследованиям и вынесению фатауа.
Фатуа под номером № 22935, дата 14.3.1425 год по хиджре (3-Maй, 2004-г).

© ИсламЖолу

Share

You may also like...