Башка түшкөн балээ азаппы же сынообу?

СУРОО. Эгер адам кандайдыр бир оору менен, өзүнө же мал мүлкүнү тийген проблема менен сыналган болсо – ал кыйынчылык Аллах Таала тарабынын жиберилген сынообу же Аллахтын ал кишиге каардануусунун белгисиби – кантип билсе болот?

ЖООП. Көрүнүктүү аалым шейх Ибн Баз (Аллахтын ырайымы ага болсун) айтты:

Аллах Таала өзүнүн пенделерин бардарчылык жана жокчулук, кыйынчылык жана жеңилчилик менен сынап келет.

? Аллах Таала пайгамбарлар менен элчилерге (Аллахтын аларга салават-саламы болсун) жана солих пенделерге сыноо берип, ал аркылуу алардын даражаларын көтөрүп, элдин алдында аброй тартуулап жана соопторун көбөйткөндөй – башка адамдарга да ушундай максатта сыноо бериши мүмкүн. Пайгамбар (соллаЛлооху алейхи ва саллям) айткандай: “Сыноого эң көп туш болгондор бул – пайгамбарлар. Адан соң – алардан кийинки жакшылар. Андан соң – андан кийинки жакшылар” (Бухари: 5324).

?️ Кээде мындай нерселерди Аллах Таала пендесине – анын кылган күнөөсү үчүн жиберет. Ошондо ал балээлер [тиги дүйнөгө калтырылбай, бул дүйнөдөн эле берилген] эртелетилген жаза болуп эсептелет. Аллах Таала айткандай: “Силерге жеткен ар бир балээ-апаат өз кылмышыңар себептүү. Аллах көпчүлүктөн (күнөөсүн) кечирет”. (Куран, аш-Шуура 42:30).

Көбүн эсе инсан өз милдеттерин чала аткарат же такыр аткарбай коёт. Ошондуктан ага жеткен кыйынчылык – Аллахтын буйруктарына кош көңүл кылып, күнөө иш иштеген себептүү болот.

Ал эми эгер солих пенделердин бирөөсү ооруу ж.б. менен сыналган болсо – анда ал пайгамбарларга жана элчилерге келген сыноолордун бир түрүнө туш болуптур: андай сыноолорду Аллах Таала анын даражасын көтөрүү, сообүн көбөйтүү, жана ал киши сабырдуулукта башкаларга үлгү болуусу үчүн жиберет.

Жыйынтыктап айтканда:

⬅ Кээде балээ адамдын даражасын көтөрүү, сообун көбөйтүү үчүн болот. М: Аллах Таала мындай сыноо менен пайгамбарларды жана тандалган такыба пенделерин сынагандай.

⬅ Кээде балээ адамдын күнөөлөрү кечирилиши үчүн келет. Аллах Таала айткандай: “Ким жаман иш жасаса – ошонун жазасын алат” (Куран, ан-Ниса 4:123). Пайгамбар (соллаЛлооху алейхи ва саллям) айткандай: “Мусулманга чарчоо, оору-сыркоо, сарсанаа, капачылык, башкалардан ыза, кайгы жетпесин же керек болсо аны тикенек сайбасын – Аллах сөзсүз ал себептүү анын күнөөлөрүнөн бир нерселерди өчүрүп турат” (Бухари: 5318; Муслим: 2573). Дагы айтты: “Аллах кимге жакшылык кааласа сыноо жиберет” (Бухари)

⬅ Кээде балээ адамдын күнөөсү үчүн ага жаза катары, тооба кылууга шашпагандыгы катары келет. Пайгамбардан (соллаЛлооху алейхи ва саллям) келген хадистегидей: “Аллах Өз пендесине жакшылык кааласа – жазаны ал үчүн эртелетип, бул дүйнөдөн берет. Ал эми Өз пендесине жамандык кааласа – күнөөсүнүн жазасын Кыямат Күнүнө калтырып, [ошол күнү] толугу менен берет” (Тирмизи: 2398; хадисти хасан деп айткан)

 

? (Шейх Ибн Баз “Фатвалардын жыйнагы”: 4/370-371)

http://www.binbaz.org.sa/fatawa/115

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...