Ибадаттын кабыл болуусунун шарттары

 

1 – Ихлас, кененирээк айтканда, мусулман ибадаттын кандай гана түрүн кылбасын, аны жалгыз Аллахка гана арноосу керек, жана ал ибадаты менен бир гана Аллахтын ыраазылыгын көздөөсү зарыл. Ансыз эч бир ибадат кабыл болбойт.
Мисалы: бир адам элдер мени берешен, колу ачык деп айтышсын деген максатта садака кылса, ал кылган садакасы канчалык көп болсо да кабыл кылынбайт. Анткени, ал Алланын ыраазылыгын көздөгөн жок. Же бир адам, олуялардын арбагына арнап кан чыгарып (курмандык чалып) ибадат кылса, ал да кабыл болбойт, тескерисинче ширкке айланып, чоң күнөө жасаган болот.
Бул шартка далил: Аллах Таала айтты: “Алар бардык ибадаттарды калыс Аллах үчүн гана кылууга, андан (жалгыз Аллахка сыйынуудан) башка динден жүз бурууга, … буйрулушкан эле, жана дал ушул гана туура Дин!” (Баййина: 5)

 

2 – Шарият көрсөткөн жол менен гана аткарылуусу зарыл.
Тагыраак айтканда, ошол кылып жаткан ибадатына, шарияттан далил болуусу керек.
Мисалы: бир адам мен Аллахка көбүрөөк ибадат кылайын деп, Багымдат намазынын сүннөтүн, же парзын эки рекет эмес, төрт рекет кылып окуйм десе, ал адамдын ниети канчалык жакшы болбосун, ал намазы кабыл болбойт.
Бул шарттын далили: Пайгамбарыбыз (ага Алланын саламы жана салаваты болсун) айтат: “Ким биздин динибизде жок амалды жасаса — ал өзүнө кайтарылат (кабыл кылынбайт)”. (Хадис Муслим (1718)

Жогоруда эскерилген эки шарт, ибадаттын бардык түрүнө тиешелүү. Кайсыл бир ибадатта ушул эки шарттын бирөөсү гана жок болсо — анда ал ибадат кабыл болбойт!

 

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...