Ибадаттар кыйын болсо эмне кылыш керек?

Аллахты зикр кылуунун дагы бир чоң пайдасы: зикр ибадат кылууга күч кубат берет, ибадатты жеңил кылып берет.

Сен Аллахты көп зикр кылган сайын – ал нерсе – сен ибадатка “жетүүңө” себеп болуп, аны сага тездетип берет.

Мына бул киши Пайгамбарга ﷺ келди… Ал Шариатты “көтөрүүдөн” чарчап жаткан экен: ибадат, Ислам парздарын аткаруу ага кыйынчылык туудуруп жатыптыр.

[Ал айтты]: “Ислам дининин буйруктары мен үчүн көп болууда. Мага бир кеңеш беринизчи.”

Бул киши Пайгамбарга ﷺ келип “мага Исламдын милдеттемелери көп болууда” деп айтуусу менен ал эмнени көздөп жатты эле?

Ал киши – амалдардын бир бөлүгүн [ПАРЗ КЫЛБАЙ], “жеңилдетип” берүүсүн кааладыбы? Же болбосо кылып жаткан ибадаттарды ЖЕҢИЛ АТКАРУУГА ЖАРДАМ БЕРЕ ТУРГАН бир нерсени сурагысы келдиби?

М: “мага көп болууда” дегенинде, Пайгамбар ﷺ ага “макул анда айрым намаздарды окубай эле койсоң болот”, “Рамазандын бир бөлүгүн кармабай эле койсоң болот” деп айтуусун кааладыбы? Ибадаттын бир бөлүгүн ал үчүн милдет кылбай “жеңилдетип” берүүсүн кааладыбы?

Жооп: жок, ал киши кылып жаткан ибадаттарды аткарууну ЖЕҢИЛ КЫЛЫП БЕРГЕН бир нерсе каалаган эле!

Ошондо ал кишиге көп зикр кылууга кеңеш берди.

Айтты: “Аллахты эстөө менен тилиң дайым ным болуп турсун”. Мааниси: Сен зикирди көбөйтсөң – намазды аткаруу, орозо тутуу, ж.б. бардык сооптуу иштер сага жеңил болуп калат.

СубхаанАллаах! Аллахты зикр кылуунун чоң бир пайдасы: зикр – ибадатты аткарууну жеңил кылып бергенинде

Кээ бир адамдар үчүн ибадат кылуу аябай оор болот. Качан азан чакырылса ал намазга барат, бирок ага оор сезилет.

Ушул жерден байкасаңар: намаз оор болот – мунафиктерге (эки жүздүүлөргө). Аллах аларды сыпаттап айтты: “алар Аллахты аз гана зикр кылышат” (4:142).

Намаз алар үчүн оор. Мунафиктер үчүн эң оор намаздар – куптан менен багымдат. Аябай оор! Кыйналып жатып араң турушат. Өтө оор алар үчүн. [Себеби] алар Аллахты аз зикр кылышат.

Бирок көп зикр кылган инсан – багымдат же башка намаз болобу – ал үчүн ошол нерсе жеңил сезилет.

Зикрдин пайдаларынын ичинен чоң бир пайдасы – мына ушул.

© ИсламЖолу

 

 

Share

You may also like...