Адамдар төрткө бөлүнөт.

Адамдарды төрт топко бөлгөн бир аят баяны

Аллах Таала айтты: “Биз тиги жактагы Акырет коргонун жер бетинде бузгунчулук жана текеберленүүнү каалабаган (момун) адамдар үчүн (насип) кылабыз. Акыбет такыба кишилер үчүн!” (Куран, аль-Касас 28:83).

? Шейхуль-Ислям Ибн Теймия (Аллах аны ырайымына алсын) айтты:

Адамдар төрт топко бөлүнөт:

1⃣   Башка адамдардан өйдө болууну (текебердикти) жана жердеги бузукулукту (күнөө кылууну) каалашат – алар: бузуку падышалар жана башчылар. М: Фараон жана анын тайпасы. Эң начар калк – ушулар!

2⃣  Бузуку иштерди (күнөөнү) кылууну каалашат, бирок текебирчиликти каалашпайт. М: уурулар, коомдун эң караңгы катмарынан чыккан кылмышкерлер.

3⃣ Текебирчиликти каалашат, бирок бузуку иштери жок. М: дин тутунуп, бирок ошол эле кезде ал аркылуу башка адамдардан өзүн өйдө кылууну көздөгөн адам.

4⃣ Бейиш ээлери — алар жер жүзүндө текебирчиликти да, бузукулукту дагы каалашпайт. Ошо менен эле бирге алар башка адамдарга караганда жогору болушу мүмкүн. Аллах Таала айткандай: “(О, момундар), алсыздык кылбагыла жана кайгырбагыла! Ыймандуу болсоңор эле, силер ЖОГОРУСУҢАР!” (Куран, Аалу Имраан 3:139).

Дагы айтат: “(О, момундар!) алсыздык кылбагыла жана силер БИЙИК БОЛУП турган абалыңарда (душманыңарды) тынчтыкка чакырбагыла! Аллах силер менен бирге! Жана Ал силердин (сооп) амалыңарды кемитпейт!» (Куран, Мухаммад 47:35). Жана айтты: «…УЛУУЛУК Аллахка, Анын элчисине жана ыйман келтиргендерге таандык…” (Куран, аль-Мунафикун 63:8).

 

Ибн Теймия жана Ибн аль-Каййимдан учкай сөздөрү:

? (Мажмуъ аль-Фатава: 28/392)

© ИсламЖолу

Share

You may also like...