Багымдат намазын каза кылгандар

Багымдатты атайылап уктап, күн чыккандан кийин окулган намаздын өкүмү

СУРОО. Жайында, түндөр кыска болгон кезде – кеч жатып уктабай жүрө бергендиктен жана кээ бир адамдар жамаат намазына кош көңүл мамиле кылгандыктан – багымдат намазын кечиктирип окуу көрүнүшү көбөйөт.

Андан да олуттуураак нерсе: кээ бир эркектер жана аялдар – бир күн эмес, бирок бир нече күндөп – багымдат намазын күн чыккандан кийин гана окуп жүрүшөт. Дайыма же көпчүлүк учурда ушинтип күн чыккандан кийин багымдат намазын окуунун өкүмү кандай?

Жада калса будильникти жумуш убактысына же сабак убактысына ылайыктап коюп, [күн чыккандан кийин] саат 6:30 же 7:00 туруп намазын окуйт. Ал үчүн бул кадимки көрүнүш болуп калгандай. Сиз аларга кандай насаат берет элеңиз?

Жана багымдат намазына бекем болуу үчүн эмне кылуу керек? Жана анын кандай пазилеттери бар? Аллах сиз аркылуу башкаларга пайда берген болсун!
ЖООП. Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усаймин айтты:

Менин аларга айтаар насаатым — Аллах Таалага такыбалык кылышсын — өздөрү үчүн жана үммөтүнүн келечеги үчүн. Себеби, Аллах Таала айткандай, күнөөлөр балээнин келишине себеп: “Силерге жеткен ар бир балээ-апаат өз кылмышыңар себептүү. Аллах көпчүлүктөн [күнөөсүн] кечирет” (Куран, аш-Шуура 42:30).

Эгер инсан арам иштерге барса, парз амалдарды аткарбаса — анын зыяны өзүнө гана эмес, бирок өзүнө жана башкаларга да тиет. Аллах Таала айтат: “Жана силердин араңардагы зулум (күнөө) кылгандардын өзүнө гана тийбей (бардыгыңарга тегиз тие) турган азаптан корккула! Аллахтын азабы катуу!”                     (Куран, аль-Анфааль 8:25).

Аларга берээр насаатым: эрте туруулары үчүн эрте жатып, эрте укташсын. Бул жогоруда айтылган маселенин бирден бир чечүү жолу – эрте туруш үчүн эрте жатышы керек. Ошондой эле күндүзү кичине уктоо  дагы түнкү уйкуларын толуктап, багымдат намазына турууга жакшы жардамын берет.

Ал эми кимде ким “багымдат намазын күн чыккан учурда гана окуйм” деп атайлап уктап алып, будильникти өзү турууну каалаган убакытка койгон болсо – ага айтаарым: анын намазы өзүнө кайтарылат, кабыл болбойт, Кыямат күнү ошол намазы менен бетке урулат, аны миң жолу окуса дагы.

Аллах Таала аны кабыл кылбайт. Аллах Тааланын сөзү ага далил: “Албетте, намаз момун адамдар үчүн өз убактысында окулуучу парыз болду” (Куран, ан-Нисаа 4:103). Ошондой эле Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) багымдат намазынын убактысын таң аткандан баштап күн чыкканга чейин деп белгилеген.

Эгер намазды атайлап күн чыкканга чейин кечиктирген болсо, анда ал Аллах жана Анын элчиси ﷺ буюрбаган ишти аткарыптыр, демек ал иши кайтарылат. Пайгамбардын ﷺ айтканы буга далил: “Кимде ким биздин буйругубуз болбогон амал аткарса – ал кайтарылат” (Муслим: 1718), б.а. кабыл болбойт.

Андыктан Аллах Тааладан коркуп, мүмкүнчүлүк барынча аракет кылуусу керек: эгер эркек киши болсо эрте туруп жамаатка барып намаз окуганга, аял киши болсо ал дагы намазын эртерээк окуганга. Бирок күн чыкканга чейин намазды кечиктирүүдө аял үчүн күнөө жок, бирок, эң абзели эртерээк окуганы. Ал эми эркек киши жамаат менен намаз окууга жетишиш үчүн эрте турушу керек.

Булак : http://binothaimeen.net/content/10261

© ИсламЖолу

Share

You may also like...