Эл башчыны кемсинткен адамды Аллах кемсинтет

Мухаммад Солих ал-Усеймин : 

“Абу Бакратадан келген хадисте мындай деп айтылат, Аллахтын элчиси (Аллахтын ага саламы жана салаваты болсун) айтты: “Кимде ким эл башчыны кемсинткен болсо — Аллах аны кемсинтет!” (Сахих Сунан ат-Тирмизи: 2224).

 

Эл башчыны кемсинтүүнүн ар кандай түрлөрү бар:

 

— Качан эл башчы бир нерсе буйруган болсо, анын буйругун мазактап “карасаң эми, бул эмне дегени?!” деп айтыш.

 

— Качан эл башчы бир иш кылса, ал ишке тиги адам макул эмес болсо “карасаң эми, бул эмне кылганы?!” деп айтышы.

 

Ушундай жолдор аркылуу, тиги адам, башчынын буйругун эл алдында кемсинткиси келет. Себеби падышанын буйругун эл алдында кемсинтсе – анын аброю эл алдында түшүп, кийин адамдар анын буйруктарын аткарбай, тыйганынан тыйылбай калышат.

 

Мына ошондуктан, падышаны кемсинтиш үчүн анын айыптарын калк арасында жайып, аны жамандап жүргөн кишини – Аллах Таала ошол кылган иши себептүү өзүн кемсинтип коёт.

 

Ошондуктан эгер ал эл башчыны ушинтип кемсинткен болсо – элдер падышага каршы чыгышып, анын сөзүн угушпай калышса – тиги киши ошол жамандыктын башаты болгон үчүн Аллах анын өзүн кемсинтет.

 

Аллах Таала аны бул дүйнөдө шерменде кылышы мүмкүн – анда кылган күнөөсүнүн жазасын алган болот. Ал эми бул дүйнөдөн аны шерменде кылбаса – анда Аллах Таала аны Кыямат Күнү шерменде кылуусуна татыктуу адам болот. Мындан Аллах сактасын!

 

Себеби Расулаллахтын (Аллахтын ага саламы жана салаваты болсун) сөзү акыйкат! “Кимде ким эл башчыны кемсинткен болсо — аны Аллах кемсинтет!”.

 

[Демек, мунун тескериси] — кимде ким эл башчыга жардам берген болсо — ага Аллах жардам берет. Себеби, ал жакшылык жана такыбачылык иште көмөк көрсөткөн үчүн.

 

Ошондуктан, эгер сен адамдарга падышага кандай мамиле кылуу керектигин баяндасаң, күнөө эмес иштерде падышага баш ийүүгө жардам берсең – бул нерседе өтө көп пайда бар, жакшылык жана такыбачылык иштеринде көмөктөшүү бар.

 

© ИсламЖолу

 

 

 

 

 

Share

You may also like...