Миллиондогон соопторго кантип жетсе болот?

Миллиондогон соопторго жеңил жетүү жолу – Шейх Абдурразак аль-Бадр

 

Пайгамбардын (ага Аллахтын саламы жана салаваты болсун) сөзүндө мындай деп келет: “Кимде ким мусулман эркек-аялдар үчүн истигфар кылса (кечирим сураса) – алардын ар бири үчүн Аллах ага сооп жазат” (Сахих аль-Жамиъ: 6026. Шейх Альбани хадисти хасан деди).

 

Карачы! Кимде ким мусулман эрек-аялдар үчүн истигфар кылса, алардын ар бири үчүн сооп алат.

 

Билесиңби, канчалаган сооптор жазылат – эгер сен дуа кылып жатканда бул сөздөрдү айтчу болсоң?

 

“Аллахумма-гфир лиль-муслимиина валь-муслимаат, валь-му’миниина валь-му’минаат, аль-ахйаа’ минхум валь-амваат”

 

Мааниси: (Аллахым! Мусулман эркектерди жана аялдарды, момун эркектерди жана аялдарды, алардын ичинен тирүүлөрүн жана өлгөндөрүн кечир)

 

Бир сапка жетпеген сөз.

 

Канча деген соопторго жетесиң?!  Эсепте: Адам атадан баштап, тээ Кыямат күнгө чейинки ар бир мусулман үчүн сага бир сооптон жазылса?!

 

Миллиондогон сооптор!

 

Сен дуа кылып, Аллахтан алар үчүн – Түз Жол, тууралык, жардам жана тауфик сурасаң, ар кандай фитналардан саламатта болушун Аллахтан тилесең; жана бул дуалар жүрөгүңдөн чыкса – бул, сенин жүрөгүң жана ички дүйнөң мусулман бир туугандарыңа карата ТАЗА экенин далилдейт.

 

Ибрахим пайгамбардын дуасы:

 

“О, биздин Рабби! Эсеп күнү келгенде, менин, ата-энемдин жана (жалпы) ыймандуу адамдардын күнөөсүн кечир!” (Куран, Ибрахим сүрөсү 14:41)

 

 

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...