Рагаиб намазы барбы?

Рагаиб намазы

Ражаб айынын биринчи жума түнү окулчу намаз. Аны кээбирлер ойлоп таап, Исламга киргизип ташташты.

Имам ан-Навави, рахимахуллоху, айтты: «Бул көптөгөн туура эмес нерселер камтылган жаман бидаат. Ал бидаатты таштоо жана аны аткарып жаткандарды андан кайтаруу – парз болуп эсептелет».                          (“Фатава имаман-Навави”: 57)

 

Шейху-ль-Ислам Ибн Теймия, рахимахуллоху, айтты :  «Намаз-рагайиб – бул бардык аалым-имамдардын бирооздон пикири (ижма’) боюнча бидаат, себеби ал намазды аткаруу Аллахтын Элчиси ﷺтарабынан да, анын хулафа-рашидиндери тарабынан да буйрулган эмес. Дин имамдарынын бирөөсү да Малик, Аш-Шафи’и, Ахмад, Абу Ханифа, Ас-Саури, Аль-Ауза’и, Ал-Лейс ж.б. бул намаздын аткарылышына уруксат беришкен эмес. Ал эми рагаиб-намазы тууралуу келтирилген хадистер – бардык мухаддис аалымдарынын пикири боюнча — мауду’ (жалган, токулуп жазылган) болуп саналат»                     (“Мажму’ аль-фатава”: 23/134):

Ат-Тартуший бул бидаат кантип башталганын баяндайт: «Мага Абу Мухаммад аль-Макдиси кабарлады: “Ражаб жана Шаабан айларында аткарылчу Рагаиб намазы Байт аль-Макдисте (Йерусалимдеги аль-Акса мечити) такыр жок эле. Аны Байт аль-Макдиске Набилистен келген Ибн Абу Хамра аттуу Куранды жакшы окуган адам хижрий боюнча 448-жылы (григориан боюнча 1056-ж.) келгенде ойлоп табышкан. Шаъбандын ортосундагы түнкү намазды биринчи болуп ошол адам аткара баштаган… Ал эми Ражаб айындагы намазды болсо биринчи жолу аны биздеги Байт аль-Макдисте 480-жылдан (1087-ж.) кийин окуй башташты.”» (“Аль-хауадис уа аль-бида’”: 103).

Ошондой эле рагаиб-намазы динге киргизилген жаңылык экенин Ибн Аль-Жаузи, Абу аль-Хаттаб, Абу Шама, Ибн Раджаб, Абу аль-Фадль, Наср ж.б. өз эмгектеринде эскеришти.

Азыркы замандын эң көрүнүктүү аалымдарынын бири Мухаммад ибн Солих аль-‘Усеймин, рахимахуллоху, шейхтин Рагаиб тууралуу фетвасы:

Ражаб айындагы намаз же Ражаб орозосу тууралуу келген хадистердин бардыгы өтө алсыз (доиф жиддан), кээ бир уламалардын айтышы боюнча, алар мауду’, б.а. жалгандан Аллахтын Элчисине ﷺтиешелүү кылынган, ойлонуп токулган. Ошондуктан эч кимге бул хадистерге таянуу уруксат эмес. Ражаб айын намаз же орозо менен өзгөчөлөө эч кимге уруксат эмес. Себеби бул бидаат. Пайгамбар ﷺайтты: “Ар бир бидаат адашуу, ар бир адашуу Тозокто”.

Ал эми “Ражаб айы киргенде Пайгамбар ﷺ : Аллахумма барик ляна фи роджаб уа ша’бан уа баллигна ромадон (О, Аллахым, Ражаб менен Шаабанда бизге береке бер жана Рамазанга бизди жеткиз) – деп айтчу” аттуу хадис болсо – бир туугандарым, бул алсыз жана кабыл кылынбачу (мункар) хадис, бул нерсе Аллахтын Элчисинен ﷺэкени тастыкталган эмес. Ошондуктан бул дуаны кылуу болбойт, себеби сахих хадистерде келбеген.

Чындыгында, мен сиздерге акыйкатты баяндап айтып жатам:

Ражаб айынын биринчи жумасынын түнүндө аткарылчу атайын намаз жок, ошондой эле бул айдын биринчи күнү же башка күндөрүнө атайын орозо жок.

Аллах жана Анын расулу өзгөчөлөбөгөн убакытты же жерди башка бирөө өзгөчөлөгөн болбойт. Ошондуктан айтабыз “Биз Аллахка өзүбүз каалагандай, биз туура көргөндөй эмес, бирок Шариат айткандай гана сыйынабыз”. Дагы бизге “Уктук жана моюн сундук, Аллах буйруганды аткарабыз, Аллах тыйгандан тыйылабыз” деп айтуу парз. Аллах жана Анын Элчиси мыйзамдаштырбаган бир ибадатты өзүбүз өзүбүзгө мыйзамдаштырбайбыз.

О, мусулмандар! Чындыгында ДОИФ (алсыз) жана МАУДУ’ (Пайгамбарга ﷺжалгандан таңууланган) келген кабарларга караганда – Аллахтын Китебинде жана Аллахтын Элчисинен САХИХ айтылган сооп иштер бизге жетиштүүбү эмеспи?!

Чындыгында Аллахтын Шариатында бекитилген нерселер аркылуу адам Аллахка ибадат кылса – демек Аллахка илимдин негизинде, Анын сообун үмүт этип, Анын азабынан коркуп ибадат кылыптыр.

О, Аллахым, биз Сенден пайдалуу илим, солих амал тилейбиз, ошондой эле жакшы, кенен ырыскы, такыба урпак сурайбыз. О, аалымдардын Раббиси, пайдалуу нерсе үйрөт жана үйрөткөн нерсеңен бизге пайда бер. Илимибизге илим кош! О, ааламдардын Эгеси!

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...