Жаңы төрөлгөн балага шекер гели пайдалуу

? Жаңызеландиялык окумуштуулар тарабынан жакын арада жүргүзүлгөн изилдөөлөргө караганда – жаңы төрөлгөн балага гель (желе) түрүндөгү шекерди ооз көңдөйүнө сүртүү, ара (эрте) туулган баланын мээсин жабыркоодон сактоочу арзан жана эффективдүү ыкма экен. Тажрыйба 242 ымыркайга жасалган.
(http://www.bbc.com/news/health-24224206)

✅ Мындан 14 кылым мурун, Пайгамбар Мухаммедке (ага Аллахтын салават-саламдары болсун) жаңы төрөлгөн баланы көрсөтүшкөндө – ал курманы (финик) чайнап, курманын ширеси менен алдейдин таңдайын сүртчү. Бул сүннөт амал “Тахник” деп аталып, мусулмандарга илгертен эле белгилүү.

Тахник — жаңы төрөлгөн баланын таңдайын курманын ширеси менен сүртүү.

? Абу Муса аль-Ашари айтат: “Менин балам төрөлгөндө аны Пайгамбарга ﷺ алып келдим. Ал аны Ибрахим деп наамдап, бир даана курма менен ага тахник кылып, Аллахтан береке тилеп, кайта мага кайтарып берди” (Бухари: 6198; Муслим: 2145).

© ИсламЖолу

Share

You may also like...