Жумуш деп бала бакчага балдарды берүү тууралуу – Шейх Фаузан

Өзү тарбия менен алектене албагандыктын айынан бала бакчага балдарды берүү туурабы?  Бала бакчадагы (детсад) тарбия — жаш бала үчүн жетиштүүбү?

 

? Шейх Солих ибн Фаузан аль-Фаузан айтты:

Бүгүнкү күндө аялдар кызмат орундары, жумуштары, көңүл ачуулар менен алаксып балдарына көңүл бурбай калышты!

Аял киши балдарын “воспитатель” же “детсад” ж.б.у.с. нерселерге табыштап коюшат, ал эми алар балдарга мээримдүүлүк, боорукерлик көргөзүшпөйт.

Кантип ата-эне балдарын оңураак тарбиялабай, чоочун кызматчыларга жана тарбиялоочуларга таштап коюп — анан балдарынан жакшылык күтөт?!

Балдар ата-эне ким экенин билбей чоңойуп жатышат.

Тарбиялоочуну жана балабакчаны таанышат. Бирок ата-энеси ким экенин таанышпайт.

Кантип анан алар ата-энесине жакшылык кылышсын, эгер аларды тааныбаган болсо?

Ушуга көңүл бургула, Аллах силерге ийгилик берсин!

 

Telegram / FB / VK / Ok / Twitter

 

Share

You may also like...