Порнографиядан кутулуу жолдору

Уят кинолор жана сүрөттөр

 

 

СУРОО. Порнографиялык сүрөттөрдү жана фильмдерди көрүп жүргөн адамдарга кандай кеңеш берет элеңиз?

 

ЖООП. Шейх Сулейман ар-Рухейли айтты:

 

О Аллах, менин Роббим, Түбөлүк Тирүү жана Түбөлүк Туруучу! Асмандардын жана Жердин Жаратуучусу! О Аллах, анын жүрөгүнө шыпаа бер, о ааламдардын Роббиси! О Аллах, аны бул балээден арылткын!

 

Өзүмө жана биртуугандарыма берээр насаатым: көз – бул Аллах берген нээмат экенине билүүбүз.

 

Бул – Аллахтын бизге берген эң чоң нээматтарынан.

 

Ар бир секунд сайын кайталанып туруучу нээмат.

 

Ошол үчүн аны Аллахка моюн сунуу үчүн колдонуу керек.

 

Аны Аллах тыйуу салган күнөө иштерге колдонБоо керек.

 

Ошондой эле биз билишибиз керек, эгер адам Аллахтан берилген нээматтарды туура эмес күнөө иштерге пайдаланса – анын өзү калса дагы, ал Аллахтын  нээматы деп башка эсептелбей калат.

 

Экинчи айта кетчү нерсе, биз дайым  эстеп жүрушүбүз керек, Аллах Тааланын алдынды көзүбүз үчүн суралабыз!

 

Өзүңдүн бөлмөңдө жалгыз отуруп, эч ким жокто, ошол нерселерди көрүп жатсаң – эстегин, Аллахтын алдында аны көргөн үчүн жана көзүң үчүн жооп бересиң.

 

Силердин ар бириңер менен Аллах жекемек жеке сүйлөшөт, силер менен Анын ортосунда котормочу болбойт. Адам оң тарабын  карайт, ал жактан кылган  амалдарын гана  көрөт. Анан сол тарабын карайт, ал жактан кылган амалдарын гана көрөт. Анан алдын карайт, ал жактан Тозоктун отун гана көрөт.

 

Мына, бул нерселерди эстесин.

Үчүнчүдөн, Аллах  аны менен экенин эстесин. Аллах аны көрүп турат, угуп турат, билип турат. Аллах Өзүнүн көрүүсү, угуусу жана билүүсү менен ардайым аны менен.

Эгер сен жалгыз калып, бузуку кинолорду көрүп жатсаң… Мына азыр Аллах сени көрүп тураарын, сенин абалыңды билип тураарын эсте!

Ошондуrтан “Мен жалгызмын” деп айтпа! Бирок Аллах сени көрүп турганын өзүңө-өзүң эскерт.

Салаф солихиндердин бирөөсү тууралуу мындай окуя айтылат. Ал өзүнүн окуучуларынын арасынан бир окуучусун өзгөчө деп билчү экен. Башка окуучулары эмне үчүн аны өзгөчөлөгөндүгү тууралуу сурашканда, устазы аларга айтат: “Ар бириңер чымчык алгыла, жана аны  эч ким көрбөгөн жерден союп келгиле”.

 

Окуучулары тапшырма менен кетишип, кийинки күнү баардыгы чымчыктарын союп кайтышат, бир гана баягы баладан башкасы. Анан устаты ар биринен сурап баштайт: “ О баланча, сен эмне кылдың?”. Бири айтат, мен бул жакта сойдум, ал эми башкасы  тигил жакта.

 

Ал эми баягы балага кезек келип, “Эмнеге сен менин тапшырмамды аткарбадың?” – деп андан суралганда, ал: “Кайсыл жерге барбайын, Аллах мени көрүп тураарын мен билдим, ошол себептен эч ким көрбөгөн жер таба алган жокмун” – деп жооп берет.

 

Ошондо устаты айтты: “Мына ушул үчүн мен бул баланы жакшы көрөм”.

“Аллахтын алдында силердин эң урматтууңар – такыбалуураак болгонуңар” (49:13)

 

Мына ушуну, Аллах бизди дайым көрүп турганын эстеп жүрөлү.

 

Андан кийин, иним, билгин, убакыт өтүп жатат, Аллахка моюн сунуу мененби же күнөө кылуу мененби – бирок, убакыт өтуп жатат.

 

Аллах менен касам ичем, Аллахка моюн сунгандын убактысы да, күнөөкөрдүн убактысы да эч качан токтобойт.

 

Өзүңө эскертип тур, ошол бир нече мүнөттө сабыр кылып койсоң, убакыт күнөөсүз өтөт. Эгер сен ошол күнөөнү кылсаң, Аллахка моюн сунбагандык болот, жана ошол күнөө сенин жүрөгүңдү бузат, жашооңду оорлотот, жана бактысыздыка себеп болот. Балким, сен жетпей калган бир жакшылык — ошол күнөөнүн айынан болгондур. Ушуну эсиңе тутуп койгүнүң.

 

Анан, эсиңде болсун, сенин көздөрүң өзүңө каршы күбөлүк берет. Аллах Тааланын алдында сенин көздөрүң өзүңө каршы күбөлүк берет, жана сен эмнени караганың тууралу кабар берет.

 

Ошондуктан Аллах Тааладан корк!

 

Аллахты улукта. Эгер сен буларды аткарсаң, сен Аллахтын жардамы менен Иблисти жеңесиң.

 

Жана ошондой эле Аллахка көп-көп дуа кылууну да осуят кылаар элем.

 

О бир туугандар, эгер силерден бирөөңөр күнөө кыла турган болсо, түндүн акыркы бөлүгүндө туруп Аллахка дуа менен кайрылсын:

“О Аллах, мени ырайымыңа ал!

О Аллах, менин абалымды Сен жакшыраак билесиң!

О Робби, мен ушул руханий “ооруу” менен сыналдым!

О Аллах, ушул күнөөнү мага жек көргөз!

О Аллах, батышты чыгыштан алыс кылгандай, мени да бул күнөөлрдөн  алыс кыл.”

 

Аллахка чын жүрөктөн, ишеним менен кайрылуу – чындыгында, акыбалдарды оңдоочу себептердин эң чоңу.

 

О иним!  Бул тууралуу сурооң өзү эле, сенин жакшылыка умтулуп, күнөлөрдөн тазаланайын дегениңди билдирет.

 

Түндө туруп намаз оку, түңкү дуалар жоопсуз калбайт. Аллахтын алдына сажда кылып сура:

“О Аллах! бул сыноодон мени кутулт.

О Аллах! Буларды мага жек көргөз!

О Аллах, батышты чыгыштан алыс кылгандай, мени да бул күнөөдөн  алыс кыл!”

 

Аллах Угуучу жана Жооп Берүүчү, пенделерине Жакын. Чынчыл пендесинин дуасын кабыл кылат. Аллах Өзүнүн чынчыл пендесинин дуасын кур кайтаргандан уялат.

 

Ошондуктан Аллахка кайрылып, Андан коргонуч тилөө керек.

 

 

 

Share

You may also like...