Мухаммад Расулуллах сөзүнүн мааниси

Мухаммад Расулуллах сөзүнүн мааниси жана шарттары тууралуу кыска (тизме түрүндө) бул жерден окусаңыз болот.

Ал эми анын ТОЛУК жана кенен чечмелениши төмөнкү макалада.

Мухаммад Расулуллах келимесинин мааниси тууралуу чоң аалым Шейх Мухаммад ибн Солих аль-Усеймин айтты:

Мухаммад Аллахтын элчиси деген келименин бир нече шарттары бар, алар:

1⃣ – Пайгамбар ﷺ айткан кабарга ИШЕНҮҮ

Аллахтын элчиси ﷺ айткан кабарларга күмөн санабастан ишенүүсү, жүрөгүндөгү ишенүүсү тили менен айткандан да бекемирээк болуусу. Аллах Таала айткандай: “Албетте ал – силердин сүйлөп жатканыңар [кандай акыйкат болсо, ал да ошол] сыяктуу эле Акыйкат!” (Куран, аз-Зарият 51:23)

Инсан сүйлөп жаткан нерсесине күмөн санабайт. Так ошондой эле Расулаллах ﷺ сүйлөгөн нерсеге биз күмөн санабайбыз, аны чындык деп билебиз.

Бирок, Пайгамбар ﷺ менен бизди бөлүп турган узун аралык – иснад – бар. Себеби ал биздин арабызда эмес. Бирок хадис Расулаллахтан ﷺ экени тастыкталган болсо – мейли анын түпкү максатын билдикпи же жокпу – ага ишенүү бизге парз болот. Айрым учурларда ушундай хадистер келет: биз анын маанисин билебиз, бирок ал эмне максатта айтылганын билбейбиз. Мына ошондой учурда дагы ага ишенүү бизге милдет болот.

2⃣ – Пайгамбар ﷺ берген БУЙРУКТАРЫН АТКАРУУ.

Пайгамбардын ﷺ буйруктарын кечеңдетпей, дароо аткарабыз. Себеби Аллах Таала айткан: “Эгер Аллах менен Анын пайгамбары бир ишти өкүм кылса, эч бир момун эркек же момун аялга өз иштеринде ыктыяр калбайт…” (Куран, аль-Ахзаб 33:36).

Көп адамдар Аллахтан жана Анын элчисинен бир буйрук келген учурда: “бул парзбы же мустахаббы?” деп сурашат. Бул туура эмес. Мындай суроолорду таштоо керек. Себеби сахабаларга (Аллах алардан ыраазы болсун) Пайгамбар ﷺ буйрук бергенде, алар: “О, Аллахтын элчиси! Бул парзбы же мустахаб амалбы же кандай?” деп сурашчу эмес. Тескерисинче, сурабастан дароо аткарышып, ага ынанышчу. Биздин айтаарыбыз: “Андай суроо бербе. Буйрукту ишке ашыруу сениң мойнуңдагы парз. Сен Мухаммадур Расулаллах деп күбө бердиңби – андыктан андан кандай буйрук келсе аны аткар!”.

Бирок, эгер адам кандайдыр бир акыбалдан улам буйрукту аткара албай калса – мына ошондо, “бул парз амал беле же парз эмес беле?” деп суроо коюуга акысы бар. Себеби парз болсо – аны аткарбагандыгы үчүн тообо кылуусу керек. Ал эми парз эмес болсо – маселеси жеңилирээк болот.

3⃣ – Пайгамбар ﷺ тыйган нерселерден АЛЫС БОЛУУ.

Аллахтын элчиси ﷺ тыйган нерселерден кечеңдебей, дароо тыйылуу. Адам айтпаш керек: “Бул Куранда айтылган эмес” деп. Биз айтабыз: “Сүннөттө келген нерселерди ээрчүүнү Куран буюрат”.

Пайгамбар ﷺ “бул Куранда айтылган эмес” ж.б.у.с. сөздөрдү айткан адамдардан сактангыла деген. Хадисте келет: “Силердин бирөөңөр да ушундай акыбалда болуп калбасын: аткаруу же тыйылуу тууралуу буйругум ага жеткен убакта, диванына [текеберлерген шекилде] жөлөнүп алып «Билбейм! Аллахтын Китебинде эмнени тапкан болсок ошону ээрчийбиз!», — деген кишидей болбогула.” (Абу Дауд: 4605), б.а. Куранда жок болсо анда ээрчибейбиз.

Биз айтабыз: Расулаллахтан ﷺ келген нерселердин баары Куранда келген. Себеби Аллах Таала айтып жатат: «Аны (Пайгамбарды) ээрчигиле!» (Куран, аль-Аъроф 7:158), бул аят Пайгамбар ﷺ айткан бардык сөздөргө ээрчигиле дегенди билдирет.

4⃣ – Пайгамбардын ﷺ СӨЗҮНӨН ЖОГОРУ эч кимдин сөзүн койбоо.

Пайгамбардын ﷺ сөзүнөн башка бирөөнүн сөзүн жогору койбоо. Баланча деген имамдын сөзүн Расулаллахтын ﷺ сөзүнөн алдыраак коюу сага уруксат эмес. Себеби, сен жана имам, экөөң тең Расулаллахты ﷺ ээрчүүгө милдеттүүсүңөр.

Сен далил алып келип “Пайгамбар ﷺ айтты” десең, сага жооп катары “бирок баланча деген имам мындай деп айтпады беле” деп айтылган сөздөн да оорураак сөздөр барбы?! Бул өтө оор сөздөр!

Себеби эч кимге Пайгамбардын ﷺ сөзүнө каршы башка бир макулуктун сөзүн алып келүү уруксат эмес, ал ким гана болбосун. Абдуллах Ибн Аббастан келген: “Силердин башыңарга таштан жамгыр жаап жүрбөсүн — мен силерге Аллахтын элчиси айтты деп жатсам, силер Абу Бакр айтты, Умар айтты дейсиңер”, — деген сөздөрү бар. Эми ошол талашып жаткан кишинин имамы Абу Бакр менен Умардын алдында ким болуп калыптыр?!

5⃣ – БИДААТТАН алыс болуу.

Пайгамбар ﷺ алып келбеген нерсени Аллах Тааланын динине жаңылык кылып (бидаат) киргизбөө, мейли ал акыйдада, амалда же сөздө болсун. Ошондуктан, бидаатчыларлардын бардыгы “Мухаммаду-р-Расулуллах” келимесинин аткаруучулардан эмес. Себеби алар Пайгамбардын ﷺ шариятына андан келбеген нерселерди киргизишти жана Пайгамбар ﷺ менен болгон адепти сакташпады.

6⃣ – Пайгамбардын ﷺ акысын сактоо.

Пайгамбардын ﷺ акысына анда жок нерселерди киргизбөө. Ошондуктан, Мавлид күнүн белгилегендер “Мухаммед Расулуллах” деген келимени аткарууда кемчилик кылышкан болушат. Себеби бул келимени чындап кармансаң – Шариятка анда жок эч кандай жаңылык киргизбешиң керек болот.

7⃣ – Пайгамбарда ﷺ рубубия сыпаты жок экенине ишенүү.

Пайгамбарда ﷺ эч кандай рубубийа сыпаты жок экенине ишенүүң. Ага дуа кылынбайт. Андан жардам суралбайт (истигаса), мындай нерсе бир гана ал тирүүсүндө, ал күчү жеткен маселелерде гана мүмкүн болгон. Себеби, Пайгамар ﷺ – Аллахтын кулу жана элчиси. Аллах Таала айтты: “Айт: «Мен өзүмө Аллах каалагандан башка пайда да, зыян да жеткире албаймын… »” (Куран, аль-Аърааф 7:188).

Мына ушундан Пайгамбарга ﷺ ДУА кылгандардын адашуусун, алар өздөрүнүн дининде адашып жүрүшкөндүктөрүн, жана алар акылдары жок экенин – билсек болот. Себеби Пайгамбар ﷺ өзүнө пайда зыян алып келүүгө ээлик кыла албаса, башкага адамга кантип бермек эле? Ошол үчүн Аллах Таала мындай деп айтууну ага буюрган: “Айт: «Силерге зыян жеткирүү да, Туура Жолго салуу да менин колуман келбейт». [Дагы] айт: «[Эгер мен күнөө иш кылчу болсом] мени Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан [жалынып баруу үчүн] Андан башка коргоочу таба албаймын»” (Куран, Жинн 71:21-22), б.а. Аллах Таала Өзүнүн Пайгамбары ﷺ менен бир нерсе кылам десе – эч ким Аллахка жолтоо боло албайт.

Ошондой болсо, демек Пайгамбарга ﷺ ИСТИГАСА кылуу — ачык адашуу, керек болсо ширк болот. Эгер кайгы капага чөккөн инсан Пайгамбардын ﷺ кабырына келип: “О Аллахтын элчиси, мени куткар, чынында мен кайгы капага баттым!” десе, мындай адам чоң ширк кылган абалда мушрик болот. Себеби ал Пайгамбарга ﷺ дуа кылды, ал эми өлүккө кайрылып, андан жардам тилеп дуа кылуу – ширк болуп саналат, себеби ал кудуреттүү эмес. Ал жөн гана дене. Кабырдагы денеге рухтун байланышы бар болсо да ал дене делет. Бирок бул нерсе ал кабырда тирүү болот дегенге каршы келбейт, себеби ал БАРЗАХ жашоосунда тирүү, ал эми барзах – дүйнө жашоосуна окшобогон жашоо.

8⃣ – Пайгамбардын ﷺ сөзүн урматтоо.

Пайгамбардын ﷺ сөзүн урматтоо, б.а. анын ﷺ хадистерин ылайыгы жок жерде колдонбоо. Андай кылуу аны сыйлабагандыктын бир түрүнө кирет.

Ошондой эле анын кабырынын жанынан үнүңдү бийик көтөрбөө. Момундардын амири Умар ибн аль-Хаттаб Пайгамбардын ﷺ мечитинде үнүн бийик көтөрүп жаткан эки таифтик кишиге айтат: “Эгерде силер Таиф шаарынан болбогондо силерди катуу жазалайт элем. Себеби Аллах Таала: «О, ыйман келтиргендер! Добушуңарды пайгамбардын добушунан бийик көтөрбөгүлө, бири-бириңерге кыйкырып сүйлөгөндөй ага (пайгамбарга) кыйкырып сүйлөбөгүлө — силер сезбей калган акыбалда (сооптуу) ишиңер «күйүп кетпесин»» (Куран, аль-Хужурат 49:2), — деп айткан«.

Саабит ибн Кайс (Аллах андан ыраазы болсун) аттуу сахаба, Пайгамбардын ﷺ алдында хутба айтып калаар эле, жана анын үнү катуу чыкчу. Качан бул аят тушкөндө, ал үйүнөн чыкпай түнү күнү ыйлайт. Мына ошолор Курандын чыныгы кадырын билишкен.

Пайгамбар ﷺ аны көрбөй калгандыктан ал тууралуу сурай баштайт. Себеби сахабаларга көңүл бөлүп, аларды зыярат кылуу Аллахтын элчисинин ﷺ адатында бар болчу, жана ал алар тууралуу эң мыкты кам көрчү. Адамдар айтышат: «О, Аллахтын элчиси, Аллах Таала бул аятты түшүргөндөн бери ал киши үйүнөн чыкпай, түнү-күнү ыйлаганы ыйлаган». Анда Пайгамбар ﷺ: «аны мага чакырып койгула», — дейт. Ал келгенде айтты: «О, Сабит, сени эмне ыйлатты?». Жооп берди: «Менин үнүм жоон. Бул аят мен тууралуу түштүбү деп коркуп жатам. Себеби Аллах Таала айтты: «[сооптуу] ишиңер силер сезбеген акыбалда «күйүп кетпесин»»». Анда Расулаллах ﷺ ага айтты: «Мактоого татыктуу жашап, шейит болуп өлүп, Бейишке кирүүнү каалабайсыңбы?«.

Аллаху акбар! Аллахтан корккон ар бир киши – аманчылыкка жетет. Мына, бул сахаба үйүндө Аллахтан коркуп отурду эле – Аллах ага аманчылык (Бейиш) ыраа кылды. Ошондуктан, Сабит ибн Койс Бейиш ээлеринен экенине күбөлүк берүү биз үчүн парз. Себеби Пайгамбар ﷺ бул тууралуу кабар берди.

Сабит өмүрүн мактоого татыктуу жашап өттү, мусулмандар менен бирге – тарыхта белгилүү болгон согуш – Мусайлама Каззаб согушуна катышып, ошол жерде шейит кеткен. Акыретте эми ал Бейишке кирет.

О, Аллах! Бизди да Бейиш ээлеринен кыла көр! Йа, Рабба-ль-Ъааламиин!

? Ибн аль-Усеймин “Шарх 40 хадис”: №2-хадис

 

? Автор тууралуу:
Шейх Мухаммад ибн Солих аль-’Усеймин (1929-2001, Унейза, Сауд Аравиясы) — факих, муфассир. «Чоң аалымдар уюмунун» мүчөсү. Көптөгөн сабактардын, лекциялардын, шариат илимин изилдөө китептеринин автору. Үммөттүн заманбап чоң аалымдарынын көрүнүктүүсү.

 

© ИсламЖолу

Share

You may also like...