Мерез жүрөктөн арылуунун жолдору

  СУРОО. Жүрөктүн мерез болуусуна эмне себеп болот жана мусулман андан кантип кутула алат?

 

ЖООП. Шейх Сулейман ар-Рухейли айтты:

 

Жүрөк бул – адамдын денисиндеги кичинекей, бир үзүм эт.

 

Ал ажайып дене мүчөсү.

 

Ал оодарылып турат.

 

Жумшарат жана катып-мерез болуп турат.

 

Соо болот жана ооруп турат.

 

Саламатта болот жана кирдеп турат.

 

Момундан, өзүнүн жүрөгүн дайыма тазалап турушу талап кылынат.

 

Мындан эки жума мурун Дубайда “Жүрөктөрдү тазалоо” деген темада лекция өткөн элем.

 

Жүрөк катып мерез болбоштун жолу – жүрөктөрдү тазалап туруу.

 

Айта кетчү нерсе, азыркы күндө көп тарап, жүрөктөрдүн катып мерез болушуна, адамдардын мамилелеринин салкындашына себеп болгон нерсе бул – массалык маалымат каражаттарына баш-от менен кирип кетүүнү айтса болот.

 

Көптөгөн адамдардын жашоолору толугу менен бул техника-приборлорго байланып калган экенин көрөсүң.

 

Мына ушул нерсе жүрөктөрдүн катып-мерез болушуна жана адамдардын мамилелеринин үзүлүшүнө себеп болууда.

 

Керек болсо адамдар бир жерде отурушса дагы – ар ким өзү менен гана алек.

 

Ушуга тиешелүү баалуу насаат айтаарым:

инсан, ошол заманбап аппараттардын ичиндеги нерселерге назарын салуу үчүн, бир убакыт белгилесин. Жакшы жагын гана алсын, ал эми анын зыянынан алыс болсун.

 

Биз билгенден ал жердеги нерселердин көпчүлүгү – фитнаны таркатуу, мына ошентип жүрөктөр карарат:

— мусулман эл башчылары жөнүндө ар кандай ушактар,

— алар жөнүндө жалган кабарлар,

— алардын ката кемчиликтерин чоң кылмыш кылып көрсөтүүлөр,

— жамандыкка үндөө…

Ушундай нерселер жүрөктүн катып-мерез болушуна алып келет.

 

Айтаар насаатым:

— күчүбүздүн жетишинче аларды колдонууну азайталы. М: аларды колдонуу үчүн күнүңдүн бир убактысын белгилеп кой;

— ал жактагы сен билген жаман нерселерден алыста;

— ал жактагы сен билген жаман кишилерден алыста;

— кийин, күнүңдүн калган бөлүгүндө ал аппараттарга жолобо;

— жүрөгүңдү оңдой турган иштер менен алек бол.

Мына, ушундай нерселер жүрөктүн жумшак болуусуна алып келет.

Share

You may also like...