Шаабан айынын пазилети. Шаабан айынын бидааттары.

Шаабан айынын пазилети. Шаабан айынын бидааттары.

1866
0
ПОДЕЛИТЬСЯ
Шаабан айы - аудиобаян - шейх Холид аз-Зуфейри

Шаабан айынын ибадаттары жана аларга кызыктыруу.
Шаабан айынын бидааттары жана алардан кайтаруу.

Жума хутбасы

🎙 Шейх Холид аз-Зуфайри (Бириккен Араб Эмираттары)

Хутбаны угуу:

Хутбаны көчүрүп алуу үчүн бул жерди басыңыз (4,4 мб / 19 мин).

 

Хутбанын сөздөрү:

 

(Биринчи хутба)

Шаабан айынын пазилети жана ибадаттары

Бардык мактоолор Аллахка таандык! Аны биз мактайбыз, Андан жардам тилейбиз, күнөөлөрүбүздү кечиришин сурайбыз! Напсибиздин жана амалдарыбыздын жамандыгынан Аллахтан коргоо тилейбиз! Кимди Аллах Түз жолго салса аны адаштыруучу эч ким жок, ал эми кимди адаштырса аны Түз жолго салуучу эч ким жок! Аллахтан башка сыйынууга татыктуу зат жок экендигине күбөлүк берем. Ал Жалгыз жана шериги жок. Жана Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбөлүк берем.

Андан соң:

Чындыгында, эң туура сөз – Аллахтын сөзү, эң туура жол – Мухаммед Пайгамбардын ﷺ жолу. Эң жаман иштер – динге киргизилген жаңылыктар; ар бир жаңылык – бидаат; ар бир бидаат – адашуу; ар бир адашуу – Тозокто.

 

Аллахтын пенделери!

Билгиле! Биз берекелүү жакшы айдын алдында турабыз. Бул – Шаабан айы. Бул улуу ай. Ал Ражаб менен Рамазандын арасында жайгашкан, жана сооптуу амалдарды кылып калчу сезондордон деп эсептелет. Бирок адамдар ага кайдыгер, бир гана Аллах Туура Жолго салгандардан башкасы.

💬 Усама Ибн Зайд (رضي اللهُ عنه) бир күнү Пайгамбардан ﷺ сурайт: “Оо, Аллахтын Элчиси, сизди шаабанда орозо туткандай башка айларда орозо тутканыңызды көрбөдүм”. Ал жооп берди: “Ражаб менен Рамазандын ортосунда адамдар бул айга кайдыгер карашат. Ал айда амалдар ааламдардын Раббисине көтөрүлөт. Мен каалайт элем амалдарым көтөрүлүп жатканда орозодо болуумду”. (Хадисти имам ан-Насаи: 2357-номер менен риваят кылат).

Бул хадисте сөз Шаабан тууралуу болууда. Ал айда солих амалдар Аллах Таалага көтөрүлөт.

Ааламдардын Раббисине көтөрүлчү сооптуу амалдардын арасында – орозо. Ошондуктан бул айда орозо тутуу сүннөт деп эсептелет.

💧 Айша  (رضي اللهُ عنها) риваят кылгандай Пайгамбар ﷺ бул айдын көпчүлүк бөлүгүн орозо менен өткөзчү. Ал айтты: “Кээде Аллахтын элчиси ﷺ ушунчалык көп орозо туткандыктан, биз «ал оозун ачпайт» деп айтып калчубуз. Кээде ушунчалык орозо тутПай жүргөндүктөн, биз «ал орозо тутпайт» деп айтып калчубуз. Бирок, Аллахтын элчиси ﷺ бир айды толугу менен бир гана Рамазанда орозо тутчу. Ал эми Шабанда орозо туткандай башка бир да айда ушунчалык көп [нафиль] орозо тутчу эмес”.

Айша (رضي اللهُ عنها) дагы айтты: “[Рамазанды эсептебегенде] Пайгамбар ﷺ бардык айлардын ичинен эң көп орозону Шаабанда тутчу эле”. (Эки хадисти тең имам аль-Бухари “Сахих” жыйнагында келтирген).

 

О, Аллахтын пенделери!

Бул хадистерде биз үчүн Шаабан күндөрү орозо тутуу сооптуу иш экендигине далил бар. Бул орозону биз – Пайгамбарды туурап жана солих амалдарыбыз Аллах Таалага көтөрүлөт деп үмүт кылып – кармайбыз.

Ал эми имам Абу Дауд жана Тирмизи келтиришкен, “Шаабандын ортосунан өткөндө орозо тутпагыла” делген хадис тууралуу айтсак – анын сахих же заиф экендигинде уламалар арасында ихтиляф болгон. Көпчүлүк аалымдар, анын ичинде Имам Ахмад жана Ибн Маъиин, бул хадисти заиф деп билишкен. Ал эми аны сахих деп Ибн аль-Коййим, Шейх Альбани, Шейх Ибн Баз ж.б. айтышкан. Бирок бул хадисти сахих дей турган болсок да, анын маанисин: “Орозону Шаабандан ортосунан баштап кармоо болБойт” деп түшүнүүбүз керек. Бирок, ким ага чейин кармап жүрүп, бул айдын көпчүлүк бөлүгүн орозо тутса – сүннөткө шайкеш амал кылган болот.

Шейх Ибн аль-Усеймин айтты: “«Шаабандын ортосунан өткөндө орозо тутпагыла» деген хадис сахих болгон күндө да – ким тутса ал арам иш кылды дегенди билдирбейт, бул жердеги «тутпагыла» деген тыюу – андай кылуу макрух иш маанисинде гана келген. Кээ бир илим ээлери айтышкандай. Бирок, бул нерсе – ар дайым орозо тутуп жүргөн адамга тиешелүү эмес. [Эгер анын адатындагы орозо айдын ортосунан кийинкиге туш келип калса] – керек болсо Шаабандын ортосунан өткөн күндө да – ал адаттагы орозосун тута берет”.

Шаабандын ортосундагы түндүн өзгөчүлүгү

О, Аллахтын пенделери!

Шаабандын ортосу тууралуу, ар кандай риваяттар менен, бизге көптөгөн сахих хадистер жеткен. Алардын ичинен:

  • Муаз ибн Жабал (رضي اللهُ عنه) Пайгамбар ﷺ айтты дейт: «Шаабандын ортосундагы туну Аллах Өз пенделерине назар салып бардык пенделерин кечирет, бир гана мушрик жана мушахинден башкасын» (Ибн Мажа 1390, аль-Баззар 2/408, сахих)
  • Абу Саълаба (رضي اللهُ عنه) Пайгамбар ﷺ айтты дейт: «Шаабандын ортосундагы түнү Аллах Өз макулуктарына назар салат: момундарды кечирет, каапырларды күтө турат, ал эми кек сактап жүргөндөрдү [жүрөгүндөгү] жек көрүүсү менен таштап коёт, качанга дейре андан арылмайынча» (аль-Баззар)

Бул хадистерде Шаабандын ортосундагы түнү Аллах пенделерине кечиримин берет экендигине далил бар. Бир гана ширктин кандайдыр бир түрүн кылган МУШРИКти, жана дүйнө маселеси үчүн эле өз бир тууганы менен жүз карашпай, сүйлөшпөй жүргөн МУШАХИНди кечирбейт.

Сен ширк деген эмне билесиңби?

О, Аллахтын пенделери!

Бул хадистерге ар бирибиз жакшылап көңүл буруп, ой жүгүртүп, өзүбүздөн өзүбүз чынчылдык менен эсеп алалы. Балким бизде кандайдыр бир ширктин чоңу же кичинеси табылып жүрбөсүн? Андай болсо тооба кылууга шашылалы.

Ширктен мен тазамын, кантип эле мен ширк кылайын, менде ширк жок, Таухид таркалган өлкөдө жашап жатканым мага жетиштүү”, — деп адам айтпасын. Мындай сөздөрдү наадан жана өзүнүн кыялына өзү алданган киши айтат. Сен эмне, Аллахтын халили – Ибрахим пайгамбардан да таухидди жакшыраак тутунам дей аласыңбы?! Ал Аллахка эмне деп дуа кылчу экенин сен билесиңби?!

Ал Раббисинен улуу нерсени сурап дуа кылган эле. О, момун пенде! Кел, Ибрахим пайгамбар эмне деп дуа кылгандыгы тууралуу Курандагы аятты угуп ал. Ал айткан: “Мени жана балдарымды буттарга сыйынуудан алыс кыл. О, Раббим! Алар көптөгөн адамдарды адаштырышты!” (Куран, Ибрахим сүрөсү 35-36 аяттар).

Өз колу менен буттарды талкалаганына карабастан, Ибрахим пайгамбар өзү жана балдары үчүн ширктен, буттарга сыйынып кетүүдөн корккон. Эмне үчүн, о, момун бир тууган? Эмне үчүн бул нерседен аябай коркту? Себеби, өзү айткандай “О, Раббим! Алар көптөгөн адамдарды адаштырышты!”.

Мына, ушул себептен улам Ибрахим пайгамбар өзү жана балдары үчүн кутулуу издеп – Аллахка кайрылды. Ошол заманда Ширк аябай таркалып кеткендиктен, ал балээге көп адамдар кирип кетишкен эле. Аллахтан башка күч-кубат эч кимде жок! Ибрахим ат-Теймий деген улуу аалым айткандай: “Ибрахим пайгамбардан кийин, эми, ким — бул ширк деген балээден өзүн аман сезе алат?!”.

Ширктин биздин жашоодогу мисалдары

Биздин жашоодо ширктин көрүнүшүнүн мисалдарын айта кетели:

1 ◉ Азыркы заманда, өзүн мусулманбыз деп коюп, бирок КАБЫРЛАРГА СЫЙЫНГАН адамдарды көрөбүз. Аллахты коюп, ошол кабырлардан шапаат тилешет, аларга курмандык союшат. Мунун баарын алар – ошол жердин берекесин алайлы деп, же ошол жерде жаткан арбактарды ыраазы кылайлы деп – кылышат. “Ыйык” деп аталып, чындыгында Куфр-Ширк менен булганган бул жерлерде — арбактар үчүн курмандык союлаарын, нүзүр берилээрин көрсөң болот. Йусуф сүрөсүнүн 106-аятындагы Аллахтын сөзү булар тууралуу чындык: “Алардын көбү Аллахка мушрик болгон абалда гана ишенишет”.

2 ◉ Таухиддин акыйкатын билбеген кээ бир адамдар — ОЛУЯларды Аллахтан да көбүрөөк улукташат, аларга Аллахтан да көбүрөөк баш ийишет, аларга кор болуп, алардан коркушат. Тарикатына тиешелүү болгон шейхинин (пиринин) алдында мюриди — кепинделе турган өлүк сыяктуу болуп берээрин көрсөң болот. “Бул олуя кайыпты көрө алат”, “ал адамдын ичиндеги ойлорду билип кое алат” деп ишенип, анын буйругуна каршы чыкпайт, сөзүн эки кылбайт. Бул нерсе динде — “куфр акбар” — чоң каапырчылык деп эсептелет! Аллах андан бизди сактасын!

3 ◉ Андай адамдардын арасында Аллахтан башкага НҮЗҮР бергендер бар. Аллахтан башка менен АНТ ичкендер бар. М: олуянын аты менен, пайгамбар менен ант ичишет; балдарынын же ата-бабасынын өмүрү менен карганышат.

4 ◉ Андай адамдардын арасында көзү ачыктарга, бүбү-багшыларга, көз боёмчу фокусниктерге, сыйкырчыларга, астрологдорго барышкандар бар. Аларга барып оорууга шыпаа издешет же келечектеги жашоосу кандай болоорун билгилери келишет. Гезиттердеги жылдыз төлгө – гороскопту окуп, ал аркылуу кайыпты билүүнү каалагандар да жок эмес.

Мындай нерселердин баары төлгө ачуу жана кайыпты билем дештикке кирип калат. Бул нерселер пайгамбарлардын динине каршы келет. Бул нерселер “куфр акбар” — чоң каапырчылык — деп эсептелет.

Эгер адам ошол төлгөчүлөрдүн айтканына ишенсе – Мухаммед ﷺ Пайгамбарга түшкөн нерсеге ишенБеген болот. Ал эми ишенбестен, жөн эле сурап койсо – кырк күндүк намазы кабыл болбойт. Пайгамбар ﷺ айтты: “Ким төлгөчүгө келип, бир нерсе сураса – кырк күн намазы кабыл болбойт” (Сахих Муслим: 2230)

5 ◉ Адамдардын арасында кенен этек жайган ширктин көрүнүштөрүнүн дагы бир түрүнө – АМУЛЕТ, КӨЗ МОНЧОК, БИДААТ ТУМАРЛАРДЫ – тагынуу кирет, жаныбардын айкелдерин “Жаман көздөн, суук сөздөн сактайт” деп ишенип үйгө, машинага же башка жерлерге – илүү кирет. Мына, бирөөсү баласынын мойнуна жип илип коет; экинчиси тумар деп, анын ичинде ширк жана адам түшүнбөгөн ар кандай жазуулары бар кагазды чийдирип алып, ал аркылуу жин-шайтандарга жакындык издейт. Мунун баары — ширк.

Пайгамбар ﷺ айтты: «Ким амулет (көз мончок) тагынса – ширк кылган болот» (Ахмад: 16969; Шейх ал-Албани «ас-Силсиля ас-Сахиха»: 492, жыйнагында, хадистин сахихтигин тастыктады).

6 ◉ Адамдардын арасында РИЯ, эл көрсүн, эл уксун аркылуу ширк кылгандар бар. Жакшы иштерди — адамдардын мактоосуна жетүү үчүн же элдер аны “жакшы инсан” деп айтуулары үчүн — кылышат. Пайгамбар ﷺ айтты: “Ким эл уксун десе – Аллах аны угузуп коёт. Ким эл көрсүн десе – Аллах аны көрсөтүп коёт” (Сахих Муслим: 2986), б.а. Кыямат Күнү аны шерменде кылат. Андай киши намазга турат, Куран окуйт, зикр кылат – адамдар аны көрүүсү үчүн. Бирок, чындыгында, ал чарчап мынча ибадат кылганы менен Аллах андан нааразы. Сооптуу иш аткарып, бирок ширктин кичисин же чоңун кошо жасаган киши – кантип Аллахтын кечиримине жетем деп үмүт кыла алат?!

Мушахин — кек сактаган адам.

Ал эми бул түнү кечирилБей турган экинчи топ адамдар тууралуу айтсак – алар МУШАХИНдер, б.а. башкаларга кек сактап жүргөн кишилер. Мындан, кек сактоо, жек көрүү – кандай коркунучтуу иш экенин билсек болот.

 

О, Аллахтын пенделери!

ШАХНАА’ деп –  бир мусулман экинчи мусулманга кек сактоосун, аны керт башы кызыкчылыктары үчүн жек көрүүсүн айтабыз. Бир тууган бир тууганына сүйлөбөйт, кошуна кошунасына кайрылбайт. Мындай кылуу – күнөөлөр кечирилип жаткан көп убакыттарда – кечиримге жетүүдөн кур калтырат.

💬 Абу Хурайра риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты дейт: “Дүйшөмбү жана Бейшемби күндөрү Жаннатын дарбазалары ачылып, Аллахка эч бир нерсени шерик кошпогон ар бир пендеге кечирим ыйгарылат. Бир гана, аны менен бир тууганынын ортосунда кек сактоо болгон кишиден башкасын. Андай адам тууралуу айтылат: бул экөө элдешкиче аларды коё тургула, бул экөө элдешкиче аларды коё тургула, бул экөө элдешкиче аларды коё тургула!” (Хадис “Сахих Муслим”де: 2565-номер астында келтирилет).

Аллах Таала момундарды жалпысынан сыпаттап, алар: «О, Раббибиз! Бизди жана бизден мурда ыйман менен өткөн бурадарларыбызды кечире көр! Биздин жүрөгүбүзгө ыймандуу адамдарга карата жек көрүүнү салба! О, Раббибиз! Өзүң Ырайымдуу, Боорукерсиң!» деп дуа кылышат экенин айткан (Куран, аль-Хашр сүрөсү: 10-аят).

Мушахин — динге бидаат киргизүүчү

Имам аль-Аузаъий болсо, бул хадисте айтылган МУШАХИН деген сөздүн маанисин “жүрөгүндө САХАБАЛАРГА болгон жек көрүүнү алып жүрүүчү адам” деп тафсирлеген. Мындай киши Аллахтын кечиримине ээ боло албайт.

Дагы бир башка сөзүндө болсо МУШАХИН ким экенин баяндап айтты: “Ал ушундай бидаатчы — анын бидааты себептүү үммөт бөлүнүп-жарылууга дуушар болгон эле”.

Ибн Саубан (рахимахуЛлооху) айтты: “МУШАХИН бул – Пайгамбардын ﷺ сүннөтүн таштаган, мусулмандарга каршы чыккан, алардын канын төккөн адам”.

Ибн Ражаб (рахимахуЛлооху) айтты:

“Бидаат себептүү пайда болгон ШАХНАА’, кек сактоочулук – үммөткө каршы чыгууга, мусулмандардын канын төгүүгө, алардын малына, намысына адал деп кол салууга түртөт.
Харижиттер, рафидит-шииттер ж.б.б.с. ушундай бидаатты карманышкан. Андай киши үммөттүн салаф солихтерине тил тийгизет, болушунча аларды жек көрөт, аларды каапыр же жок дегенде адашкан бидаатчы деп эсептейт.
ШАХНАА’нын андан кийинки түрүнө – жалпы мусулмандарга болгон кек сактоо, жек көрүү кирет.
Эң абзел иш – кандай гана ШАХНААнын түрү болбосун, көкүрөктү бардыгынан бошотуу керек, мусулмандарга ийгилик каалап, аларга чынчыл болуп, адам өзүнө каалаган жакшылыкты бардыгына ыраа көрүүсү керек”.

Кээ бир салафтар айтышкан: “Эң абзел иш – көкүрөктүн тазалыгы, напсинин берешендиги жана үммөткө болгон чын ыклас. Бирок, буга жеткени бар, жетпегени бар”.

Ким көп кечирсе – коомунун төрөсү болот! О, Аллахтын пендеси, башкаларды кечир – Аллах сени кечирет! Башкаларга аёо мамиле кыл – сага аёо мамиле кылынат!

(Экинчи хутба)

Шаабан айынын бидааттары

Мактоолор Аллахка болсун! Салават-саламдар Анын элчисине, анын үй-бүлөсүнө, сахабаларына жана Туура Жолдо жүргөндөргө болсун!

Андан соң:

 

О, Аллахтын пенделери!

Бул айдын ортосуна байланыштуу, [“БАРААТ ТҮНҮ” деп] адамдар бидаат кылып динге киргизген нерселер тууралуу айта кетиш керек.

⚠️  Духан сүрөсүнүн 4-аятында айтылат: “Ал түнү [келечекте боло турган] ар бир иш [тагдырга] жазылат жана ал өзгөрбөйт”. Кээ бир адамдар бул аятты Бараат түнүнө тиешелүү кылып, “ал түндө адамдын ТАГДЫРЫ: өмүрү жана ырыскысы ЧЕЧИЛЕТ” деп ишенишет. Бирок бул ката ишеним. Себеби жогорудагы аятта Бараат эмес, бирок Рамазан айындагы Кадыр Түн айтылган.

⚠️  [Бараат түнү деп аталган] бидааттардын дагы бирөө – бул түндү өзгөчөлөп ИБАДАТ-НАМАЗ МЕНЕН ӨТКӨЗҮҮ; башка түндөрдөн айырмалап бул түнү зикр-дуа кылуу. Бул нерсени Пайгамбар ﷺ  да, анын сахабалары да кылышкан эмес. Бул амалды Аллах кабыл кылбайт, аны ээсине кайтарып берет.

Хадисте айтылгандай: “Ким биздин динибизге андагы жок нерсени киргизсе – ал кайтарылат” (Хадис Сахих Бухари, Муслимде).

📛  Ал эми “Шаабандын ортосундагы түнү намаз окугула, күндүзү орозо туткула” деген сөз – жалган сөз. Аны Пайгамбар ﷺ айткан эмес. Ким муну Пайгамбарга ﷺ тиешелүү кылчу болсо — калп айткан болот.

⚠️  Ошондой эле Бараат деп КЕЧЕ өткөзүү, бул түнгө арнап үйдө өзгөчө тамак-аш жасап, жакшы кийинүү – Шариатта жок нерсе.

б.а. [Бараат деп] Шаабандын ортосундагы түндү — башка түндөр жана күндөрдөн бир нерсе менен айырмалоо, андагы кылынган амалдардын өзгөчө сообу бар деп ишенүү — болбойт. Бул нерселерге бизди Шариат буюрбайт. Сахабалардын бирөөсү дагы аларды кылышкан эмес. “Сахабалардын учурунда дин болуп эсептелбеген нерсе – бизге бүгүн дин болуп эсептелбейт”.

Кошумча окуу: Бараат кечесин тосууга ханафи мазхабы кандай карайт?

О, Аллахтын пенделери!

Бидааттын чоңунан да, кичисинен да сактангыла! Себеби ал – мусулмандарды бөлүнүп-жарылууга алып келет. Бул нерседен Аллах Таала кайтарган эле. Аллах Таала айтты: “Ачык далилдер келгенден кийин бөлүнүп-талашкандардай болбогула. Мына ошондойлорго улуу азап бар” (Куран, Аалу Имран сүрөсү: 105-аят).

Эгер адам сүннөттү таштап, бидаатты кылса – сүннөт бара бара жүрүп өлүп калат. Аллах сактасын!

💐 Кимге Аллах Таала Куран жана Сахих хадистерде келген нерселер менен чектелүүнү, башка нерселерге көңүл бурбоону – насип кылса – чындыгында, бул эки нерсе жетиштүү болот.

📚 Аллах Таала айтат: “О, адамдар! Силерге Раббиңер тарабынан насаат, көкүрөктөгү [ооруларга] шыпаа, Туура Жол жана бүт ааламдар үчүн ырайым келди” (Куран, Юнус сүрөсү: 57-аят).

🔗 Пайгамбар ﷺ динди толук жеткизип, анан гана көз жумду. Аллах Таала айтты: “Бүгүн Мен силер үчүн диниңерди толук кылдым, силерге болгон жакшылыгымды аягына чыгардым, жана силер үчүн Исламдан дин катары ыраазы болдум” (Куран, аль-Маида сүрөсү: 3-аят).

 

Жума хутбасы
🔖 Тема: Шаабан айынын ибадаттары жана бидааттары.
👤 Автор: Шейх  Холид аз-Зуфайри (БАЭ)
📝 Которгон: ИсламЖолу

 

© ИсламЖолу

 

 

 

 

НЕТ КОММЕНТАРИЕВ