Рамазан айынын өтүшүнө өкүнүү болбошу үчүн эмне кылуум керек? — Шейх Абдурразак аль-Бадр

🎙 Шейх Абдурраззак аль-Бадр айтты:

💬 Рамазан айы – жылдын башка айлары сыяктуу эле – 29 же 30 күндөн турат жана башка айлар сыяктуу эле тездик менен, билинбей өтүп кетет.

Бир аз убакыт өткөн соң – бул ай да аягына келип калганын байкайбыз.

Рамазан башталганда эле көпчүлүгүбүздү жалкоолук, бейкапарчылык, бул айга болгон суз мамиле басып калат.

Бул ай аяктаган соң – кылбай калган амалдарыбыз, өзүбүздү тарбияла албай калгандыгыбыз, Куран окууну үйрөнбөгөнүбүз ж.б.у.с. биз өткөзүп жиберген мүмкүнчүлүктөрүбүз тууралуу өкүнүп баштайбыз. Мына❗ Дал ушундай “жашоомду жакшы жашай албай калдым, аттиң!” деп өкүнүүнү – адам бул дүйнөдөн көз жумган соң көрөт.

Бир туугандар! “Бул менин акыркы Рамазаным. Мындан соң мен ааламдардын Раббиси Аллахтын алдына, Акыретке кетип калышым мүмкүн” деп ойлойлу. Балким ушул ой – бул берекелүү айда жакшы ибадат кылууга бизге түрткү болот. Бир гана бул айда эмес, бирок негизинен ар бир эле ишти ушул ой менен аткарып жүрсөк – мыкты ибадат кылууга түрткү болоор.

👤 Автор тууралуу кыска маалымат:

Шейх Абдурразак ибн Абдуль-Мухсин аль-Аббад аль-Бадр (1963-жылы туулган, Сауд Аравиясы) – акыйда илиминин доктору. Чоң шейхтерден илим алган заманбап аалымдарыбыздан. Медина шаарынын Пайгамбарыбыздын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) мечитинде жана «Эл аралык Ислам Университетинде» сабак берүүчү устаз. Көптөгөн китептердин жана лекциялардын автору.

✨ ИсламЖолу — жаңы баштоочуга
https://t.me/islamjolu
https://vk.com/islamjolu
https://www.facebook.com/islamjolu

Share

You may also like...