Жаш балдарды намазга тарбиялоо канча жаштан башталат?

? Балдарды намазга тарбиялоо канча жаштан башталат?

Шейх Сулайман ар-Рухейли айтты:

Инсан бир нече этаптан өтөт.

? Башында эч нерсени айырмалай албаган наристе болот. Фикх аалымдары айткандай “курманы таштан айырмалай албайт”, жакшы менен жаманды айырмасын билбейт.

Мындай деңгээлдеги балдарга эч нерсе буйрулбайт. Булардын мойнунда эч бир милдет жок.

Бирок, ал бир нерсеге шыгы келип жатса – ошону үйрөтө беребиз. М: Курандан бир нерсе жаттоого күчү жетсе – Куран жаттатабыз. Эгер намаз окуганды жакшы көрсө – аны тыйбайбыз, тескерисинче намазга кызыктырабыз. Бирок а дегенде эле буйрубайбыз, себеби аны буйрууга жашы жете элек.

? Андан кийин адам “тамйииз”, б.а. нерселерди айырмалап-билген этапка жетет.

Аалымдар айтышат “тамйииздин белгилүү бир чеги жок, ал амал менен билинет: эгер бала пайда-зыянды айырмалап-түшүнүп калса – демек тамйииз жашына жетиптир”, — деп. Кээ бир аалымдар болсо “тамйииз – жети жаш” дешет. Туурараагы ушул.

Себеби Пайгамбарыбыз ﷺ айткандай “Балдарыңарды жети жашка жеткенде намазга буйругула”.

Намазга буюруу – жумшактык, жакшылык, түшүндүрүү, кызыктыруу менен коштолуу керек, бирок коркутуу менен эмес.

Кел намаз окуйлу”, “намаз окусаң Аллах сага Бейиш берет, Рабби сени Бейишке киргизет, ал эми Бейиште бул бар, тигил бар…”, — деген сөздөр менен. Туугандар бул өтө маанилүү.

Балдарыңарды дүнүйө үчүн ибадат кылууга көндүрбөгүлө.

Балдарды башынан эле дүйнө үчүн гана ибадат кылууга тарбиялоо – бул ката. М: “Намаз окусаң мен сага акча берем, Намаз окусаң тигил жакка алып барам” – бул нерселер жаш баланын жүрөгүндө дүйнөнү гана калоо ниетин өстүрөт.

Бирок, баланын негизги максатын “Бейиш жана Аллахтын ыраазычылыгына жетүү” кыл.

Ага айт: “Сен намаз окусаң – балким Аллах мага берсе, мен сага акча берем”.

Аллахка байлагыла. Себеби ал жаш бала. Айтканыңды дароо кабыл кылат.

Ага айт: “Эгер намаз окусаң Аллах, мага жеңилдек берип, силерди тигил жакка алып барып келем”.

⚠️ Аны Аллахка байла. Ыйманга тарбялоодо, жаш баланын жүрөгүнө ыкластуулуктун үрөөнүн себүү, аны Аллах менен байланыштыруу – өтө маанилүү!

Кээ бир балдарды көрөсүң — калп айтышпайт. Себебин сурасаң “Калп айтуу адамды тозокко алып барат” деп жооп беришет. Мына ушуга тарбиялоо керек. Ушул тарбия аны менен калат.

Ал эми “Калп айтпа, калп айтканыңды көрсөм урушам” деп айтчу болсоң, сен алыс жүрсөң – ал каалаганын кылат. Ушул нерсеге катуу көңүл буруу керек.

 

Демек, жети жашка келгенде намазга кызыктыруу керек.

Коркутпай. Урбай. Сөкпөй. Урушпай. Эч нерсе кылбай. Он жашына чейин. Үч жыл.

 

О ата, о эне көңүл бур, балаңарды намазга буюруу силерге парз болот, бирок намаз окуу аларга парз эмес болсо да.

Намазга балдарды буюруу сага милдет, бирок намаз аларга милдет эмес, б.а. эгер сен аны намазга буюрбасаң күнөөкөр болосуң, ал эми балаң намаз окубаса ал күнөө албайт.

Ушул нерсе дайыма кайталанып туруусу керек.

Ар дайым намаздын убактысы келгенде “Балам намаз оку” деп тур.

Ушул нерсе он жашка чейин.

Он жашка келгенде…

Он жашка келгенде да намаз ага парз болбойт, намаз окубаса күнөө албайт.

Бирок, он жашка келип намаз окубаса – аны уруу керек болуп калат.

Мунун баары кылынат – ал балагатка чыккыча намазга даяр болуп калуусу үчүн.

Он жаштан баштап, балагатка жеткенге чейин – анан коркутууну колдонсо болот. Анын ичинде чыбык менен коркутуу. Намазга бекем болушу үчүн.

 

Мына ушул нерселерге Пайгамбарыбыз ﷺ cүннөтү далалат кылат.

© ИсламЖолу

Видео: ИсламЖолунун видеоканалы.

Share

You may also like...