? Башыңа кыйынчылык келсе Аллахтан сооп үмүт кыл [дуа]

✍? Шейх Мухаммад Ибн Солих аль-Усеймин айтты:

? Инсан бул дүйнөдө дайыма шаң-күлкүдө жашоосу мүмкүн эмес. Бир күнү кубанса, бир күнү кайгырат, бир күнү ага бир нерсе келсе, бир күнү эч нерсе келбейт. Ал дайыма өзүнүн напсиси, денеси, коомчулугу, үй-бүлөсү тарабынан ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болгону болгон. Инсанга жеткен бул кыйынчылыктардын саны эсепсиз аябай көп.

Бирок, ыймандуу пенденин иштери – бүтүндөй жакшылык. “Ага кандайдыр бир балээ жетсе сабыр кылат, ал ага жакшылык болот. Ага кандайдыр бир сүйүнүч жетсе шүгүр кылат, ал ага жакшылык болот” (Муслим: 2999).

Эгер сага бир кырсык жетсе, андагы капачылык же оору — курулай бекер кетет деп эч ойлобо. Ошол себептүү сага андан жакшы бир нерсе берилет:
? дарактан жалбырактар күбүлүп түшкөндөй сенден күнөөлөрүң күбүлүп түшөт. Бул Аллахтын нээматы.

⤴️ Ал эми пенде сабыр кылууга, Аллахтан сооп үмүт этүүнү да кошсо [ал эки жакшылыкка жетишет, б.а. күнөөлөрү да кечирилет, соопко да жетет]‼️

 

? Сооп үмүт этүүнү унутуп калганда көкүрөк кысылат, кыжырдануу ж.б.у.с. нерселер пайда болот. Бирок, кандай болбосун келген кыйынчылык запкы үчүн пенде бир жакшылыкка жетишет, б.а. күнөөлөрү кечирилет.

[Кыйынчылык келсе инсан бир эле сыйлыкка жетиши мүмкүн же эки сыйлыкка житиши мүмкүн]

1️⃣ Күнөөлөрү кечирилет, бирок сооп албайт, себеби соопко ниет кылган жок, сабыр кылган жок, сооп алууну үмүт кылган жок;
2️⃣ Эки жакшылыкка тең бирдей жетет: күнөөлөрү да кечирилет жана жогоруда айтылгандай Аллахтан сооп да алат. Ошондуктан инсан бир проблемага кабылса – керек болсо ал тикенектин сайганы болсун – бул мусыйбатка Аллахтан сооп алууну ниет кылууну унутпасын, мына ошондо күнөөлөрүнүн кечирилиши менен кошо соопко да жетет.?

Бул Аллах Тааланын чоң нээматы жана берешендиги: момум мусулманга сыноо берип, кайра ал сыноого сооп жазганы же күнөөсүн кечиргени.

◉ــــــــــــــــــــــــــــــــــــــــــــــــــ

Шейх Ибн аль-Усаймин “Шарх Рияд ас-Солихин”: 1/243.

© ИсламЖолу

 

Умм Салама (радияллаху анха) риваят кылат, Расулуллах  (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты:
Кандай гана мусулмандын башына балээ түшкөндө, Аллах буюрган бул сөздөрдү айтса: “Иннаа лиллаахи ва иннаа илайхи роожиъуун. Аллахумма ажирнии фии мусыыбатии ва ахлиф лии хойрон минхаа(Чындыгында биз Аллахка таандыкпыз, Ага гана кайтабыз. О, Аллах, бул менин мусыйбатыма мага сооп жаз жана мага андан жакшысын кайтарып бер!) – сөзсүз Аллах ага андан жакшысын кайтарып берет≽ (Муслим: 918)

Макаланын оригиналы:

ينبغي للإنسان إذا اصيب ولو بشوكة فليتذكر احتساب الأجر من الله

✍? قال العلامة ابن عثيمين رحمه الله تعالى :

 الإنسان في هذه الدنيا لا يمكن أن يبقىٰ مسروراً دائماً، بل هو يوماً يُسر ويوماً يَحزن، ويوماً يأتيه شيء ويوماً لا يأتيه، فهو مصاب بمصائب في نفسه ومصائب في بدنه، ومصائب في مجتمعه ومصائب في أهله، ولا تحصي المصائب التي تصيب الإنسان، ولكن المؤمن أمره كله خير، إن أصابته ضراء صبر فكان خيرًا له، وإن أصابته سراء شكر فكان خير له .

فإذا أصبت بالمصيبة فلا تظن أن هذا الهم الذي يأتيك أو هذا الألم الذي يأتيك ولو كان شوكة، لا تظن أنه يذهب سُدىٰ، بل ستعوض عنه خيراً منه، ستحط عنك الذنوب كما تحط الشجرة ورقها، وهذا من نعمة الله .

وإذا زاد الإنسان على ذلك الصبر والاحتساب، يعني : احتساب يغفل عن هذا فيضيق صدره، ويصيبه ضجر أو ما أشبه ذلك، ويغفل عن نيّة احتساب الأجر والثواب على الله، فيكون في ذلك تكفير لسيئاته، إذا هو رابح على كل حال في هذه المصائب التي تأتيه .

فإما أن يربح تكفير السيئات وحط الذنوب بدون أن يحصل له أجر؛ لأنه لم ينو شيئًا ولم يصبر ولم يحتسب الأجر .

وإما أن يربح شيئين : تكفير السيئات، وحصول الثواب من الله عز وجل كما تقدم .

ولهذا ينبغي للإنسان إذا اصيب ولو بشوكة، فليتذكر احتساب الأجر من الله على هذه المصيبة، حتى يؤجر عليها، مع تكفيرها للذنوب .

وهذا من نعمة الله سبحانه وتعالي وجوده وكرمه، حيث يبتلي المؤمن ثم يثيبه على هذه البلوىٰ أو يكفر عنه سيئاته .

▣ [ شرح رياض الصالحين (٢٤٣/١) ]

 

 

Share

You may also like...