Эмнеге талак көп болууда? — Шейх Сулайман Рухейли

Шейх Сулайман ар-Рухейли айтып жатат:

? Биринчиден туугандар, мусулмандардын арасында талак өтө таң калычтуудай көп тарап көбөйдү.

Мага дүйнөнүн ар бурчунан телефон чалгандардын көпчүлүгү… М: Бир адам Австралиядан чалды, дагы бирөө Камбоджадан чалды – бул бүгүн эле. Алардын баары менден талак жөнүндө гана сурап жатышат.

Аалымдар жана акыл ээлери бул талак маселесин токтотуу үчүн ага терең көңүл буруулары керек. Себеби бул — жамандыктын жана адамдардын акылсыздыгынын белгиси.

Аларга Аллахты көп эскертүү керек, о.э. нике бул оор келишим экенин, аны кадырлоо керек экенин, адам болор-болбос эске алынбай турган себептер менен ажырашуусу туура эмес экенин эскертүү керек.

? Бугункү күндө аял күйөөсүнөн болор-болбос нерселер үчүн талак талап кыла берет.

Ансыз деле акылы алсыз болгон аялдарды телевизор жана соц.тармактар ого бетер бузду.

Бүгүнкү күндөрдө аялдарды алдап, турмушта болбой турган кайдагы бир сүйүүнү көргөзүшүп келет.

Байкуш аял үйүнө келип баягы телевизордон уккан сөздөрдү күйөөсүнөн укпайт, телевизордон көргөн сезимерди сезбейт. Анан күйөөсүнө келип: “Мен сени сүйбөйм, мага талак бер” – деп калат. Ошол телевизордон көргөн эркекти издеп баштайт.

? Ал эми кээ бир эркектердин бүгүнкү күндө акыл эстери кемдиги жана түшүнүктөрүнүн жоктогу байкалууда.

Майда-чүйдө себептерге эле талак бере берет.

Бирөө айтат: “Мен аялыма талак бердим” деди, эмнеге деп сурасам, “Апама окшой алган жок дейт”.

Субханаллах! Сенин апаң башка муундан, ал эми аялың башка муундан эмеспи?! Апаң башка бирөөнүн кызы, ал эми аялың башка бирөөнүн кызы. Ал апаңдай болбойт! Апаң ошол заманга ылайык атаңа кызмат кылчу. Өзүң азыркы муундан болгондой эле, аялың да сенин заманыңдан.

? Чындыгында бул маселе кайгылуу, жана аны болтурбоо жолдорун кароо керек, жана Аллахты көп эскертүү менен жана сабырдуулук менен чечүү керек. О.э. менин “Жубайлардын бактылуу болуусунун себептери” деген китебим бар, адамдар ошол китепти окушса [талак маселеси жонундо] жакшы пайдаларды алышмак.

? YouTube каналында: https://youtu.be/kr_0pxmBJ7w

? Аудио баян MP3 түрүндө көчүрүп алуу ⬇️ 0,6 mb

 

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter
Share

You may also like...