? Тилдин кесепети — Шейх Фаузан

Шейх Солих аль-Фаузан тилдин кесепети тууралуу баяндап, айтты:

«Пайгамбарыз ﷺ тилдин күнөөлөрү-н айтып, андан кайтарган кезде, Муаз ибн Жабаль (радиаЛлаху анху) сурайт:

О, Аллахтын элчиси! Ошондо биз сүйлөгөн сөздөрүбүз үчүн да суралабызбы?

Анда Пайгамбарыз ﷺ: “ о Муаз Апаң сенден арылсын! Адамдар тозокко жүздөрү менен ыргытылуусуна жалган сөздөрүнөн башка эмне себеп болмок эле?!” — деп жооп берет.

Андыктан тилди жаман, пайдасыз сөздөрдөн сактап жүрүү адам үчун милдет.

Адам тилин арам болгон жаман, пайдасыз сөздөрдөн тыйып сактоосу милдет экендиги тууралу акындар мындай деп айтат:

О, инсан Тилиңди сактап жүр.
Ал сени жылан сымал чагып албасын!
Кабырдагылардын канчасы тилдин айынан өлгөндөр.
Аны менен кезиккенден баатырлар да коркушкан.

Ошол үчүн мусулман адам өзүнүн тилин арам сөздөрдөн дайым сактап жүрүүсү милдет. Кала берсе пайдасы жок ар кандай тигил айтты, бул айтты деген сөздөрдү таштап тилин сактап жүрүүсү керек. Эгер инсан тилин сактаса — анда ал башка дене мүчөлөрүн да сактай алат.»

Оригинал бул жерде.

MP3 форматында көчүрүп алуу (0.5 Мб)

 

YouTube каналынан көрүү

 

 

@islamjolu
Telegram / FB / VK / Ok / Twitter
Share

You may also like...