Чыныгы достун белгиси кандай болот?

Достуктун бир мисалы …

Алдынкы соолих муундагы (салаф солих) адамдардын бири, досунун үйүнө келгенде, үйдүн ээси:

«Мага келгениңдин себеби эмне болду «деди,

Ал: » Менин мойнумда 400 дирхам карызым бар эле, ошону бере албай жатам» деди,

Досу үйүнө кирип, акча алып чыгып ага берип, үйүнө ыйлаган абалда кирет.

Аялы сурайт: «Акчаңан айрылууң, сени ыйлаганга алып келсе, өзүмө керек эле деп айтпат белен!?

Аялына: » Мен акчадан айрылганыма ыйлаган жерим жок! Ал менин алдыма келип, акча сураган даражага жеткенче, мен анын муктаждыгы менен, ишим болбой жургөндугумө ыйлап жатам» деди!

Ат-табсыра, 2/263

Share

You may also like...