Эмне үчүн зына Шариятта арам кылынды?

СУРОО. Куран Каримде зына тууралуу келген аятта ал арам экендиги, ал чоң күнөөлөрдүн катарына кирет экендиги баяндалат. Зынанын арам болгонунун себеби – насаб (кан, тукум) аралашып кетпеш үчүн. Бирок Ислам динин каршылаштары азыр айтып жүрүшөт: “Зина арам болуу себеби бойго бүтүүдөн тоскон таблеткаларды колдонуу менен жоюлду. Демек зынынын арам болуу себеби кеткен соң – аны кылуудан эч нерсе тоспойт”. Бул маселенин жообу кандай болот?

 

ЖООП. Фетвалар боюнча Туруктуу Комитет жооп берди:

 

Зинанын арамдыгы Куран, Сүннөт жана Ижмаъ (жалпы мусулман аалымдарынын бирооздон пикири) менен тастыкталат, мейли анын арам экендигинин себептери [бизге] белгилүү болдубу жана белгисиз бойдон калдыбы. Белгилүү болгондору:

— тукумду таза сактоо;

— аялдардын жана алардын туугандарынын намысын тепселенүүдөн сактоо.

 

Шарият маселелеринде көптөгөн даанышмандыктар камтылган. Кээ бир адамдарга ал маселелердин бир жагы билинбей калышы мүмкүн. Ошондуктан, негизинде Шариатта кандай маселе келсе – аны кабылдоо керек, анын себептери көргөзүлсө да, көргөзүлбөсө да.

 

Тукумду таза сактоо – зинакордуктун арамдыгынын жалгыз себеби эмес. Бирок, жалгыз себеби гана деген учурда да – “бойго бүтүрбөй коюп, зина кылып жүрө берсе болот” деш эч уруксат эмес.

 

Себеби, кайсы нерсени Аллах түбөлүккө арам кылган болсо – аны кылуу мусулман үчүн арам болот, мейли ал киши себеп деп ишенген нерсеси табылса да, табылбаса да. Анткени, Аллах Таала – Өзүнүн пенделери үчүн түзгөн шариат жана тагдыр мыйзамдарында – Даанышман жана Билүүчү. Эгер кээ бир учурда зынакордук уруксат болгондо Аллах Таала аны ачык баяндамак. “Сенин Роббиң унутчаак эмес” (Куран 19:64).

 

Фетва №2758, 2-суроо.

 

Илимий Изилдөөлөр жана Фатва Берүү боюнча Туруктуу Комитет (Сауд Аравиясы)

Төрага: Абдулазиз Ибн Абдуллах Ибн Бааз

Төраганын орун басары: Абдуразак Афийфи

Мүчөсү: Абдуллах Ибн Куъуд

© ИсламЖолу

 

Share

You may also like...