Орозо кармоонун эрежелери (толук)

Орозо — Ислам дининин чоң ибадаттарынын бири. Анын өзүнүн эреже-шаттары бар. Эгер Шариат көрсөткөн тартипте орозо кармалса — ал кабыл болот, мына ошондо ага сооп жазылат. Бул эрежелерди болушунча бир макалага чогултуп, назарыңыздарга берүүгө аракет кылдык. Бардык мактоолор Аллахка болсун, Ал гана бардык ийгилик Ээси!

Орозо деген эмне?

Орозо – Жаратканга сыйынуунун бир түрү, Исламдын негизги беш түркүгүнүн төртүнчүсү. Бул ибадатта таң аткандан баштап күн батканга чейин тамак-суу ичүүдөн, жыныстык мамилеге баруудан же башка оозду ачып жиберчү себептерден пенде сактанат. Шариатта орозо Саум (صوم) же Сыям (صيام) деп айтылат. Тилдик мааниси: кармануу, сактануу.

Орозонун мааниси – такыбалыкты күчөтүү, Аллахка болгон берилүүнү чыңдоо, ачкалыкты сезип кедей-кембагалдардын абалын түшүнүү, напсини башкарганга үйрөнүү. Ошондой эле орозо адамдын ден-соолугун чыңайт, иммунитетин көтөрөт. Адамга аба, суу, тамак кандай керек болсо, орозо да ошондой эле керек.

Орозонун түрлөрү

Орозо нафиль (адам өз ыктыяры менен туткан) жана фарз (милдеттүү) деп экиге бөлүнөт.

Нафиль орозону каалаган күнү тута берсе болот. Бир гана эки майрам учурунда (Орозо жана Курман айт) жана Жума күнүн жалгыз калтырып, Бейшемби же Ишенбини кошо тутпай, орозо кармаса болбойт.

Нафиль орозонун өзгөчүлүгү: напиль орозого адам эртең менен күн чыккандан кийин дагы ниет кылып орозо баштай бере алганы (эгер эч нерсе жебеген болсо). Ал эми парз орозого ниетти кечинде кылыш керек, саарлыктан өтүп кетсе ниет кабыл болбойт.

Фарз орозонун түрлөрүнө Рамазан айында тутулчу орозо кирет. Рамазан айындагы орозо исламдын беш түркүгүнүн бирөөсү, ыймандын бир шагы. Бул орозонун милдеттүүлүгүн четке каккан адам каапыр болуп калат.

Рамазан айында орозо тутуу парз экендигине далил

«(Силер орозо кармай турган санактуу күндөр – бул) Рамазан айы. Бул айда адамдарга хидаят – туура жол болуп, хидаят жана фуркандан турган анык далилдер катары Кураан түшүрүлдү. Жана силерден кимде ким (жаңы) айды көрсө – орозо кармасын! Жана ким оорулуу же сапарда болсо, башка күндөрдүн эсебинен (тутуп берет). Аллаh силерге жеңил болуусун каалайт, оор болуусун каалабайт. (Орозо) санакты толук кылууңар (калтырбай тутууңар) жана силерди туура жолго салганы үчүн Аллаhты даңазалашыңар үчүн жана Аллаhка (көп-көп) шүгүр кылууңар үчүн (парыз кылынды)» (Куран, аль-Бакара2:185)

Ибн Умар (радыйаллаху ‘анху) баяндаган хадисте Пайгамбарыбыздан ﷺ төмөндөгү хадисти уккандыгын баяндайт: «Ислам беш негиздин үстүнө курулган: Алладан башка илях жок, Мухаммед анын элчиси экендигине күбөлүк берүү; намаз окуу; зекет берүү; ажылык милдетин өтөө; Рамазан орозосун тутуу» (аль-Бухари, Муслим)

Орозонун пазилети тууралуу хадистер

Абу Хурайрадан риваят Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Адам баласынын ар бир жакшы иши эселенип жазылат. Сооп ишке эң кеминде 10 эсе көп сыйлык берилет, бирок 700 же андан көп эсеге да көбөйүшү мүмкүн. Аллах Таала айтат: «Бир гана орозодон башкасы, чындыгында орозо Мен үчүн жана анын сыйлыгын Мен Өзүм берем. Себеби адам шахватын жана тамагын Мен үчүн таштайт». Орозо тутуучуну эки кубаныч күтөт: бири ооз ачууда, экинчиси өз Раббисин жолуккан учурда. Чындыгында орозо тутуучунун оозунан чыккан жыт Аллах үчүн мисктен (атырдан) жагымдуураак” (Муслим: 1151)

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Орозо – пенде Тозок отунан коргоно алчу калкан” (ат-Табарани “Кабир”. Хадис хасан. Кз. «Сахих аль-джами’» 3867)

Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Ким Аллах үчүн бир күн орозо тутса Аллах аны Тозоктон жетимиш жыл алыстатып коёт” (Ан-Насаи: 2247; шейх аль-Альбани хадисти сахих деди «Сахих Сунан ан-Насаи» 2121)

Кошумча окуу: Орозонун артыкчылыктарын баяндаган хадистер

Орозонун эрежелери

Рамазандын башталышы жана бүтүшү

Рамазан айынын башталышы 2 учурдун бирөөсүндө болот: же 1 адилетүү киши жаңы айды көрүшү жана ал тууралуу адамдарга кабарлашы менен;  же шаабандын 30-күнү бүтүшү менен.

Ибн Умар риваят кылган хадисте келет Аллахтын Элчиси ﷺайтты дейт: “[Жаңы айдын] көрүнүшү менен орозо туткула жана [кийинки жаңы айдын] көрүнүшү менен орозону токтоткула. Ал эми булуттар тоскоолдук кылып [айдын чыгышы же чыкпашы көрүнбөй] калса анда отуз күн деп эсептегиле” (аль-Бухари: 1900; Муслим: 1080)

Кошумча окуу:  Рамазан бул жылы качан башталат? Так датасы.

Шектик деген эмне?

29-Шаабан шектик күнү деп аталат. Эртең орозо тутабызбы же жокпу шектенген үчүн «шектик» же «чектик» деп аталат.

Бул күнү шам намазынан кийин ай каралат: эгер ай көрүнсө эртеси Рамазан башталат, ал эми көрүнбөй калса анда эртеси 30-Шаабан деп эсептелет да Рамазан андан кийинки күнү башталат.

Шек куну – Рамазандын алдын 1-2 кун орозо туту болбойт. Хадисте келет: “Бир же эки күн Рамазандын алдын эч кимиңер орозо тутпагыла. Бир гана адаттагы орозосу болгондорго бул күнү орозо тутуу болот” (аль-Бухари: 1914; Муслим: 1082), б.а. адаттагы орозо деп мисалы кайсыл бир киши ар Дүйшөмбү жана Бейшемби тутуп жүрсө жана бул күндөр шектикке туура келип калса – анда ал тута берсе болот. Ал эми Рамазандын 1-2 күн алдын атайылап орозо тутуу уруксат эмес.

Шектик — Арапа эмес. Кээ бирлер Шектик күндү АРАПА деп Курман айттын алдындагы күн менен алмаштырып жатышат.

АРАПА – Курман Айттын алдындагы 1 күн.

ШЕКТИК – Рамазан айынын алдындагы 1-2 күн.

Шектик күнү эмне кылыш керек деп шариатта эч нерсе айтылган эмес. Кээ бирлер бул күнү даамдуу тамак жасап, майрамдай тосушат. Бирок бул аят-хадистерде айтылган эмес, демек андай кылбай эле коюу дурус.

Шектик күнү болгону кечинде ай каралат. Шариатта келген иш ошол жана ошону менен эле чектелүү зарыл.

Рамазан айынын аякташы 2 учурдун бирөөсүндө болот: же 2 адилетүү киши жаңы айды көрүшү жана ал тууралуу адамдарга кабарлашы менен;  же Рамазандын 30-күнү аякташы менен.

Бир шаарда ай көрүнсө башка шаарлар да орозо тута башташ керекпи?

Бул тууралуу илим ээлеринин арасында бир нече кайчы пикирлер бар. Алар:

Биринчи пикир: жок, ар бир шаар (мамлекет) өзүнчө тутат, себеби ар бири өзүлөрү өз айын көрүшү керек;

Экинчи пикир: бири-бирине жакын мамлекеттер эгер бирөөсүндө ай көрүнсө башкалары да тута башташ керек, бирок алыс жактагы мамлекеттерге бул тиешеси жок;

Үчүнчү пикир: бир мамлекет ичинде жайгашкан шаарлар кайсынысынын бирөөсүндө ай көрүнсө башкалары да тута баштайт;

Төртүнчү пикир: жана бул туурараагы – ооба, бир мамлекетте ай көрүнсө башка мамлекеттер да тута баштоосу керек. Себеби Зиль-Хижжа айынын кириши, Арафат, Курман Айттын башталышы дагы ай менен  каралат, бул маселеде бардык мамлекеттер Меккени карагандай эле орозодо дагы башка мамлекеттер бир мамлекетти кароосу зарыл. Эгер дүйнөнүн бир мамлекетинде ай көрүнсө ал башкаларга кабарласа – башка мамлекеттер дагы орозо тута башташы керек.

Орозо кимге милдеттүү?

Парз орозону бойго жеткен (мукалляф), акылы толук, бир жерде отурукташкан (мукым) ар бир мусулман кишиси тутуусу милдет. Мусапырлар, жаш балдар жана орозодон үзүрү барлар андан бошотулат. Айызы келген же төрөт канын көрүп жаткан аялдар убактылуу, каны токтогуча орозо кармашпайт. Рамазан бүткөн соң карыз күндөрүн тутушат.

Боюнда бар жана эмизип жаткан аял орозо тутабы? Бул анын ден-соолугуна байланыштуу. Орозо кармоо менен өзүнө же баласына зыян тийгизүү коркунучу болсо орозо кармоо бул учурда болбойт, бирок кийин мүмкүнчүлүк болгондо кайра ошол күндөрдү карыз кылып тутуп берет.

Кармалбай калган орозону башка күнү тутуу Куранда айтылган: “Ким оорулуу же мусапыр болсо башка айда ошончо күн орозо тутат” (Бакара сүрөсү, 185-аят). Карыз орозо да парз болуп эсептелет.

Орозодо ооз жабаарда айтылчу сөздөр. Орозодо кандай ниет кылынат? Ооз жабуу дуасы жана Ооз ачуу дубасы.

Эртең мененки саарлыкта атайын айтылчу сөздөр жок. Эртең менен ооз жабууда тил менен “ниет кылдым орозо кармоого” деп айтуу сахих хадистерде баяндалбаган.Себеби ниеттин орду жүрөк. Тескерисинче, орозо кармоого ниетти тил менен айтыш – бидаат. Ооз жапканга туруп соор ичкен кишинин орозо кармоого ниети бар экени анык, демек кошумча кылып тил менен айтуу – бул диңге киргизилген жаңы нерсе. Сүннөт менен эле чектелип, жаңы нерселерден сактануу керек.

Парз орозого ниетти күн чыкканга (багымдатка) чейин кылуу керек. Эң абзели жатаарда ниет кылып жатуу. Ал эми напил орозонун ниетин тамак жебеген болсо түшкө чейин деле кыла берсе болот.

Ал эми ооз ачканда «Захаба-з-зомма, ва-б-таллати-ль-ъуруук, ва сабата-ль-ажру ин шаа Аллах» (хадис, Абу Дауд: 2359, сахих) деп айталыт. Мааниси «Чаңкоо кетти, тамырлар нымга толду, Аллах кааласа сооп да пайда болду».

Толугу менен окуу:

 Ооз ачуу дубасы. Орозодо ооз ачуу (ифтар) адеби (сүрөт менен)

Сухур менен Ифтар жөнүндө айтылган хадистер

Орозодо жакшы көрүлгөн амалдар (Мустахаббат ас-Саум)

  • Ифтар келгенде ооздуу эртерээк ачууга шашылуу. Хадис: “Адамдар ифтарды эртелетип жатканчакты дайым жакшылыкта боло беришет” (аль-Бухари, Фатх, 4/198).
  • Курма менен ооз ачуу, ал болбосо суу менен. Пайгамбарыбыз ﷺ намаздын алдында жашаң курма менен ооз ачкан учурлары болгон, жаңысы жок болсо кургак курма менен, экөө тең жок болсо бир нече ууртам суу ичип алчу (ат-Тирмизи: 3/79).
  • Ал эми сухурду болушунча кечиктируу. Эрте эле жаап албай, болушунча убактысы келгиче созуу. Сухур убактысы деп 50 аят окулчу мөөнөттү айтабыз. Сухурга тамак бышыруу шарт эмес, суу менен болсо да сухур кылуу абзел. Хадис: «Сухурда береке бар, аны калтырбагыла. Бир ууртам суу болсо да аткаргыла. Акыйкатта, Аллах сухур кылган адамдарды мактайт, периштелер алар үчүн дуба кылышат» (Ахмад). «Сухур кылгыла, анда береке бар» (аль-Бухари, Фатх: 4/139). Мындан тышкары мусулмандардын орозосу менен Ахлю-ль-Китабтын орозосунун айырмасы – сухур. Мусулмандар сухур ичишет, алар болсо жок (бул тууралуу сахих хадис Абу Даудда келет: 2345).
  • Таравих намаздарын калтырбай дайым окуп туруу: “Ким Рамазан айында [түнкү таравих] намаздарын ыйман жана сооп үмүт кылып окуса – буга чейинки күнөөлөрү кечирилет” (аль-Бухари)
  • Башка убакытка караганда күнөөлөрдон көбүрөөк сактануу. Хадис “Ким [орозо учурунда] жалган сөздөдү жана жалган иштерди таштабаса – Аллах анын тамак жана ичимдиктерин таштаганына муктаж эмес” (аль-Бухари, ас-Саум: 1804)

Кошумча окуу: Таравих намазынын сообу

Орозону эмне бузат? (Мубтилат ас-Саум)

Орозону бузат, күндүзү:

  • Атайылап бир нерсе жеш же ичиш
  • Эрди катын жыныстык мамиле кылышы
  • Атайын кусуу
  • Аялдардын этек кири (хайз) келиши
  • Аялдардын төрөттөн кийинки каны (нифас) келиши
  • Атайылап урук суюктугун чыгаруу – истинмаа (мастурбация)

Аллах Таала айтты: “Мына эми, аялыңар менен (орозо күндүзү эмес, түнүндө) кошула бергиле жана Аллаh силерге жазган нерсени ниет кылгыла. Жана тээ таң мезгилинен ак жип кара жиптен ажыраганы силерге анык билингенге чейин (б.а. түн бүтүп күндүн ак шооласы пайда болгонго чейин) жей бергиле, иче бергиле. Андан соң (саарлыктан) кийин орозону түн киргиче толук уланткыла.” (Куран, аль-Бакара 2:187)

«Эгер орозо экенин унутуп ичип же жеп алса  да орозосун улантсын (оозун ачып жибербесин). Аллах аны ырыскыландырыптыр» (аль-Бухари, Фатх: 1933).

Байкабай оозуна бирдеме алып, кийин эстеп кетсе дароо анысын оозунан чыгарып таштасын. Эгер унутуп жутуп же ичип алса да эч нерсе эмес. Бул үчүн орозосу бузулуп калбайт, орозосу туура эле болот, кийин каза же  кафарат (штраф) төлөп бербейт.

Ким убактысы келди деп оозун ачып жиберсе же келе элек деп саарлык кылып жатып кийин билип калса дароо токтотсун – бул ката кечирилет, орозосу дурус, каза жок.

Ким өзү каалабастан кузса казасы жок (орозосу туура эле болот), бирок атайылап кузса бул күндүк орозосу бузулат, оозу ачылат, ошону менен эле бирге кечке чейин эч нерсе жебейт-ичпейт, бирок ал күндүн кийин казасын тутуп берет. (Имам Ахмаддан келген хадис).

Кошумча окуу:

Рамазандын күндүзү жыныстык катнаш кылып алсам эмне болот?

Айыз учурунда аялдын орозосу.

Орозону эмнелер бузбайт? (Мубахат ас-Саум)

  • Даарат алууда ооз-мурунду чайкоо (бирок сууну терең албаш керек).
  • Ооз жапкан учурда жунуп абалында болуу (хадис Айша).
  • Күндүз өз ыктыярсыз түшүркөп, урук суюктугунун агып калышы (ихтилам болуу).
  • Ысып кеткенде ваннага жуунуу, душ алуу.
  • Аялын өбүү, кучактоо (бирок эгер дүүлүгүп кетип аялына жакындык кылып жиберүү коркунучу болсо — анда өбүү жана кучактоо болбойт).
  • Муктаждык болгондо этиаттап балага тамагын чайнап беруу, тамактын даамын татуу.
  • Атыр же крем колдонуу.
  • Муктаждык болсо азык болбогон, куч-кубат бербеген дары алуу.
  • Ооз жапкандан кийин тиште калып калган тамактын калдыктарын жутуп жиберүү.
  • (Жаман сөз сүйлөө, сөгүнүү, ушак айтуу орозону бузбайт, бирок сообун азайтып, таптакыр жок кылып салышы мумкун)

Кошумча окуу:

Орозо учурунда түшүркөп калуу. Күндүзү жунуп болсо орозо бузулабы?

Орозо учурунда душка түшсө болобу?

Орозону бузган адамдар кантип аны толуктайт? (Кафарат ас-Саум)

  • Висоль – күндүзү орозо тутуп, бирок ифтар убактысы келгенде оозун ачпастан түнү менен да орозо кармап, кийин саарлыкта да аш ичпестен кийинки күнгө орозону улантып кетүү. Бул нерсени кылуу арам, тыюу салынат.
  • Ким орозонун күндүзү аялы менен жыныстык катнаш кылып оозун ачып салса – анын штрафы (кафарат) – бир кул азат кылышы керек, эгер кул жок болос 2 ай удаа орозо тутат, эгер күчу жетпесе 60 адамды тойгузат.
  • Атайылап кузса анын орозосу бузулат, бул үчүн Рамазан бүткөн соң 1 күн казасын тутуп берет.
  • Орозонун күндүзү атайылап тамак же ичимдик ичкен кишинин орозосу бузулат. Ал үчун ал кийин бир күн каза орозо тутуп бериш керек.

Кошумча окуу:

Рамазандын күндүзү жыныстык катнаш кылып алсам эмне болот?

Карыз орозону кармаган учурда жыныстык катнаштын өкүмү.

Рамазандын күндүзү тамак жеген адамдын тиги дүйнөдөгү жазасы

Орозонун казаларын кантип толтуруу керек?

Шариат үзүрү менен Рамазанда орозо тутпагандар кийин казасын тутуп бериши парз болот.

СУРОО. Рамазандан калган күндөрдү ошол Рамазан айындагыдай кылып удаа тутуш шартпы?

ЖООП. Жок, шарт эмес. Кийинки Рамазан келгиче кайсыл бир күндөр болбосун карыз орозолорду тутуп берсе болду. Удаа тутуш шарт эмес.

Айша (Радияллаху анха)  айтат: “Кээде менде Рамазандын каза орозолору калып, аны бир гана Шаабан айында тутуп берүүгө мүмкүнчүлүгүм болчу” (аль-Бухари: 1849:Муслим: 1146). Ибн Хажр айтат: «‘Айшанын Ша‘бан айында болсо да карыз орозолорун тутуп берүүсүно умтулуусунан бизге белгилүү болот – кийинки Рамазан киргиче эски карыз орозолорду тутпай калтыруу уруксат эмес» (Фатх аль-Бари. 4/191).

Напил орозолор

Напиль — милдеттүү эмес, ыктыярдуу ибадат. Пенде кылса сооп табат, кылбаса күнөө жок.

Напиль орозолордун түрлөрү көп:

Шавваль айынын алты күн орозосу. Рамазан айынан кийин Шаввал айы келет. Ал айда 6 кун орозо кармоо сунушталат. Ким кармабаса куноо болбойт. Бирок Рамазанды толук кармап, Шаввалда да 6 кун кармаса = 1 жыл бою орозо кармагандай болот (сообун алат) делет. Толугураак окуу: Шавваль айынын орозосу.

Зуль-Хижжа айынын тогуз күндүк орозосу. Арафат күнүнүн орозосу. Пайгамбар ﷺ төрт нерсени таштачу эмес деп айтылат: Ашура орозосун, зул-хижжанын он күнүндөгү орозону, ай сайын үч күн орозону жана таң намазынан алдыңкы эки рекетти (Ахмад: 6/287). Толугу менен: бул жерде.

Мухаррам айынын орозосу. Ашура күнү. Пайгамбар (саллоЛлооху алейхи ва саллям) айткан: 【Рамазан айынын орозосунан кийинки эле эң абзел орозо — Аллахтын айы — Мухаррамдагы орозо】 (Муслим: 1163). Толугураак окуу: Бул жерде.

Шаабан айынын орозосу. Бул айда Пайгамбарыбыз ﷺ көп напил орозо тутчу. Эмнеге дегенде бул айда пенделердин амалдары ааламдардын Раббиси Аллах Субханаху ва Тааланын алдына көтөрүлүп, каралчу ай. Толугу менен окуу.

Андан тышкары:

  • Аптасына эки күн орозо тутуу: Дүйшөмбү жана Бейшемби.
  • Айдын ак күндөрү үч күн орозо тутуу: 13, 14, 15 ай толгон күндөр.
  • Андан тышкары ким кааласа кайсыл учурда орозо тута берет, бир гана Орозо Айт, Курман Айт жана  Жума күнүн жалгыз калтырып, Бейшемби же Ишенбини кошо тутпай, орозо кармаса болбойт. Андан тышкары бардык күндөрү тутуу уруксат.

Аялдардын орозосу

Аялдардын орозосуна тиешелүү кээ бир маселелерге шилтеме:

Айыз учурунда аялдын орозосу.

Боюнда бар аял жана эмизген аял орозо кармаса болобу?

Аялдар таравих намазын окуса болобу?

Эки айт арасында нике кыйса болобу? Рамазанда, Сапар айында үйлөнүү болобу?

Валлаху аълям бис-саваб.

______________

📚 Колдонулган булак: Имам аш-Шавканий «Дурар ал-Бахия»“Орозо”китеби

@islamjolu
Share

You may also like...