Орозо кармабаган адам тиги дүйнөдө …

Орозо кармабаган адам тиги дүйнөдө азапталат. Парз болгон орозого көңүл кош мамиле кылгандын жазасы.

Абу Умама аль-Бахили айтат, Аллахтын Элчиси (ﷺ) минтип айтканын уктум:

«Күндөрдүн биринде мага түшүмдө экөө келишти. Алар мени ийиндеримен алышып, кыйналып көтөрүлө турган тоого алып келишип, анан “Чык!” деп айтышты.

Мен жооп бердим: ”Мен чыга албаймын!”.

Айтышты: “Биз сага жеңилдетип беребиз”. Ошондо мен тоонун чокусуна жеткиче көтөрүлө баштадым.

Бир кезде ачуу чыңырыктарды уктум. “Бул эмне кыйкырыктар?” деп сурадым. Айтышты: “Бул Тозок ээлеринин кыйкырыктары”.

Кийин арыраак барганда тарамыштарынан асылган, тытылган жаактарынан кан аккан адамдарды көрдүм. “Бул кимдер?” деп мен сураганда алар жооп беришти – “Булар убактысынан эрте ооз ачкандар” »

? (ан-Насаи “Сунануль-кубра”: 3273, сахих)

Бир тууган! Орозого көңүл кош кылып убактысынан эрте тамак жеп жиберген кишинин жазасы ушунчалык катуу болсо – эч себепсиз орозо кармабаган адамдын акыбалын элестетип көрүңүз!!

Демек Орозо тутпаган адамдын жазасы мындан кыйын. Себепсиз орозо кармабаган киши – чоң күнөө таап жатат.

@islamjolu
Share

You may also like...