Жамаат намазы 7 маселеде — Шейх Раслян

بِسْمِ اللّهِ الرَّحْمنِ الرَّحِيمِ

Шейх Мухаммад Саид Раслян айтты:

 

✨ [1-маселе: Жамаат намазынын пазилети]

Жамаат намазынын пазилети тууралуу көптөгөн хадистер келген. Мисалы:

Ибн Умар (радийаЛлооху анхума) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ  айтты: “Жалгыз окуганга караганда, жамаат менен  — намаз — окуу жыйырма жети даража жакшыраак” (Бухари: 645; Муслим:650).

Абу Хурайрадан (радийаЛлооху анху) риваят, Аллахтын Элчиси ﷺ  айтты: “Адам үйүндө же базарында намаз окуганга караганда – жамаатта окуганы жыйырма беш эсе көп эселенет” (Бухари: 647; Муслим:649).

Абу Хурайра (радийаЛлооху анху) айтат: «Пайгамбарга ﷺ бир сокур киши келип: “О, Аллахтын Элчиси! Мечитке мени жетелеп бара турган жанымда кишим жок”, — деп айтып, үйүндө намаз окууга уруксат берүүсүн суранды. Пайгамбар ﷺ ага уруксат берип, бирок тиги кетип бара жатканда: “Азандын үнүн угасыңбы?” деп сурады. Сокур киши: “Ооба, угам” деди. Пайгамбар ﷺ ага: “Анда азанга жооп бер” – деп айтты» (Муслим: 653) ж.б. хадистер.

 

? [2-маселе: Жамаат намазынын пайдалары]

Намаз жамаат менен окулуусу Шариатта милдет болгондугунда көптөгөн хикмат-даанышмандыктар жатат. Алардын ичинде:

  • Жамаат намазы себептүү мусулмандар арасында сүйүү мамилеЛери таркайт. Себеби мечитке келген сайын бири-биринин акыбалдарЫнан кабар алышып, оорулуу адамдарды зыярат кылышып, жаназа болсо ага катышып, муктаждарга жардам беришип жана адамдар бири-бири менен жакындан таанышышат.
  • Жамаат намазы – мусулмандарДын биримдиГИН жана күчүн көрсөтөт, дин душмандарЫНЫН ачуусун келтирет.
  • Жамаатка келгендер өз ара жек көрүү жана жаман ойлордон алыс болушат, шайтандар алардын арасында чыр-чатак салуусуна жол беришпейт.
  • Жамаатта – жакшы сооптуу иштерге жүрөктөр биригип, ынтымак жана биримдик күчөйт. Ошонтуктан Пайгамбар ﷺ  айтты: “[Сапта] ийри-буйру турбагыла, антпесе бири-бириңерге жүрөгүңөр кайчылашып калат” (Абу Масъуд (радияллооху анху) риваят кылган хадис. Муслим: 432).
  • Жамаат намазынын дагы пайдаларынан: илимсизди үйрөтүү, сооптуу көбөйтүү жана ибадатка шыктануу – себеби мусулман башка мусулмандардын сооптуу иштерди кылып жатканын көргөндө, аларды туурагысы келет.

Ибн Умар (радийаЛлооху анхумаа) риваят кылган хадисте Пайгамбарﷺ  айтты дейт: “Жалгыз окулган намазга караганда, жамаат менен окуу жыйырма жети даража жакшыраак”, хадистин риваятында “жыйырма беш эсе” деп келет.

 

? [3-маселе: Жамаат намазы’нын өкүмү]

Жамаат намазы – сапарда да, өз жеринде да, тынччылыкта да, коркунучта да – эркектерге милдет.

Жамаат намазы парз ъайн экенинин далилдери Куран-Хадисте келет. Мусулмандар да тээ илгертен, кылымдан кылымга бул нерсени карманып келишкен.

Аллах Таала коркунуч учурунда жамаат менен кандай намаз окуш керектигин Куранда баяндап айтат:  “Эгер сен адамдардын арасында [имам болуп] намаз окуучу болсоң, сени менен бирге алардын бир тобу турушсун…” (Куран, ан-Нисаа 4:102). Коркунуч учурунда да жамаатты таштоого Аллах уруксат берген жок.

Абу Хурайрадан (радийаЛлооху анху) риваят, Пайгамбар ﷺ  айтты: “Мунафиктерге эң оор намаз – бул куфтан жана багымдат. Эгер ал экөөндө эмне бар экенин билишкенде, сойлоп болсо да келишмек. Менде ушундай бир каалоо болду: азан чакырттырып, коомат айттырып, бир кишини имам кылып дайындап, өзүм болсо отун көтөргөн кээ бир адамдар менен барып, жамаат намазга келбегендердин үйлөрүн өрттөп жиберүүнү кааладым” (Бухари: 644; Муслим: 651).

Бул хадисте жамаат намаз парз экени көрүнүп турат. Себеби:

1) ага келбеген адамдар мунафик деп сыпатталды. Эгер жамаат “сүннөт” амал болгондо антип айтылбайт эле.

2) ага келбегендерди Пайгамбар ﷺ  жазалайын деди, ал эми жаза бир гана парзды таштоочуга берилет. Аларды жазалоодон тоскон нерсе – От менен бир гана Аллах азаптайт экени; жана ал үйлөрдө аялдар жана жаш балдар бар болгону, жамаатка келүү аларга парз эмес эле.

 

Сахих Муслимде, Абу Хурайрадан (радийаЛлооху анху) келген хадисте Пайгамбарга ﷺ бир сокур киши келип: “О, Аллахтын Элчиси! Мечитке мени жетелеп бара турган жанымда кишим жок”, — деп айтып, үйүндө намаз окууга уруксат сураганы айтылат. Пайгамбар ﷺ ага уруксат берип, бирок тиги кетип бара жатканда: “Азанды угасыңбы?”, — деп сурайт. “Ооба”, — деп жооп берет. “Анда ага жооп бер”, – деп Пайгамбар ﷺ ага айтат» (Муслим: 653).

Сокур кишиге кыйын болгонуна карабастан, Пайгамбар ﷺ ага азанга жооп берип, мечитке келип, жамаат менен намаз окуусун буюрат. Бул хадисте да жамаат намаз — парз экенине далил бар.

Ибн Масъуд (радийаЛлооху анху) айтат: “Биздин учурда жамаат намазды эки жүздүүлүгү анык болгон мунафиктер эле ташташчу. Эки адамга таянып болсо да, келе алгандар, мечитке келишип, сапка турушчу” (Муслим: 654).

 

Жамаат намазы’на келбей калуунун эки жагдайы бар

✅ Биринчиси. Эгер бир инсандын адатында жамааттан калуу жок. Бирок, ал үзүрү үчүн – оору же коркунуч сыяктуу жүйөлүү себептен улам келбей калса – ага жамааттын сообу жазылат. Сахих хадисте келет: “Эгер пенде ооруп калса же сапарга кетсе – соо жана үйүндө жүргөндөгү амалдарынын сообу жазыла берет” (Абу Мусадан (радийаЛлооху анху) риваят кылынган бул хадис “Сахих” Бухариде келет: 2996).

❌ Экинчи жагдайы. Эгер киши үзүрү жок, эч себепсиз жамаатты калтырып, жалгыз намаз окуса – көпчүлүк аалымдар анын намазын дурус дешет – бирок чоң сооптон кур-жалак калат. Себеби жалгыз окуганга караганда, жамаат менен окуу жыйырма жети даража абзел. О.э. мечитке бара жаткандагы кадамдарга берилчү сооптон кур калат. Бул чоң сыйлыктарды албай тим калбастан, анын үстүнө, парз амалды таштаган үчүн – күнөөкөр да болот.

 

? [4-маселе: Мечиттеги намаздын пазилети]

Жамаат менен намаз окулчу жер – мечит. Демек, намазды мечиттерде окуу милдет.

Аллах Таала айтты: “Аллах курулушуна уруксат берген үйлөрдө (мечиттерде) Аллахтын аты зикр кылынат. Ал жерде Аллахты эртели-кеч тасбих кылган эр-азаматтар бар. Ал эр-азаматтарды Аллахтын зикиринен, намаз окуудан жана зекет берүүдөн соода дагы, алды-сатты дагы алаксытпайт! [Анткени] алар, көздөр жана жүрөктөр оодарылып кала турган [Кыямат] Күндөн коркушат” (Куран, ан-Нур 24:36-37).

Ибн Аббас (радийаЛлооху анху) риваят кылган хадисте, Пайгамбар ﷺ  айтты дейт: “Ким азан угуп, ага эч үзүрсүз барбай койсо – анын намазы кабыл эмес” (Ибн Мажа: 793; Даракутни: 1555; … Шейх Альбани хадисти сахих деди “Мишкат”: 1077).

Алинин (радийаЛлооху анху) айтканы келтирилет: “Мечиттин жанында жашаган адамдын намазы – бир гана мечитте болот” (Байхаки: 4942; Сахих иснад менен келтирет. Абдурразак: 1915).

 

? [5-маселе: Жамаат — канча кишиден туруш керек?]

Имам менен бир киши окуса дагы жамаат болуп эсептелет. Мейли ошол кошулган кишиси жаш бала же аял болсун. Жамаатта адамдардын саны канча көп болсо – ошончо Аллахка сүйкүмдүүрөөк болот.

Ибн Аббас (радийаЛлооху анху) айтат: “Бир күнү таяжем Маймунанын үйүндө түнөдүм. Пайгамбар ﷺ  түнкү намазды окуш үчүн турду, мен дагы намаз окуюн деп, сол жагына туруп алдым. Ал болсо мени башыман кармап, өзүнүн оң жагына тургузуп койду” (Бухари: 726; Муслим: 763).

Расулаллах ﷺ  айтты: “Ким түн ичинде өзү туруп, аялын кошо ойготуп, экөө жамаат менен эки рекет окушса – Аллахты көп эскерген эркек-аялдардан деп жазылышат” (Абу Дауд: 1309, 1451;  Хаким: 1189. Сахих иснад менен келтиришти. Шейх Альбани хадисти сахих деди).

Абу Саид аль-Худрий (радийаЛлооху анху) айтат: “Бир киши мечитке кирет. Пайгамбар ﷺ сахабалары менен намаз окуп бүтүп коюшкан болот”. Ошондо Аллахтын Элчиси ﷺ: “Ким бул кишиге садака кылып, аны менен намаз окуйт?”, — деп айтат. Адамдардын арасынан бир киши туруп, аны менен намаз окуйт (Ахмад: 11019; Абу Дауд: 574; Тирмизи: 220; Сахих иснад менен келтиришти. Шейх Альбани хадисти сахих деди).

Жалгыз намаз окуганга караганда, бир киши менен окуу жакшыраак. Себеби, жамаатка Аллахтын мээрими жана сакинасы түшүп турат, сооп көбүрөөк болот, күнөө көп кечирилет.

Убай ибн Кааб (радийаЛлооху анху) риваят кылат, Аллахтын Элчиси ﷺ айтты: “Жалгыз намаз окуганга караганда, бир киши менен окуу сооптуураак. Бир киши менен окуганга караганда, эки киши менен окуу сооптуураак. Саны канча көп болсо, ошончо Аллахка сүйкүмдүүрөөк болот” (Ахмад: 21265; Абу Дауд: 554; Насаи: 843. Хасан иснад менен келтиришти. Шейх Альбани хадисти хасан деди).

 

? [6-маселе: Аялдарга мечитке келиш парзбы?]

Аялдардын мечитке келиши жана аялдардын үйүндөгү намаздарынын артыкчылыгы.

Аялдарга мечитке баруу, жамаат намазына катышуу уруксат, бирок бир гана шарт менен: кооздуктар жана атыр сыяктуу шахватты козгоочу, фитнага алып баруучу нерселерден таза болуп. Аллахтын Элчиси ﷺ  айтты: “Аялдарды мечиттерден тыйбагыла. Алар чыкса атырланбайт чыгышсын” (Ахмад: 9645; Абу Дауд: 565. Шейх Альбани ж.б. сахих дешти).

Пайгамбар ﷺ  айтты: “Кайсы аял атыр себинип алган болсо, биз менен Куптан намазын чогу окубасын” (Муслим: 444).

Пайгамбар ﷺ  айтты: “Кайсы аял атыр себинип мечитке чыккан болсо, ал аял гусул алмайынча анын эч бир намазы кабыл болбойт” (Ибн Мажа: 4002, хадисти сахих иснады менен чыгарды).

Пайгамбар ﷺ  айтты: “Аялдарды мечиттен тыйбагыла. Бирок үйлөрү алар үчүн жакшыраак” (Ахмад: 5468; Абу Дауд: 567; Хаким: 755. Сахих хадис).

Пайгамбар ﷺ  айтты: “Аял короосунда намаз окуганга караганда, үйүндөгү намазы жакшыраак; ал эми үйүндөгү намазына караганда, өз бөлмөсүндө окуган намазы жакшыраак” (Абу Дауд: 570; Хаким: 757, сахих иснад менен чыгарышты).

Пайгамбар ﷺ  айтты: “Аял үчүн эң жакшы мечит – үйүнүн ичи” (Ахмад: 26542; Байхаки: 5360. Сахих хадис).

 

? [7- жана акыркы маселе: мечиттеги үч учур]

Расмий дайындалган имамы бар мечитте башка бирөө имамчылыкка өтүүсү – арам; бир гана имамдын уруксаты же үзүрү болсо гана уруксат.

Абу Масъуд аль-Ансорий (радийаЛлооху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ  айтты: “Уруксатысыз эч бир адам башка бир адамга анын бийлиги таркаган жерде имамчылык кылбасын” (Муслим: 673).

Бирок, имам кечигип, адамдар кысталышып же убакыт өтүп бара жатса – бирөөнү имам кылып чыгарып, намаз окуй беришет. Күндөрдүн биринде Пайгамбар ﷺ Бану Амр ибн Ауф уруусуна аларды элдештирүү үчүн кетип, көпкө келбей калат, ошондо Абу Бакр (радийаЛлооху анху) туруп адамдар менен намаз окуйт (Бухари: 684; Муслим: 421).

О.э. Табук согушунда Пайгамбарﷺ   артта калып калганда Абдуррахман ибн Ауф (радийаЛлооху анху) адамдарга имамчылык кылат. Пайгамбар  ﷺ болсо акыркы рекетине келип кошулат. Намазын окуп бүткөн соң “Эң туура кылдыңар” деп айтат (Бухари; Муслим: 274).

Ким намаз окуса, кийин мечитке бир иш менен келип, аякта ошол эле намазга коомат айтылып жатса – ал киши үчүн жамаат менен ал намазды окуп коюу сүннөт болот.

Абу Зарр (радийаЛлооху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: “Намазды өз учурунда оку. [Кийин] сен мечитте болгондо коомат айтылып калса, “мен намаз окудум, эми окубайм” деп айтпа, бирок аны дагы окуп кой!” (Муслим: 647).

Бул намаз ага нафил деп эсептелет.

Бирок жамаат намаздарды аңдып, мечиттен мечитке кыдырып жүрүү болбойт. Бул нерсе хадистерде келген эмес.

Азанчы коомат айта баштаганда – сүннөт, тахияту-ль-масжид ж.б. нафиль намаздарга кирүү болбойт.

Абу Хурайра (радийаЛлооху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: “Коомат айтылса парз намаздан башка намаз жок!” (Муслим: 710), риваятында “…коомат айтылган намаздан башка намаз жок” – делет.

Эгер коомат айтылгандан кийин, нафиль намаз баштап алса – ал намазы дурус болбойт.

Кооматтан мурун баштаса – ал намаздын бир рекетин бүткөн болсо, анда  намазын бузбайт, бирок ал намазын эртерээк бүтүрүүгө аракет кылат.

Бул нерсеге далил. Абу Хурайра (радийаЛлооху анху) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айтты: “Ким намаздын бир рекетине жетишсе – намазга жетишкен болот” (Бухари: 580; Муслим: 607).

Эгер бир рекет окуй элек болсо, анда ал [парзга барып кошулуу үчүн] ошол нафиль намазын бузат.

 

Оригинал: https://www.youtube.com/watch?v=TOm2FU_ze0E

? Автор тууралуу кыскача маалымат:

Абу Абдуллах Мухаммад ибн Саид Раслян (1955-ж.) ??Египеттин, Мануфийа областынын Субки аль-Ахад айылында туулган. Азыркы заманбап ахлюс-сунна чоң аалымдарынан. Хадис илиминин доктору, араб тил жана фикх илиминин аалымы.

«Шейх Мухаммад Раслян — Жамаат намазы» аудио баянды MP3 аудио форматында жүктөп алуу (14 Мб)

@islamjolu

 

Share

You may also like...