Түшүндө жаман нерсе көрсө эмне кылуу керек?

Адамдын түшүндөгү ар бир көргөн жаман нерселер ал – шайтандан. Пайгамбар алейхи солату уа саллам айткандай : Ар бир түшүңдө көргөн жагымсыз нерсе шайтандан. Эми бул нерседен кантип кутулса болот?
Мындан кутулуу жолу Пайгамбар алейхи солату уа саллам көргөзгөндөй жасашыбыз керек.
“Аузу биллахи мин шарри шайтоони уа мин шарри ма ро`айту”

Мааниси : Оо Аллах, мени шайтандын жамандыгынан жана көргөн нерсемдин жамандыгынан сактай көр! Бул дуаны айткандан  кийин сол жагына (акырын) түкүруп коесуң.

Жаман түштү көрүп жатып, түн жарымда ойгонуп кетсен, анда экинчи каптал жагың менен жат. Андан кийин дагы эле көрө берчи болсоң, анда туруп даарат ал, намаз оку.

Түшүңдү эч кимге айтпагын!  

Себеби түшүңдө башкаларга айтканыңда, алар өздөрүнүн түшүнгөндөрүнө жараша  жоруп койсо – анда ошол нерсе болуп кетет. Себеби түш учуп жүргөн канаттунун канаты сыяктуу, каякка бурса ошол жакка ооп кетет.

Бирок тилекке каршы бүгүнкү күндө, көп деген адамдар жаман көргөн түштөрүн айта беришет. Андан көрө Пайгамбар алейхи солату уа саллам көргөзгөндөй кылалы.

“Аузу биллахи мин шарри шайтоони уа мин шарри ма ро`айту” деп айтып  эч кимге кабарлаба, аны унутуп койгонго аракет кыл.

Шейх Мухаммад Солих ал- Усеймин (Аллах ырайымына алсын)
Булак (Албабу ал-мафтух 179)

Share

You may also like...