🔖 Бир окуя миң сабак

      Абу Толиб өлүм алдында жатканда Аллахтын Элчиси ﷺ ага келет. Анын жанында Абдуллах ибн Аби Умейй жана Абу Жахл бар экен.

      Пайгамбар ﷺ ага: *«О, абам! Ля иляхя илляЛлаху дечи! Бул келиме менен Аллахтын алдында [Кыямат Күнү] сенин таламыңды талашайын»,* — деп айтат. Тиги экөө болсо: “Абдуль-Муттолибдин дининен баш тарткың келеби?!”, — деп айтышат. Пайгамбар ﷺ канча жолу өзүнүн суранычын кайталаса, тиги экөө да ошончо өзүлөрүнүкүн кайталаганы кайталаган. Акыры Абу Толиб: “Абдуль-Муттолибдин дининде калдым” деп, Ля иляха илляЛлаху таухид келимесин айтуудан баш тарткан болот.

      Анда Пайгамбар ﷺ: *«Мага тыюу келмейинче сен үчүн истигфар кыла берем»,* — дейт. Ошондо Аллах Таала *«Мушриктердин күнөөсүн сурап дуба кылуу пайгамбар менен ыймандуу адамдарга – эгер ал (мушрик) жакын тууганы болсо да – эч мүмкүн эмес, алардын тозоку болгону маалым болгондон кийин»* (Куран, ат-Тауба 9:113), — деген аят түшүрөт.

      Ал эми Абу Толибдин акысында *«Сен өзүң сүйгөн адамдарды Туура Жолго баштай албайсың. Бирок, Аллаh гана Өзү каалаган адамын Туура Жолго баштайт. Туура Жолго ылайыктарды Анын Өзү жакшы билет»* (Куран, аль-Касас 28:56), — деген аят түшүрөт”

📍  (Бухари: 1360; Муслим: 24).

💡 *БУЛ ОКУЯДАН АЛЫНГАН САБАКТАР:*

  1. Хадисте мушрик Исламды кабыл кылат деген үмүт болсо, аны зиярат кылуу болот экендигине далил бар. 

  2. Адам үчүн жаман достун зыяны канчалык экендиги. Абу Толиб мушриктер менен достошуп жүрчү.

  3. Ля иляхя илляЛлаху келимесинин мааниси жалган иляхтарды, буттарды таштоо экендиги; жана бул маанини араб-мушриктер жакшы билишкен экендиги. Абу Толиб бул келимени айтуу менен бардык жалган иляхтарды ташташ керек экендигин түшүнүп турду. 

  4. Эгер тууганы ширк же куфрда өлсө – Аллахка кайрылып ал үчүн истигфар кылуу (күнөөсүн кечирилишин суроо) болбойт экендиги. Аллах ширкти кечирбейм деп алдын ала айтып койгон.

  5. Хадисте Пайгамбар ﷺ  башка бирөөгө пайда же зыян жеткизе алат деп ишенип, Пайгамбарга ﷺ же олуяларга сыйынгандарга жооп бар. Өз бир тууганы Абу Толибке жардам бере алган жок, демек башкасын анда айтпай эле коёлу. Бардык иш – бир гана Аллахтын колунда!

  6. Хадисте Абу Толиб каапыр болуп өлгөнүнө далил бар.

  7. Хадисте ата-бабалардын салтын же урматтуу адамдардын сөзүн сокур түрдө ээрчип, Курандан келген далилдерди таштаган адамдарга эскертүү бар.

📚 *КОЛДОНУЛГАН БУЛАК:*

  1. Китаб ат-Таухид
  2. Муляххас фи Шарх Китаб ат-Таухид – Шейх Солих аль-Фаузан

📲 https://t.me/islamjolu/3387

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...