Соодадан (товардан) зекет чыгаруу

СООДАГА ЧЫГАРЫЛГАН ТОВАРЛАРДАН ЗЕКЕТ КАНТИП БЕРИЛЕТ ТУУРАЛУУ

(Шейх Мухаммад Расляндын “Умдат аль-Ахкам” китебинен берген сабактарынан кыскартылып алынды)

АНЫКТАМА

Соода товарлары — киреше көрүү максатында сатыкка коюлган бардык нерселер: буюмдар, мал, кийим, жер, кыймылсыз мүлк ж.б.у.с.

ДАЛИЛДЕР

Соода товарларынан зекет берилет экендигине Курандан далилдер

Аллах Таала айтты:

يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُواْ أَنفِقُواْ مِن طَيِّبَاتِ مَا كَسَبْتُمْ

«О, ыйман келтиргендер! Өзүңөр иштеп тапкан нерсеңердин жакшыларынан садака кылгыла…» (Куран, аль-Бакара 2:167), б.а. соода-садыктан.

Аллах Таала айтты:

وَالَّذِينَ فِي أَمْوَالِهِمْ حَقٌّ مَّعْلُومٌ لِّلسَّائِلِ وَالْمَحْرُومِ

«Сурагандар жана муктаждарга алар мал-мүлкүнөн белгилүү акы (үлүш) чыгарышат» (Куран, аль-Маъариж 70:24-25).

Хадистен далилдер

Муазды Йеменге жөнөтүп жатып Пайгамбар ﷺ ага бир нече осуяттарды айтат. Алардын ичинде зекет тууралуу: «байларынын мал-мүлкүнөн алынып, кедейлерине берилет» (Бухари: 4347), — деп айтат.

Пайгамбар ﷺ Умарды зекет чогултуп келүүгө жөнөтөт. Ал Холид ибн Валидге келип зекет алайын дейт. Себеби Холид өз карамагында көптөгөн курал жарактарды чогултуп жүргөн эле. Умар аны соодага деп ойлогон. Бирок, бирок ал вакф болот, вакфтан зекет берилбейт (Бухари: 1468).

Пайгамбар ﷺ айтты: «Чындыгында амалдар бир гана ниетке байланыштуу» (Бухари: 1; Муслим: 1907). Себеби адамдын мүлкүндөгү нерсе товар деп эсептелиш үчүн ниет гана керек.

Ижма жана Кыястан далилдер

Сахаба-табаиндердин ижмасы бар деп Ибн Мунзир келтирген.

Ал эми ан-Навави: «товар дагы өсөт-көбөёт (танмийа), демек ал зекет берилчү үй жаныбарлары (маащия) сыяктуу» – деп кыяс кылган.

Аалымдардын сөздөрү

Ибн Умар айтты: “буюм товар деп ниеттелсе зекет берилет” (сахих).

Умар ибн Абдулазиз зекет чогултуучу кызматкерлерге товардан да зекет алууну буюрган (Малик «Маватта», иснады хасан).

Имам аль-Бухари Сахих жыйнагында «Зекет китеби: Кесип жана соодадан зекет берүү” деп бап койгон.

Ошондой эле 7 фукаха, 4 имам, бүгүнкү күндө Фетва Берүү боюнча туруктуу Комитет (Ляжня Дааима) ж.б. аалымдар соода товарларынан зекет берилет экенин тастыкташат.

ТОВАРДАН БЕРИЛЧҮ ЗЕКЕТ ЖӨНҮНДӨ КЫСКА-СУРОО ЖООПТОР:

? Соода товарларынан берилбейт дегендер да болгон. Зоохириттер «кулдан, аттан зекет жок» хадисин далил кылып, сооданы да ушуга киргизишет. Бул туурабы?

! Бул хадисте адам өзү колдонгон нерселерден зекет берилбейт деп айтылган. Ал жерде соодага далил жок.

! Дүйнөдө азыр миллиондогон байлар бар, соода менен алектенишет – алардан зекет алынбай калабы?!

? Төрт имам (Абу Ханифа, Малик, Шафи, Ахмад) арасында соода зекети тууралуу ихтиляф болгонбу?

! Товардан берилет экенинде ихтиляф жок, бирок анын шарттарында ихтиляф болгон. М: маликилер беш, шафилер алты ж.б. шарт коюшат. Ханбалилер болсо эки шарт дешет «нисаб жана хауль (бир жыл айлануусу)».

? Товардын зекети кантип эсептелинет?

! Алтын-күмүштөй, б.а. эгер бардык товардын наркы 85 гр. алтындын же 595 гр. күмүштүн баасына теңелсе – зекет эсептөө жүрө баштайт. Бир жыл өткөн соң учурдагы товардын наркын эсептеп, анын 2.5% зекет деп чыгарат.

? Бир жыл өткөн соң товар кайсыл баа менен эсептелинет: башындагы сатып алынганбы же учурдагыбы?

! Жыл айланып бүткөн күндөгү, зекет берилип жаткан учурдагы баа менен берилет.

? Зекетти товар менен берсе болобу?

! Ихтиляф. Туурасы болот, эгер ошондо кедейлерге пайда болсо.

? Эгер соода жүрүшпөй, киреше түшпөсөчү?

! Киреше же банкротко көңүл бурулбайт. Эгер жалпы товар нисабга жетип, бир жыл айланса — ал товардан зекет чыгарылат.

? 40 койду соода кылайын деп бир киши сатыкка койду, бирок баасы нисабга жеткен жок?

! Зекет бербейт.

? Автоунаасын базарга сатайын деди?

! Эгер аны сатып соодага, оборотко салайын десе — анда товар деп эсептелип, жыл айланса зекет берет. Бирок жөн эле сатып салайын десе зекет бербейт.

? Зекет берээрде баасын эсептей албаса?

! Эсептеп берчү адисти чакырсын.

? Оптом сатсачы?

! Оптом сатса оптом баасы менен эсептейт, чекене болсо чекене баасы менен эсептейт.

? Нисабка жеткен товары бар (м: рамазанда нисабка жетти), бир жыл айлана электе (м: мухаррамда) аны сатып, соодасын токтотуп, багуу үчүн мал алды, мисалы 40 кой дейли?

! эми, жаңы нисабдын эсеби башталат, эскиси токтойт. Жаңы нисаб мухаррамдан башталат — кой үчүн деп.

! Ушунун тескериси да ошондой эле, м: коюн сатып, товар алса.

? Алып сатайын деп пальма сатып алды, баасы нисабга жетти. Бирок, бир жыл айлангыча, пальмада курма өсүп, бышып калды?

! Ошол курмалардын баасын кошо эсептеп, зекет чыгарганы жакшыраак.

📀 Булак:  М.Раслан “Шарх Умдат аль-Ахкам”. Зекет бабы. 2018-ж.

ТОВАРДАН ЗЕКЕТ КАНТИП БЕРИЛЕТ – ШЕЙХ АЛЬ-УСЕЙМИН

СУРОО. Урматтуу шейх, соода-сатык товарларынан зекет кантип чыгарылат?

ЖООП. Шейх Мухаммад Солих аль-Усеймин айтты:

Инсан соода-сатык үчүн даярдаган бардык мал-мүлк “товар” деп эсептелет, б.а. аны алып-сатып иштетүүдөн башка бөлөк максаты жок.

Бир жыл өткөн соң, товардын ошол учурдагы наркын эсептеп зекет чыгарат. Мейли, баасы алгачкы баасы менен тең болсун, же андан аз, же андан көп болсун.

М: бир адам кандайдыр бир жерди, кайра сатуу ниетинде, 10 миңге сатып алды дейли. Бир жыл өткөн соң анын баасы 20 миң болуп калды. Ал ошол жыйырма миңден зекет чыгарат. Же тескерисинче, башында 20 миңге алган жери, бир жыл өткөн соң, 10 миңге түшүп арзандады. Анда ошол он миңден гана зекет чыгаруу ага парз болот.

📀 Булак:  Лико’ат аль-Баб аль-Мафтух: 78.

Share

You may also like...