Сүннөт намаздар — Муфтий шейх Ибн Баз

Парз намаздан мурун жана кийин окулчу сүннөт (раватиб) намаздар

СУРОО. Бул отурушубуздун үчүнчү суроосу Вади Фатима аль-Жамуум жеринде турган Солих Ибн Абдуллах аль-Хариб аттуу угарманыбыздан келиптир. Суроосу: пешим намаздын сүннөтү парздын алдын окулабы же парздан кийинби? Жана бул сүннөт төрт рекет окулабы же экиби?

❗️ ЖООП. Муфтий шейх Абдульазиз Ибн Баз (рахимахуЛлаху) айтты:

Ибн Умар (радияЛлаху анхума) риваят кылган сахих хадисте айтылат “Пайгамбар бир күндө он рекет [сүннөт намазын] такай окучу: эки рекет пешимге чейин, эки рекет андан соң, эки рекет шамдан кийин, эки рекет куптандан кийин, эки рекет багымдат намазына чейин” (Бухари, Муслим).

Айша (радияЛлаху анха) риваят кылган хадисте болсо “Пайгамбар пешимге чейинки төрт рекетти калтырчу эмес” (Бухари: 1182), — делет. Демек, бул хадисте келгендей, пешимге чейин төрт рекет окуу жакшыраак. Бул эркектерге да аялдарга да тиешелүү.

Ал эми пешимге чейин төрт рекет жана пешимден кийин да төрт рекет окуса — ал андан да абзел. Умм Хабиба (радияЛлаху анха) риваят кылат, Пайгамбар ﷺ айткан дейт: “Кимде ким пешимге чейин төрт жана пешимден кийин төрт рекет окуса – Аллах ага Тозоктун отун арам кылат” (Абу Дауд: 1269; Тирмизи: 427. Иснады сахих). Бул чоң жакшылык.

Эгер Ибн Умардын (радияЛлаху анхума) хадисине негизделип пешимге чейин эки жана пешимден кийин эки рекет окуса – ал дагы уруксат. Бирок момун эркек же аял, эки хадиске тең (Ибн Умар жана Айша хадистери) амал кылып, пешимге чейин төрт рекет окуса – эң абзел иш кылган болот.

Бул сүннөт намаздар “раватиб” деп аталат. Умм Хабиба (радияЛлаху анха) риваят кылган сахих хадисте, Пайгамбар ﷺ: “Ким күнүнө он эки рекет окуса Аллах ага Бейиште үй куруп берет”, — деп айтты делет (Муслим: 728). Риваятта кошумчаланып: “…[Алар] Пешимге чейин төрт, пешимден кийин эки рекет, шамдан кийин эки рекет, куфтандан кийин эки рекет жана багымдат намазынын алдын эки рекет” (Тирмизи: 415), — деп келет.

Жогорудагы хадистер бул сүннөт раватиб намаздар бекемделген (му’аккада) экендигин далилдейт. Аларды дайым аткарып, таштабоо керек. Ооба.

Булак: Муфтий Шейх Ибн Баздын расмий сайты


@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...