Күнөө болуп жаткан жерлерге барбоо.

(«Рахмандын пенделеринин сыпаттары» китебинен. Автор: Шейх Абдурразак аль-Бадр)

Алтынчы өзгөчөлүк: Күнөө болуп жаткан жерлерден алыс болуулары.

Аллах Таала айтты: «жана алар жалган нерселерге күбө болушпайт; пайдасыз сөздүн жанынан өтүшсө урмат-сыйын сактап өтүшөт» (Куран, аль-Фуркон 25:72).

Рахмандын пенделеринин адеп-ахлагынын, көркөм сыпаттарынын дагы бири – күнөө жана арам иштер болуп жаткан жерлерге баруудан өзүлөрүн сакташат. Аллах Таала айтты: “алар жалган нерселерге күбө болушпайт”, б.а. жалган болуп жаткан жерлерге барышпайт, арам отуруштарда отурушпайт, андай адамдар менен аралашпайт.

Бул аяттын маанисине жалпы эле күнөө жана арам иштер болуп жаткан ушак, жалаа, шылдың, маскара, калп айтылчу ж.б. жерлер кирет.

Бул аяттын маанисине: телевизор же сотка аркылуу жаман бузуку нерселерди көрүү, музыка угуу ж.б. кирет.

Бул аяттын маанисине: адашкан ой-пикирлерди, бузук ниеттерди, бидаат амалдарды жайылтуучу адашуунун үгүтчүлөрүнүн отуруштары кирет.

Бул аяттын маанисине: мушриктердин майрамдары өтүп жаткан жерлер да кирет. Момун мусулман үчүн — каапырлардын майрамдары болуп жаткан жерлерге баруу, аларды куттуктоо, бул мааракеге байланыштуу сүйүнүчүн көрсөтүү тыюу салынат.

Улуу аалым, курандын тафсирчиси Имам ат-Табари бул аят тууралуу салафтардын[1] сөздөрүн келтирген соң, айтты: “Бул аяттын эң туура мааниси – ширк, музыка, калп, деги эле жалган (зуур) аты коштогон бардык нерселерге катышпоо тууралуу экенинде. Себеби бул аятта Аллах Өз пенделерин сыпаттап «алар жалган нерселерге күбө болушпайт» деп жалпы түрдө айтып жатат” (Жамиъ аль-Баян: 17/523).

Эгер Рахмандын пенделери күнөө болгон отуруштарга катышпаган болсо, анда ал күнөөлөрдү өзүлөрү кылбайт экени андан анык.

Аллах Таала айтты: «…жана пайдасыз сөздүн жанынан өтүшсө урмат-сыйын сактап өтүшөт».

Алар атайылап күнөө болуп жаткан жерге басып барышпайт. Бирок, бир нерседен улам ошондой жаман отуруштардын жанынан өтүүгө туура келсе — өзүн сыйлаган абалда өтүшөт, б.а. ал жерге отурбайт, күнөөгө аралашпайт.

📖 Булак: Шейх Абдурразак аль-Бадр “Сыфаат ъибаад ар-Рахмаан”

__________

[1] Салафтар: эң алгачкы таза такыба мусулмандар, б.а. сахабалар, табаиндер, табатабаиндер.

Share

You may also like...