Гороскоп жана Чычкан жылы

«Гороскоп болобу же болбойбу?» деген суроого жооп.

Жылдыздардын жаралуу максаты

✨ “Сахих” Бухариде келтирилет, Катада айтты:

«Аллах Таала бул жылдыздарды үч нерсе үчүн гана жараткан:
1️⃣ асмандын кооздугу үчүн,
2️⃣ шайтандарды уруу үчүн жана
3️⃣ мусапырларга сапарында белги болуулары үчүн.
Ким бул үч нерседен башка нерсе үчүн жылдыздар жаралган деп эсептесе – ката кетирген болот, [диндеги] өз насибин жоготкон болот жана илими болбогон нерсеге киришкен болот» 📖 (Бухари: 614, муъалляк)

Гороскоп илимин үйрөнүү — сыйкырдуу үйрөнүүгө барабар

Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты:

«Ким жылдыз илиминин бир бөлүгүн үйрөнсө — сыйкырчылыктын бир бөлүгүн үйрөнүптүр. Канча көп үйрөнсө — ошончо көп сыйкырчылык үйрөнүптүр» 📖 (Абу Дауд: 3905)

Гороскоп жана астроЛогияга ишенген адам Бейишке кирбейт

? Абу Мусадан риваят, Пайгамбар (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям) айтты:

Үч адам Бейишке кирбейт: аракеч адам, туугандык мамилелерди үзгөн киши жана сыйкырга (жылдыздар аркылуу ачылган төлгөгө) ишенген адам” 📖 (Ахмад: 4/399; Ибн Хиббан: 1380, 1381)

АстроНомия менен АстроЛогиянын айырмасы

💬 Шейх Ибн Усеймин айтты:

«Жылдыз илими 2 түрлүү болот:
1⃣ — Тасййир (астроНомия) — бул уруксат: асман телолору аркылуу убакытты жана багытты аныктоо. Кээде бул илимди билиш парз болот. М: намаздын убактысы киргенде кыбыланы аныкташ үчүн жылдыз, күн жана ай аркылуу багытты аныктоо үчүн.
2⃣- Та’сиир (астроЛогия) — бул арам, уруксат эмес: жылдыздардын баланча болуп жайгашуусу жердеги окуяларга таасири бар деп ишенүү. Бул жалган ишеним».

💿 (Шарх Китаб ат-Таухид)

Аллах жана Анын Пайгамбарына ﷺ ишенген мусулмандарга кайрылуу!

Азыр кээ бир адамдар гороскопко дагы деле ишенип, андан таасирленип «Чычкан жылы мындай экен», «Эгездер тигинтиш керек экен», «Чаяндар Таразалар менен үйлөнсө жакшы болот экен» деп айтышат.

Чычкан жылы деген нерсе жок. Маймыл жылы, Уй жылы ж.б. нерселер бул жалган, адамдар өзүлөрү эле ойлоп тапкан ырым жырым нерсе.

Бул жалган нерсе! Жана буга ишенүү — Аллах Таалага ишенүүгө каршы келет!

«Гороскоп, жылдыздар алдыдагы тагдырды айтат, адамдардын жашоосуна таасир берет» деген нерсе — жалган нерсе, адамдар-шайтандар ойлоп тапкан жомоктор.

Жогоруда айтылгандай Аллах жылдыздарды адамдардын тагдырына таасир берсин деп жаратПаптыр.

Гороскоп, астроЛогия ж.б. мындай жөнү жок, ырым-жырым жаман нерселерге ишенүүдөн сак бололу!

© ИсламЖолу

Share

You may also like...