Шейх Фаузан: “Балээ кырсыктар — адамдардын күнөөсү себептүү”

(Шейх Солих аль-Фаузандын “жаратылыш кырсыктары бул балээ эмес, бул жөн гана табият кубулушу” деп айтып жүргөн наадандарга жообу)

Макаланын мазмуну

🌪 Келген апат балээлер – жөн гана жаратылыш кубулушубу?

⚡️ Мурунку коомдор да ушул сыяктуу туура эмес жалган сөздөрдү айтышкан

Балээ келсе баарына бирдей тегиз келет: жакшы адамга да, жаман адамга да.

Шейх Солих ибн Фаузан аль-Фаузан (Аллах аны сактасын) айтты:

Бардык айып кемчиликтерден аруу жана таза болгон Аллах Өз сөзү болгон Куранда минтип жатат:
      «Адамдар өз колдору менен жасаган күнөө, бузуку иштери себептүү жер бетинде жана деңизде ар кандай бузуку, апаат, балээлер пайда болду. Аларга өз колдору менен жасаган күнөө, бузуку иштеринин жазасын тарттыруу үчүн. Балким, алар күнөөлөрүн, бузуку иштерин таштап, туура жолго кайтышаар»  (Куран, «Руум» сүрөөсү, 41-аят).

Аллахтын бул аяттагы «Жер бетинде жана деңизде ар кандай бузуку, апаат, балеелер пайда болду» дегени – берекенин жоктугу, кургакчылык, дарактардын куурап калуусу, мөмө-жемиштерге тийген ар түрдүү оруулар, сооданын начар болуусу, товарлар узак убакытка чейин сатылбай калуусу жана башка өз көзүбүз менен көрүп, күбө болуп жаткан ар кандай башыбызга балээ болгон нерселер.

Бирок, биз  бул башыбызга келген кыйынчылыктар, балээлер эмнеден улам болуп жатканын, себеби эмнеден экенин бир да жолу ойлонуп, ой жүгүрткөн жокпуз! Бул болуп жаткан балээлер өзүбүздүн күнөөлөрүбүз себептүү болуп жатат!

🌪 Келген апат балээлер – жөн гана жаратылыш кубулушубу?

Кээ бир адамдар: «Бул башыбызга келген кыйынчылыктар, балээ-апааттар – адамдардын күнөөсү себептүү эмес, балким, бул жаратылыштагы кубулуш, бул нерсеге адамдардын эч кандай тийешеси жок»,- деп айтышат.

       Минтип айткандары Аллахтын сөздөрүн жалганга чыгаруу болот!

       Аллах өз сөзү болгон Курандагы «Руум» сүрөөсүнүн 41 жана «Шуура» сүрөөсүнүн 30-аятында   минтип айтып жатпайбы:
     «Адамдар өз колдору менен жасаган күнөө, бузуку иштери себептүү жер бетинде жана деңизде ар кандай бузуку, апаат-балээлер пайда болду. Аларга өз колдору менен жасаган күнөө, бузуку иштеринин жазасын тарттыруу үчүн. Балким, алар күнөөлөрүн, бузуку иштерин таштап, туура жолго кайтышаар» (Куран, «Руум» сүрөөсү, 41-аят).
     «Силерге жеткен ар бир балээ-апааттар өз колуңар менен жасаган күнөөңөр себептүү болот» (Куран, «Шуура» сүрөөсү 30-аят).  

Башыбызга келген кыйынчылыктар, балээ-апааттар адамдардын күнөөсү себептүү эмес деп, балким, бул жаратылыштагы кубулуш деп, бул нерсеге адамдардын эч кандай тийешеси жок деп айтып, жогорудагы Аллахтын сөздөрүн жалганга чыгаруу –  бул ЖҮРӨКТӨРДҮН МЕРЕЗ, ТАШ СЫЯКТУУ БОЛУП КАЛУУСУ болот! Аллах мындай мерез, таш сыяктуу болуп калган жүрөктөрдөн сактасын.

Аллах «Аньам» сүрөөсүнүн 43-аятында минтип айтат:
     «Аларга биздин балээ-апааттарыбыз келген кезде тооба кылышса гана! Бирок, алардын жүрөктөрү мерез болуп калган жана шайтан аларга күнөө иштерин кооз кылып көргөзүп койгон» (Куран, «Аньам» сүрөөсү 43-аят).

Демек, жүрөктөрдүн таш сыяктуу болуп калуусунун себеби – Аллах жараткан жаратылыштагы нерселерге көңүл кош мамиле жасоо жана Аллахтын сөзү болгон Куранга ой жүгүртүп түшүнүүдөн баш тартуу. Аллахтын жараткан жаратылышындагы болуп жаткан түрдүү балээ-кырсыктар Аллахтын буйругу менен болуп жатканын эске албоо жана ошол менен эле бирге күнөө, бузуку иштерин токтотуунун ордуна өз билгендерин жасап бири-бирин кубаттап, көңүлдөрүн көтөрүшүп, бирөөсү да алардын айтып, таратып жаткан туура эмес, жалган сөздөрүнөн тыйып кайтарышпайт.

️ Мурунку коомдор да ушул сыяктуу туура эмес жалган сөздөрдү айтышкан

Бул тууралуу Аллах «А’раф» сүрөөсүнүн 95-аятында минтип айтат:
    «Алар ата-бабаларыбызды деле ушул сыяктуу түрдүү балээ-кырсыктар, оору-сыркоолор каптаган. Бул адаттагыдай эле, ар бир заманда алмашып туруучу нерселер» (Куран, «А’раф» сүрөөсү 95-аят), — дешти.

Башкача айтканда, алар:
      «Албетте, биздин башыбызга келген балээ-апааттар, кыйынчылыктар мурунку өтүп кеткен ата-бабаларыбызга келген сыяктуу биздин балдарга да келет. Бул табияттагы табигый нерсе. Буга насаат айтып, маани берүүнүн эч кандай кереги жок»,-дешсе, кээ бирлери:
       «Бул биздин башыбызга келген балээ-апааттар пайгамбарлар жана пайгамбарларды ээрчиген мусулмандар себептүү болуп жатат», — дешет.

Бул тууралуу Аллах «А’раф» сүрөөсүнүн 131-аятында минтип айтат:
     «Качан аларга бай-бардар жашоо келсе, Аллахка шүгүр кылбай, “биз ушуга татыктуубуз” дешти. Эгер аларга бир жамандык жетсе, Муса жана аны менен бирге жүргөндөрдөн деп жоромолдошту. Билип койгула, Алардын бактысыздыгы Аллахка таандык. Бирок, алардын көпчүлүгү билишпейт» (Куран, «А’раф» сүрөсү 131-аят).

Бул аяттагы аларга жеткен  жамандык – кургакчылык, каатчылык, эгиндердин болбой калуусу, баалардын көтөрүлүүсү жана мындан башка түрлүү нерселер. Булардын баарына Муса жана аларды ээрчиген момун мусулмандар күнөөлүү деп айтышты.

~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~~

Ошол доордогу адамдар пайгамбарларды жана аларды ээрчиген мусулмандарды күнөөлөгөндөй, бүгүнкү күндө да момун мусулмандарды күнөөлөп, бүтүндөй балээ-апааттардын баарына мусулмандар себептүү деп айыпташат, б.а. «мусулмандар – булар чегинен чыккандар, аша чапкандар, берилип кеткендер, эскиликти тутунгандар. Булар маданияттан тыят. Булар маданиятты билбейт, артта калгандар» деп түрдүү жалаа жалгандарды айтышат. Аларга түшүндүрүү иштерин жасап, жалган-жалааларынан кайтарган арасынан бирөөсү да жок.

Балээ келсе баарына бирдей тегиз келет: жакшы адамга да, жаман адамга да.

Бизге чейинки коомдорго жетип келген түрдүү балээ-кырсыктардан биз да коркобуз, себеби кайсыл бир коомдо Аллахтын аяттарын жалганга чыгарып, Аллахтын аяттарынан баш тартуу болгон кезде алардан эч ким кайтарбаса — Аллах ал коомдун жакшысын да, жаманын да өтө чоң азап менен жазалайт. Бул тууралуу Аллах «Анфаал» сүрөөсүнүн 25-аятында минтип айтат:
     «Силердин араңардагы күнөө, бузуку иштерди кылгандардын өзүнө гана тийбей, баарыңарга тегиз тие турган азаптан корккула жана билгиле, Аллахтын азабы катуу!» (Куран, «Анфаал» сүрөөсү 25-аят).

⚠️ Башкача айтканда, эгер кайсыл бир коомдо күнөөлүүлөр көп болсо, башкалар алардын күнөөсүнөн токтотууга аракет кылбаса, Аллахтын азабы баардыгына бирдей тиет.

Бизде бул балээ-апааттардын баары болуп жатат, а биз болсо жүрөктөрдү талкалап буза турган түрдүү балээлердин келишине себепчи боло турган оюн-күлкүлөр менен алек болуп, токтоткондун ордуна көбөйтүп жатабыз! Ла хавла ва лаа куввата илла биллах.

Бизди тамырыбыз менен кууратып, жер менен жексен кылып, талкалап жок кыла турган азап гана калды. Бирок, Аллах – пенделерине мээримдүү, боорукер зат. Күнөөлөрдү таштап, тооба кылуубуз үчүн азабын кечиктирип жатат.

Аллахтын «жер бетинде бузукулук тарады» деген аяты — жер бетиндеги кургакчылык, жамгырдын өз убагында жаабай калуусу, мал жандыктардын жайытынын азаюусу, аларга болгон тоюттун жоктугу — мунун баары адамдардын күнөөлөрү себептүү болуп жатат. Ал эми «деңизде бузуку нерселер тарады» дегени – деңиздин зыяндуу толкундары (өздөрү туура эмес атап жаткан «цунами») жана ушул сыяктуу нерселер. Булардын баары – Аллахтан келген жаза. Мен алардын «бул  нерселер – табияттын кубулушу, эч кандай Аллахтан келген жаза эмес» деп айтып жаткандарына таң калбайм, себеби, алардын көпчүлүгү ыймансыз, наадан адамдар. Бирок, мен алардын арасынан бирөөсү да кылып жаткан бузуку жаман иштеринен тыйып, кайтарбаганына таң калам.  

Бул балээ-кырсыктардын болуп жатканы – адамдар өз колдору менен жасаган куфурлук, ширк, күнөө, жана ислам динине каршы келген ар түрдүү күнөө иштер себептүү.

Аллах өз пенделерин күнөө иштерин токтотуп, Аллахка тооба кылып, Аллахты эскерүүлөрү үчүн кээ бир азаптар менен  жазалап турат.

Кана эми жер бетинде бузукулук таратып жүргөн акмак адамдардын башчылары аларды бузукулуктарынан кайтарышса. Кана эми ата-энелер өз балдарын бузуку иштерден кайтарып, тарбиялашса. Аллах пенделерин көрүп, билип тургандыгын, күнөө иштер себептүү азаптай турганын айтышса.

Аллах бул тууралуу «Фаатир» сүрөөсүнүн 45-аятында минтип айтат:
    «Эгер Аллах адамдарды кылмыштарына жараша ушул эле дүйнөдө жазалай берчү болсо, жер бетинде кыбыраган адам калмак эмес. Бирок, Аллах аларды кыямат күнгө кечиктирүүдө. Качан белгиленген  кыямат күнү келгенде Аллах өзү эсептешип алат, анткени, Аллах – пенделерин көрүүчү» (Куран, «Фаатир» сүрөөсү 45-аят).

Которгон: Нематулла Кадаев

Булак: https://youtu.be/38jFTQ2X-Wg

Share

You may also like...