Түлөө (кудай) өткөзүү — Коронавирус

Түлөө (кудай) өткөзүү — Коронавирус

852
0
ПОДЕЛИТЬСЯ

Балээ-кырсык келгенде, пенде Аллах Таалага тооба менен кайрылып, көп көп дуа кылуусу керек.
⚠️ Бирок эпидемия, чума, коронавирус келгенде – ал үчүн түлөө (тилөө) өткөзүп, же бир күндү белгилеп, же “баланча миң зикр айтабыз” деп келишип алып – ЖАМААТ менен чогулуп дуа, зикр, ибадат кылуу Шариатыбызда жок нерсе, бидаат деп аталат. Балким, бул балээ үстүнө балээ арттырып журбөсүн! Аллахым Өзүң сакта!

Чума (кара тумоо) балээсин кетирүү үчүн ЖАМААТ менен зикр кылуу тууралуу

Хафиз Ибн Хажар аль-Аскалани (733-852 х.ж.) ага Аллахтын ырайымы болсун, айтат:

    📜 «Эпидемияны (жугуштуу оору) кетирүү үчүн дуа кылып кайрылууга тыюу салынбайт. Бул иш өз негизинде (Аллах жазган) тагдыр маселесине каршы келбейт.
      Бирок бул үчүн жамгыр тилөө намазга (солят аль-истиско) окшоштуруп, чогулулуу – бидаат деп саналат.
      749-х.ж. Дамаск шаарында чоң чума чыкканда ушундай болгон. Аль-Манбиджи (жазгандын) кээ бирлерин окуган элем. Ал элдерге мындай чогулуштарды жасоого тыюу салганын айтат. Бирок элдер ага карабай чогулуп алып, дуа кылып катуу кыйкыра башташкан. Бул 764-х.ж. Дамасктагы кара тумоо жайылган кезде болгон.
     Ошондой эле 749-х.ж дагы ошол өрөөндөгү ак-сакалдар чөлгө чыгышып, дуа кылып, Аллахтан жардам сурай башташкан. Бирок бул окуядан кийин, ал илдет ого бетер күч алып, жайылуусу көбөйүп кеткен. Ага чейин ал азыраак эле.
     Менин (Ибн Хажар) айтаарым:
     Биздин учурда да ушундай болду. 833-х.жылынын Раби аль-Ахир айынын 27-күнү, Каирде чума башталганда, андан каза тапкандардын саны кыркка жеткен эмес. Кийинки «Жумада аль-Уля» айынын 4-числосунда адамдар чөлгө чыгышкан. Буга чейин аларга жамгыр тилөө намазы сымал, үч күн орозо туткула деп айтылган. Анан алар чогулуп алып, дуа кылышып, бир саат ошол жерде болуп кайтышкан. Ошол ай аягына чыкпай эле, өлгөндөрдүн саны күнүгө миңден аша баштады, ары барып андан да көбөйдү!
      Анан ушул тууралуу (балээден кутулуу максатында чогулуш кылып, жамаат менен бирге ибадат кылса болобу) маселеси айланасында фетва чыгарууга жыйналыш өттү.

— Кээ бир аалымдар болот дешип, далил катары дуа кылуу жөнүндө келген жалпы аят-хадистерди алып келишти;
— Дагы бирөөлөр: “аль-Муаййаддын учурунда ушундай болгон, ал пайда алып келген, жана ошол кездеги аалымдар ага каршы сөз айтышпаган” деп далил кылышып, болот дешти;
— Ал эми үчүнчүлөрү: “пайдасы тийсе да, тийбесе да мындай кылбай эле койгон оң” дешти. “Пайдасы тийсе адамдар азгырылып кетээрине коркунуч бар (б.а.адамдар бааделенип, ар дайым ушундай болот деп ишенип калуурары мүмкүн). Ал эми эч кандай пайда алып келбеген учурда, ошол аалымдар жөнүндө же дуа кылуу тууралуу жаман күмөндөр пайда болуп калышы мүмкүн.

      Мен дагы өз жообумда ушул акыркы пикирге токтолуп, дагы кошумчалап кетет элем: Эгерде жогоруда айтылган ыкмалар шариатта уруксат болсо, анда абалкылардан (салаф солих), ар кайсы аймакта турган мурунку факихтерден (б.а. мазхаб имам башчылары), же алардын жолдоочуларынан жашыруун калбайт эле. Андай чогулуш жөнүндө бизге бир да мухаддистен хадис жеткен эмес. Же  факихтердин биринен жок дегенде бир сап жетсечи.
      Дуанын сөздөрү жана дуа кылуучунун акыбалы, ар бир жагдайда башкача болот, ошонусу менен дуа өзгөчө сырларга жана касиеттерге ээ. Демек, бул маселеде биз далилдерге (аль-иттибаъ) таянуубуз керек. Салыштырып чечим чыгарууга (аль-кияс) бул жерде орун жок».

📝 (“Базль аль-Ма’ун”: 328-330-беттер).

Кырсыкты токтотуу үчүн ТҮЛӨ өткөрүү уруксатпы?

Булак: Бакай Мамбетказиев («Имам» университети, Эр-Рияд) https://youtu.be/vHT0xkXqxbc

Бирөөнүн түшүнө Пайгамбар ﷺ кирип, «коронавируска каршы бул зикр кылгыла» деп айтатпы?

Коронавирустан сактануу үчүн Фатиха, Ыклас сүрөсүн 3 жолудан жана «хасбуналлооху уа ниъмал-уакийл» деп 313 жолу айтуу Ислам дининин негиздерине каршы келет.

Бул нерсе динде бидаат болуп, ага амал кылуу арам (харам) болот.

Себеби Аллах Таала Куранда:
«Бүгүн силер үчүн диниңерди толук кылдым, нематымды силерге аягына чыгардым, Исламдан дин катары ыраазы болдум«, — деген.(Куран, аль-Маида 5:3).

Аль-хамдулилла, динибиз толук! Эчкимдин түшүнө муктаж эмес!
Оору кырсыктын алдын алуу ибадаттары эле эмес, керек болсо Кыяматка чейинки бардык ибадаттар Куран-Сүнөттө толук келген.

Пайгамбарыбыз ﷺ «мен өлгөндөн кийин дагы силердин түшүңөргө кирип шариятты үйрөтүп турам» деген эмес! Тескеринче, «мен силерге динди жеткирдимби?! …Эми силер жеткиргиле!» — деген.

Ошон үчүн Аллах Таала Куранда:
«Билбесеңер зикр (билим) ээлеринен сурагыла» (Куран, ан-Нахль 16:43) -деп, Пайгамбардын ﷺ мураскерлери болгон аалымдарга кайрылууну Өзү буйрук кылып жатат. Динди үйрөнүдө авторитеттүүлөргө же атактууларга кайрылгыла деген эмес!

Ал эми белгилүү ахлу сунна аалымдары, чума учурунда Курандын аяттарын 3 төн же 313 төн кайталап окууну, бир ооздон (ижма’) динге киргизилген бидаат дешет.

Ошондуктан мусулмандын башына оору түшкөндө бидаатка жол ачкан жалган түштөргө ишенбей, колубузда турган анык туура жол көрсөтүүчү Куран менен Сүннөткө кайтуубуз керек. Ал эми Куран-сүннөт түштөн мындай өкүмдөрдү алууну ачыктан ачык кайтарган. Жана мындай учурларда дуба кылууга сүннөттө келген дубалардын бири:

Анас бин Малик (радияЛлаху ‘анху) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыздан (ﷺ):

«اللَّهمَّ إنِّي أعُوذُ بِكَ مِن البَرَصِ والجُنُونِ والجُذامِ وسَيِّئِ الأًسْقَامِ»

Аллохумма иннии а’уузу бика минал-бароси уал-жунууни уал-жузаами уа мин саййиъил-аскоом.

«Оо Аллахым, мен Сенден: ала оорусунан, жинди болуп калуудан, пес оорусунан жана башка (бардык) жаман оорулардан сактооңду сураймын!» — деп дуба кылуу келген.

📚 (Абу Дауд: 1554. Шейх Албаний хадисти сахих деген)

‼️ Умар ибн Хаттабдын учурунда (хижиранын 18 жылдары) Шам өлкөсүндө (азыркы Сирияда) чума оорусу тарап, андан көптөгөн белгилүү сахабалар каза болушкан. Алар: Абу Убайда ибн Жаррох , Муъаз ибн Жабал, Язийд ибн Аби Суфян, Сухайл ибн Амру ж.б. өтө көп мусулмандар каза болушкан.

Ушул учурда Умар ибн Хаттаб динге ар кандай жаңылыктарды киргизбестен Аллах ыраазы болгон Куран-сүннөткө гана амал кылган.

Эгер ушундай өтө жаман оору тараган абалда динде Аллахтын Элчиси ﷺ кимдир бирөөнүн түшүнө кирип, дуба үйрөтүү мүмкүн болгондо, анда эң биринчи Умар ибн Хаттабдын түшүнө кирип дуба үйрөткөн болор эле. Себеби Умар ибн Хаттаб Пайгамбарга ﷺ эң жакын адамдардан болгон, керек болсо тирүү кезинде Аллах ага ыраазы болгон сахаба болгон.

Мындай оор абалда момундардын падышасы Умар ибн Хаттаб дагы түштөн эч нерсе күткөн эмес. Тескерисинче шарият, сүннөт менен чектелип, Аллах ыраазы болгон амал менен сөздү гана айткан.

Ошондуктан биз мусулмандар мындай абалда сүннөткө каршы жалган жаман амалдарды кылып ширктин үстүнө ширк, бидааттын үстүнө бидаат жана күнөөнүн үстүнө күнөө кошпой,тескерисинче Аллахка кылган күнөөлөрүбүздөн тооба кылып, адамдарды ширк, бидат ж.б. бардык харам иштерден кайтарып, садакаларды көбөйтүп, Аллахка күнү-түнү жалынып жалбарып дуба кылып, Аллах Өзү ыраазы болгон амалдарды аткарып, Аллах сүйгөн сөздү гана сүйлөшүбүз керек.

Мына бизге кылуу керек болгон нерсе ушул!

Аллах Таала баарыбызды туура жолго баштап, жалпы мусулмандарды ушул вирустан саламатта кылып, ооруган бир туугандарыбызга тез арада шыпаа беришин Аллахтын жалгыз Өзүнөн сурайбыз!
Булак: Талас Артыкбаев (Ислам эл аралык университети, Медина шаары) https://t.me/islamtaanuu/116

«Кирпик — Коронавирус» чынбы?

📣 http://islamjolu.kg/wp-content/uploads/2020/Бакай-устаз-Кирпик-Коронавирус-2020-03-07.mp3

📺 https://www.youtube.com/watch?v=dnjhWKI_a48

@islamjolu
Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

НЕТ КОММЕНТАРИЕВ