Коронавирус чыкканда эмне кылыш керек? — мусулман адеби

Бисмилляхир-Рахманир-Рахиим

2020-жылдын башынан бери дүйнө жүзүндө алоолонуп тарап жаткан Коронавирус оорусунун келишинде чоң даанышмандыктар бар!

➢ Пенде Аллахтан качып кутулбайт экенин билүүсү. Кыпындай болгон, көзгө көрүнбөгөн бир Аллахтын макулугу ушунча адамдарды коркутуп жатат. Андан башка Аллахтын канча деген аскерлери бар!

➢ Кичинекей азап берип, чоң азаптан сактайын дейт. Адамдар күнөөлөрүнөн тооба кылышып, Раббисине кайтуулары үчүн.

МАЗМУНУ

ВИРУС — АЛЛАХТЫН АСКЕРЛЕРИНЕН БИР АСКЕР, АНЫН КУДУРЕТИНИН БИР БЕЛГИСИ.

ЭПИДЕМИЯ ООРУУЛАРЫ — АЛЛАХТЫН РАХМАТЫ ЖАНА ЭСКЕРТҮҮСҮ, АДАМДАРДЫ ТООБАГА ЧАКЫРУУСУ.

🔹 Адамдарга балээ күнөөлөрү гана себептүү келет. Адамдардан балээ бир гана тооба-истигфар менен кетет! 
🔹 Аллах мурунку элдер күнөө кылганда, балээлерди жиберип жок кылчу. Биздин учурда да күнөөлөр болуп жатат. Абайлайлы! 
🔹 Коронавирус, чума сыяктуу эпидемия ооруулары – каапырларга азап, момун мусулмандарга ырайым

ЖУГУШТУУ ООРУ ЖАЙЫЛГАН УЧУРДАГЫ МУСУЛМАНДЫН АДЕБИ

🔹 Тагдырга ыйман келтирүү
🔹 Ахлюс-сунна алымдардын коронавирус оорусу тууралуу айткан сөздөрү
🔹 Алдын алуу (профилактика).
🔹Оору келген учурда …

🔴…сабыр кылуу
🔴… такталган гана маалыматка амал кылуу;  ушак жана ар кандай кептерден сактануу.
🔴… бийлик башчысына жана атайын дайындалган органдарга жакшылык иштерде баш ийүү жана көмөк көрсөтүү.
🔴… дарылануу 
🔴… түлөө (кудай) өткөзүү туурабы? 
🔴…дуа кылуу

ВИРУС — АЛЛАХТЫН АСКЕРЛЕРИНЕН БИР АСКЕР, АНЫН КУДУРЕТИНИН БИР БЕЛГИСИ.

Аллах Таала айтат: «Роббиңдин аскерлерин (алардын канчалык экенин) Анын Өзүнөн башка эч ким билбейт» (Куран, аль-Муддассир 74:31).

Аллах Таала айтат: «Силер көргөн жана көрбөгөн нерселер менен ант ичем» (Куран, аль-Хаакка 69:38-39).

☄️ Аллах Таала айтты: «… Эч бир шексиз Биз аларга (Кыямат Күнү болчу) чоң азапка чейин, жакыныраак (төмөнүрөөк) азапты да таттырабыз – алар (күнөөлөрүнөн) кайтышсын деп» (Куран, ас-Сажда 32:21).

Жабир (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Мага ’Аршты көтөрүп жүргөн Аллахтын периштелеринен бир периште тууралуу айтып берүүгө уруксат берилди. Ырасында, анын кулагынын жумшагынан ийнине чейин жети жүз жылдык аралык”.­ 📚 (Абу Дауд: 4727; Табарани:, 1709. Шейх Альбани хадисти сахих деген. Кз. «Сахихль-Жаами’»: 854).

Аллах Таала айтат: «Анын Курсийи асмандар менен жерди ороп турат» (Куран, аль-Бакара 2:255).

Аллах Таала дагы айтат: «Алар Аллахка чыныгы бааны бере алышпады. Бүткүл жер кыямат күнү Анын Колунда, бир уучунда эле калат эмеспи, ал эми асмандарды Ал оң колу менен түрмөктөп ороп салат» (Куран, аз-Зумар 39:67).

Аллах Таала дагы айтат: «Ырасында, алар (б.а. пайгамбарлар) жакшылык кылууга шашышчу, Бизге (чын дилден) умтулуп, үрөйлөнүп коркуу менен дуба кылышчу жана Биздин алдыбызда (жүрөктөрүнөн) титиреп ийилип турушчу» (Куран, аль-Анбия 21:90).

Жана да Аллах Таала айтат: «Роббиңерден болгон кечиримге жана кеңдиги асмандар менен жерге барабар болгон, такыбалар үчүн убада кылынган Жаннатка шашкыла!» (Куран, Аали ’Имран 3:133).

ЭПИДЕМИЯ ООРУУЛАРЫ — АЛЛАХТЫН РАХМАТЫ ЖАНА ЭСКЕРТҮҮСҮ, АДАМДАРДЫ ТООБАГА ЧАКЫРУУСУ.

Адамдарга балээ күнөөлөрү гана себептүү келет. Адамдардан балээ бир гана тооба-истигфар менен кетет!

⚡️ Аллах Таала айтты: «Силерге кандай гана балээ-апаат жетпесин, ал колуңар кылган (күнөөңөр) себептүү…» (Куран, аш-Шуура 42:30).

🔥 Аллах Таала айтты: «Жерде жана деңизде (ар кандай) апааттар пайда болду, адамдар жасаган күнөөлөрү себептүү. Аларга кылмыштарын(ын азабынын бир бөлүгүн) таттырыш үчүн. Кана эми (Туура Жолго) кайтышса!» (Куран, ар-Рум 30:41).

☁️ Аллах Таала айтты: «…Ошондон соң Биз заалымдарга бузукулук кылгандары үчүн асмандан азап түшүрдүк» (Куран, аль-Бакара 2:59).

💥 Аллах Таала айтты: «Ким Аллахка жана Анын элчисине каршы чыкса, [билип алгыла] чынында, Аллахтын азабы катуу!» (Куран, аль-Анфаль 8:13).

☄️ Аллах Таала айтты: «(Эй, адамдар) асмандагы Зат (Аллах) силерди жерге жуткуруп жиберүүсүнөн (тап-такыр) тынчсыңарбы?! Капысынан ал (жер) чайпалып кетсечи?! Же болбосо, силер, асмандагы Зат үстүңөргө таш учурган катуу шамал жиберишинен амансыңарбы!? Жакында Менин эскертүүм кандай экенин билип аласыңар!» (Куран, аль-Мульк 67:16-17).

’Имран ибн Хусейн (рахматуЛлахи ‘алейхи), өзүнө бир мусыйбат келгенде: «Бул кайсы бир күнөө себептүү гана болду деп ойлойм, ал эми Аллах көп нерсени кечирип жиберет«, деп бул аятты окучу: «Башыңарга келген кандай гана мусыйбат (кыйынчылык, түйшүктүү иш) болбосун, өз колуңардын кесепетинен. Ал эми Ал көп нерсени кечирип жиберет» (Куран, аш-Шуура 42:30). ­📚  (Байхаки: 9813; Хаким: 2/445; Ибн Аби ад-Дуня «аль-Марад уаль-Каффарат»: 149).

АбдуЛлах ибн ’Умар (радияЛлаху анхума) кабарлангандай, бир жолу Аллахтын элчиси ﷺ бул сөздөр менен кайрылды дейт:
Оо, Мухажирлер! Силер беш нерсе менен сыналасыңар. Аларга силер туш келип калышыңардан Аллахтан мен коргоо издейм:
      Эгерде зына (никесиз жыныстык катнаш), адамдар арасында аны ачык эле жасала баштанга чейин жетип, таркалып жатса – анда, мурунку ата-бабаларына да келбеген кара тумоо (чума, жугуштуу оорулар) жана ачарчылык алардын арасында жайылат…” ­📚  (Ибн Мажа: 4019; Табарани: 4671; Хаким: 2/126. Шейх Альбани хадисти сахих деген. Кз. «Сахих ат-Таргиб»: 764).

Аллах Таала айтты: “Биз аларды (ар түрдүү) азаптар менен сынап жазаладык. Бирок, алар дагы эле  өздөрүнүн Эгесине моюн сунбай, жалынып дуа кылбай жатышат” (Куран, Муминун 23:76).

Аллах Таала айтат: «Силерге (Ухуд согушунда мушриктерден) мусыйбат (кырсык) жеткенде — аларга (Бадр согушунда) эки эсе мусыйбат (кырсык) жеткирген болсоңор да — «Бул эмнеден (улам болду)?» дедиңер го?!  Айткын: “Бул өзүңөрдөн (б.а. араңардан айрымдар Пайгамбарды укпай койгондуктан улам) болду”. Ырасында, Аллах бардык нерсеге кадыр» (Куран, Аали ‘Имран 3:165).

Ибн аль-Каййим (рахимахуллах) айтат:
      «Аллах Өзүнүн пендесин, анын арыз-муңун, жалбарып сурануусун жана дуа кылуусун угуу үчүн сыноого кириптер кылат”. 📚 (‘Уддатус-Собирин: 62)

💬 Шейх Солих аль-Фаузан айтты:
     Кээ бир адамдар: «Бул башыбызга келген кыйынчылыктар, балээ-апааттар – адамдардын күнөөсү себептүү эмес, балким, бул жаратылыштагы кубулуш, бул нерсеге адамдардын эч кандай тийешеси жок»,- деп айтышат. Минтип айткандары Аллахтын сөздөрүн жалганга чыгаруу болот!
Аллах Өз сөзү болгон Куранда минтип айтып жатпайбы: «Адамдар өз колдору менен жасаган күнөө, бузуку иштери себептүү жер бетинде жана деңизде ар кандай бузуку, апаат-балээлер пайда болду. Аларга өз колдору менен жасаган күнөө, бузуку иштеринин жазасын тарттыруу үчүн. Балким, алар күнөөлөрүн, бузуку иштерин таштап, туура жолго кайтышаар» (Куран, ар-Рум 30:41).
Силерге жеткен ар бир балээ-апааттар өз колуңар менен жасаган күнөөңөр себептүү болот.
Башыбызга келген кыйынчылыктар, балээ-апааттар адамдардын күнөөсү себептүү эмес деп, балким, бул жаратылыштагы кубулуш деп, бул нерсеге адамдардын эч кандай тийешеси жок деп айтып, жогорудагы Аллахтын сөздөрүн жалганга чыгаруу –  бул жүрөктөрдүн мерез таш сыяктуу болуп калуусу болот! Аллах мындай мерез, таш сыяктуу болуп калган жүрөктөрдөн сактасын…
Толугу менен окуу >>

Аллах мурунку элдер күнөө кылганда, балээлерди жиберип жок кылчу. Биздин учурда да күнөөлөр болуп жатат. Абайлайлы!

Аллах Таала айтат: «Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде (“силер күнөө кылсаңар да азапталбайсыңар” деген) келишимиңер барбы?» (Куран, аль-Комар 54:43).

Аллах Таала айтат: «Ал эми ’Ад эли болсо эч бир акысы жок болсо да жер бетинде текеберленип кетишти, анан (менменсишип) айтышты: »Ким күч-кубат жагынан бизден ашып түшалат?». Өздөрүн жараткан Аллах күч-кубат жагынан алардан ашып түшөөрүн көрүшпөдүбү?! Жана алар биздин аяттарыбыздан жүз үйрүп коюшту» (Куран, Фуссылят 41:15).

🥀 Аллах Таала айтты: «Эгер айылдардын элдери ыйманга келип, такыба болушса, Биз аларга асман-жердин берекелерин ачып коймокпуз. Бирок, алар Биздин аяттарыбызды жалганга чыгарышты эле, кылмыштарына жараша кармадык (азап-жаза бердик)» (Куран, аль-А’раф 7:96).

🍂 Аллах Таала айтты: «(Мурунку заманда) нечендеген айыл-шаар (элдери) Раббисинин жана Анын пайгамбарларынын буйругунан баш тартышты. Анан Биз алар менен катуу эсептешип, жагымсыз азаптарга салдык» (Куран, ат-Талак 65:8).

🌪 Аллах Таала айтты: «Бардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллах зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты» (Куран, аль-‘Анкабут 29:40).

🦠 Аллах Таала айтты: «Айт: “Жер жүзүн кезгиле жана (өзүңөргө окшогон) күнөөкөрлөрдүн акыбети эмне болгонун көрүп алгыла”.   Сен алардан капа болбо жана айлакерликтеринен сыгылба.  Алар: «Эгер чынчыл болсоңор, бул убада (азап) качан?» дешет. Айткын: «Шаштырып жаткан нерсеңердин кээ бири балким аркаңардадыр (жакын калгандыр)» (Куран, ан-Намль 27:69-72).

Аллах Таала айтат: «Аллах сабак алчу мисал иретинде коопсуздук менен бейпилчикке оролгон бир конушту (Мекке шаарын) келтирет. Ага [ал шаарга] ырыскысы чар тараптан молчулукта келип турчу. Ал [ошол шаар эли] болсо  Аллах аны орогон жакшылыкка каапырлык кылды (шүгүрлүү болбоду). Мына ошондо Аллах аны, [элинин] ушул кылгылыктары үчүн, ачкачылык жана коркуу чүмбөтүнө чүмкөп салды» (Куран, ан-Нахл 16:112).

Аллах Таала айтат: «Биз сенден мурунку үммөттөргө да элчилерди жибергенбиз (бирок алар элчилерди жалганчыга чыгарганда), Бизге тообо кылып кайтуулары үчүн кыйынчылыктар жана балээлер менен сынадык. Кана эми алар биз берген кыйынчылыктар баштарына келгенде бизге тообо кылышса!Бирок алардын жүрөктөрү катып,  шайтан аларга кылып жүргөн күнөөлөрүн кооздоп көрсөттү.
Качанда биз берген сыноолорду унутуп калышканда, аларга бардык нерсенин (жакшылык, кененчиликтин) эшигин  ачып койдук. Эми Биз берген нерселер менен сүйүнүп турушканда, күтүлбөгөн жерден (катуу) азап бердик. Мына, алар үмүтсүз абалда калышты
» (Куран, аль-Анъаам 6:42-44).
Аяттын тафсири:
Акыйкат келгенде алар андан жүздөрүн буруп кетишти. Шайтан аларга адашууларын кооздоп берди, алар уланта беришти. Биз берген сыноолорго көңүл бурбай калтырышты. Аны өздөрүнө түшкөн сыноо деп эсептешпеди. Анан Биз аларга жакшылык эшиктерин ачып койдук, б.а. мал мүлк, перзенттер, мол ырыскы. Аны “биз ушуга татыктуу элек” деп эсептешти, шүгүр кылышпады. Анан жыргалчылыкта жашап жатышканда капыстан катуу азап бердик.

Коронавирус, чума сыяктуу эпидемия ооруулары – каапырларга азап, момун мусулмандарга ырайым

‘Айша (радияЛлаху анха) риваят кылат: «(Бир жолу) мен Аллахтын элчисине ﷺ катуу жайылып кетүүчү оору (чума, кара тумоо) тууралуу суроо бердим. Ал айтты: “Ал — Аллах каалаганына жөнөтүүчү азап. (Бирок) Аллах аны момундар үчүн ырайым кылган…”».­ 📚 (Бухари: 3474).

Анас ибн Малик Пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылат: «Аллах Өз пендесине жакшылык кааласа –жазаны ал үчүн эртелетип, бул дүйнөдөн берет. Ал эми Өз пендесине жамандык кааласа – күнөөсүнүн жазасын Кыямат Күнүнө калтырып, [ошол күнү] толугу менен берет».­📚 (Тирмизи: 2398, шейх Альбани хадисти сахих деди).

Пайгамбар ﷺ айтты: «Чындыгында, сыйлык-сооптун чоңдугу балээнин чоңдугуна жараша болот. Чындыгында, эгер Аллах бир коомду жакшы көргөн болсо – аларга сыноо жиберет: ким ошого ыраазы болсо [Аллах ага] ыраазы, ким нааразы болсо [Аллах ага] нааразы».­📚 (Тирмизи: 2398, хадисти хасан деди).

Абу Са’ид жана Абу Хурайра (радияЛлаху анхума) риваят кылышат, Аллахтын элчиси ﷺ мындай дейт: “Мусулмандын башына эмне гана түшпөсүн, мейли ал чаалыгып чарчоо болсун, мейли узакка созулган оору болсун, көңүлдүн чөгүүсү, жагымсыз бир нерсе, аза-кайгы же, алтургай, тикенектин сайылуусу болсун — Аллах бул үчүн сөзсүз анын күнөөлөрүнөн кечирет”.­ 📚 (Бухари: 5641; Муслим: 2573).

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын элчиси ﷺ мындай дейт: “Эгер мусулмандын бирөө жарымы оорунун же дагы бир башка нерсенин айынан зыян тартса — Аллах сөзсүз анын күнөөлөрүн, дарак жалбырактарын күүгөндөй, кетирип таштайт”.­ 📚 (Бухари: 5648; Муслим: 2571).

Аллах Таала айтты: “Кургактыкта жана деңизде инсандар өз колдору менен кылган күнөөлөр себептен бузукулук ачык айкын болду. Кээ бир кылгандарынын (азабын) таттыруу үчүн (үлгү катары бул дүйнөдө сыноолорду кылдык). Балким ал нерседен кайтып калышаар” (Куран, ар-Руум 30:41).
Улуу тафсирчи Шейх Абдур-Рахман ас-Саади бул аятты чечмелеп айтты:
“{Кургактыкта жана деңизде бузукулук ачык айкын болду} дегени: Жашоолорунда бузукулук, кемчиликтер жана балээлердин болуусу. Өздөрүндө болсо ооруулар, вирустар жана башка нерселердин болуусу. Алар өздөрү кылган бузуку амалдарынын себебинен.
{Кээ бир кылгандарынын даамын билдирүү үчүн} бул дегени: Кылган амалдарынын кээ бирлеринин жазасын эртелетип, бул дүйнөдө үлгү кылып койдук.
{Балким ал нерседен кайтып калышаар}: Кылган амалдарынын натыйжасындагы бузукулуктан таасирленип, абалдарын оңдоп өздөрүн туура жолго койуп калышаар.
Аллах — Өзү жиберген жаза, балээ менен жакшылык каалаган кандай кемчиликсиз, таза Зат!! Эгер адамдарга бардык күнөөлөрүнүн азабын таттырганда жер бетинде жандык калтырмак эмес”.

ЖУГУШТУУ ООРУ ЖАЙЫЛГАН УЧУРДАГЫ МУСУЛМАНДЫН АДЕБИ

1. Тагдырга ыйман келтирүү

Аллах Таала айтты: «Биз силерди жамандык менен да, жакшылык менен да, [буларды силерге] фитна (сыноо) кылып, сынайбыз, анан Бизге кайтып келесиңер» (Куран, аль-Анбия 21:35).

Аллах Таала дагы айтты: «Биз силерди коркуу, ачкачылык жана мал-мүлктүн, жандардын (адамдардын) жана түшүмдөрдүн азайып кыскаруусу сыяктуу айрым бир нерселер менен сынайбыз. Сабырдууларга куш кабар бер! Качан аларга бир мусыйбат (кыйынчылык, мүшкүл иш) жеткенде: “Ырасында, биз Аллахка гана таандыкпыз жана, ырасында, биз Анын Өзүнө гана кайтып барабыз!” деп айтышат /Иннаа лиЛляхи ва иннаа иляйхи роожиуун/. Мына ушулар үстүлөрүнө Роббиси тарабынан ийгилик менен мээрим (рахма) жаадырылгандар, жана мына ушулар туура жолго түшкөндөр» (Куран, аль-Бакара 2:155–157).

‘АбдуЛлах ибн ‘Амр ибн аль-‘Ас (радияЛлаху анхума) риваят кылат, Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Аллах бүтүндөй жаратылыштын баарысынын тагдырын, асмандар менен жерди жаратаардан элүү миң жыл мурда эле жазып койгон, ал эми Анын тактысы (‘Аршы) суунун үстүндө болчу”.­ 📚 (Муслим: 2653).

Белгилүү хадисте келгендей, Аллахтын элчиси ﷺ Ибн ‘Аббаска (радияЛлаху анхума) кайрылып мындай дейт: “… Жана билгин! Эгерде сага пайда жеткизиш үчүн адамзатынын баары чогулушса да, сага Аллах тагдыр кылган пайдадан артык пайда жеткире алышпайт. Ал эми алар сага зыян жеткириш үчүн чогулушса, сага Аллах тагдыр кылган зыяндан артык зыян жеткире алышпайт. Анткени калемдер көтөрүлгөн, сукуп-барактар болсо (эчак эле) кургап калган”.­ 📚 (Тирмизи: 2516; Ахмад, 2669. Шейх Альбани хадисти сахих деген. Кз. «Сахих ат-Тирмизи», 2516; «Сахих аль-Жаами’»: 7957).

Аллах Таала сыйкырчылар жөнүндө мындай дейт: «Жана алар тиги экөөнөн аялын күйөөсүнөн кантип ажыраштырышты үйрөнүштү. Бирок алар Аллах жол бермейинче эч кимге зыян жеткизе алышпайт» (Куран, аль-Бакара 2:102).

Абу Яхья Синан ибн Сухайб (радияЛлаху анху) айтып бергенинен кабарлангандай, Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Момундун абалы кандай таң калычтуу! Ырасында, анын абалында баардык нерсе жакшылыкка айланат, жана бул момундан башка эч кимге берилген эмес: эгерде бир нерсе аны кубандырса, ал (Аллахка) шүгүрчүлүк келтирет, анан анысы ал үчүн жакшылыкка айланат. Эгерде ага кандайдыр бир кайгы жетсе сабыр кылат, анан бул да ал үчүн жакшылыкка айланат”.­📚 (Муслим: 2999).

Кыйынчылыктан кийин женилчилик келет! Аллах Таала айтты: «Албетте, кыйынчылык соң жеңилдик бар. Албетте, кыйынчылык соң жеңилдик бар» (Куран, аль-Инширах 94:5-6)

2. Ахлюс-сунна алымдардын коронавирус оорусу тууралуу айткан сөздөрү

💬 Шейх Солих аль-Фаузан (Аллах аны сактасын) айтты:
    «Коомдо ар кандай күнөөлөр кайтарылбай, ачык жасалып калганда, балким ага, “пикир эркиндиги”, “адамдардын жеке жашоосуна кийлигишпөө” деген ураан менен көмөктөшкөндөр чыкканда, бузукулук (зына) коомдо ачык чыкканда, аны коргоп, ага үгүттөгөндөр чыкканда, жакшы адамдар бул нерсеге унчукпай, кайдыгер карап калганда – аларга азыр көрүп жаткан балээ келди: эпидемия, өлтүрүүчү вирус.
Врачтар, адистер аны айыктырууда алсыз болуп жатышат. Бул нерсе мурдакы замандарда жок эле. Мурда эч ким укпаган, тарыхта аты аталбаган канча деген оорулар чыгып жатат. Бул заманбап дарттар – айыккыс, өтө зыян. Доктурлардын күчү жетпей жатат. Бул оору ушунча коомдо көп таркап жатат.
(Эгер күнөөлөр дагы деле улана берсе) күн сайын ушундай оорулардын дагы бир жаңы, белгисиз түрү чыга берет…».
Толугу менен окуу >>>

💬 Шейх Абдул Мухсин аль-Аббад (Аллах аны сактасын) айтты:
    “Чума оорусу жугуштуу оорулардын бири болуп эсептелет. Ал эми бүгүнкү күндө пайда болгон коронавирус оорусу ушул чума оорусунун өкүмүн алып, ошол коронавирус оорусунан көз жумган мусулманга шейит болуп өлдү – деп үмүт этилет. Эгер ошол вирустан көз жумган адамга гусул алдырган учурда жугуп калат деген коркунуч болсо, анда таяммум алдырып койсо болот. Аллах Таала баарыбызды ар түрдүү балээлерден сактасын!”
     Булак: (Шейх расмий сабагынан 04-март-2020-ж.)

🌱 Шейх Али ар-Рамли (Аллах аны сактасын) айтты:
     «Мындай маалда биз кечирим сурап, тооба менен Аллахка кайтууга муктажбыз. Түнкү намаздарды көбөйтүүгө, саждаларыбызда жалынып жалбарып дуа кылууга, ибадаттарды көп кылууга муктажбыз. Күнөөлөрдү токтотууга муктажбыз.
Бирөөлөрдү туурап музыка, шан-шөөкөт жана ар кандай бузукулукта (убакыт өткөрүүдөн) алыс болууга муктажбыз.
Керт башыбызды гана ойлобой, талашып-талашуудан, эгоизмден алыс болууга муктажбыз. Жакшылык жана такыбачылык иштерде, о.э. мамлекетибиз менен элибизге пайда алып келчү иштерде, бири-бирибизге жардам берип, бир кол сымал болууга муктажбыз. Эгерде башкаларга пайда алып келе албасаң, (жок дегенде) зыяныңды тийгизбе.
Мен Аллахтан суранаарым: бизге жеңилдик берип, балээлерден куткарып, ушул болуп жаткан кырдаалды, пенделердин тооба кылып Өзүнө кайтуусуна, ибадат кылып жакындашына себеп кылуусун»
    Булак: (Шейх Рамлинин расмий телеграм каналы t.me/alramly/1550)

🌱 Шейх Мухаммад Саид Раслян (Аллах аны сактасын) айтты:
     «Мына, Аллах бул вирусту аларга жиберип койду… Эми алар ушул нерседен ушунча коркушууда!… Бул жугуштуу оорууга окшогон нерселер тоъун (чума) өкүмүндө болот экенин мусулман жакшы билет… (Билет) ким ал ооруу себептүү өлсө шейит кетет экенин. Мына, мусулман ушундай. Ал эми кайра тирилүүгө ыйман келтирбеген “өлүктөр” (каапырлар) үчүн, ааламдын Жаратуучусуна ишенбеген коммунисттер ж.б.у.с. атеисттер үчүн жашоо өлүм менен аяктайт, (уланбайт деп ойлошот эмеспи). Ошондуктан алар (өлүмдөн) корушат жана жашоого өтө сугалак келишет…”.
Толугу менен окуу >>>

ж.б. көптөгөн аалымдардын сөздөрү.

2. Алдын алуу (профилактика).

Абдулла ибн Амир бин Рабиа айтат, Умар ибн Хаттаб (Аллах ыраазы болсун) Шамды көздөй жолго чыгат. Качанда Сарга деген жерге келгенде Шам жеринде  таъун (чума, жугуштуу оору) тараганы жөнүндө кабар келет. Абдурахман ибн Ауф Умарга Пайгамбарыбыздын (соллаЛлооху ‘алейхи ва саллям):
«Эгер бир жерде таъун болуп жатканын уксаңар, ал жерге кирбегиле. Эгер силер турган жерде болсо, ал жерден качып чыкпагыла!» — дегенин кабар берет. Ошентип, Умар ибн Хаттаб Сарга жерине кирбей, кайра кайтып кетет. ­📚 (Бухари: 6973).

Абу Хурайра (Аллах андан ыраазы болсун) Пайгамбарыбыздан ﷺ риваят кылат:
«Шейиттер: Сууга чөгүп, таъун тийип, ашказан оорусунан жана көчкү алдында калып каза болгон (момундар)”. ­📚 (Бухари: 720).
Таъун (чума) оорусу — кадимки грипп сыяктуу жугуштуу оорулардан айырмаланып адамдар арасында тез таркап, каза болгондор көп болот).

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын элчиси ﷺ айтты:
Жугуштуу илдет жок (Аллахтын эрки менен болбосо гана), куштун же үкүнүн учканына карап жаман жышаан кылуу жок жана Сапар айында эч кандай жамандык жок. Жана да, ала оорусуна (лепра) чалдыгып калган кишиден арстандан качкандай кач!”­. 📚 (Бухари: 5707).

Шарид Сувейд ибн ас-Сакафи (радияЛлаху анху) мындай деп айтып берет: «Сакыф уруусунан бир жамаат (байат бериш – башчылыгын моюндап кол берүү – үчүн) келген эле, жана алардын ичинде ала (лепра) оорусуна  чалдыккан бирөө бар экен. Пайгамбар ﷺ ага бул сөздөрдү айттырып киши жөнөттү: “Кайтып кете бер! Биз сенин байатыңды кабыл кылдык”». ­📚 (Муслим: 2231).

Абу Хурайра (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Ылаңдап (ооруп) калган төөлөрдү сактарына кошпогула!”. ­📚 (Бухари: 5771; Муслим: 2221).

Усама ибн Зейд (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын ﷺ айтты: “Чума – Бану Исраилдин — же силерден мурдакылардын — бир бөлүгүнө жөнөтүлгөн азап эле. Эгер силер кара чума (кайсы бир жерди) каптаганын уксаңар, ал жакка барбагыла. Ал эми ал силер жашаган жерде жайылса, анда качып ал жерди таштап кетпегиле!”. ­📚 (Бухари: 3473; Муслим: 2218).

Жабир (радияЛлаху анху) риваят кылат, мен Аллахтын Элчиси ﷺ минтип айтып жатканын уктум дейт:
«Идиштин оозун жапкыла, чаначтын оозун байлагыла. Себеби жылдын ичинде оору (ваба’) түшө турган бир түн бар. Оору түшкөндө оозу ачык идиш же байланбаган чанач болуп калса – ал оору сөзсүз кирип кетет» 📖 (Муслим: 2014).

3. Оору келген учурда …

…сабыр кылуу

‘Айша (радияЛлаху анха) риваят кылат: «(Бир жолу) мен Аллахтын элчисине ﷺ катуу жайылып кетүүчү оору (чума, кара тумоо) тууралуу суроо бердим. Ал айтты: “Ал — Аллах каалаганына жөнөтүүчү азап. (Бирок) Аллах аны момундар үчүн ырайым кылган, жана (алардын) кимиси болбосун, кара тумоо жайылып жаткан (өзүнүн жашаган жеринде) сабыр кылып калса, Аллахтын сообунан үмүттө болсо жана Аллах тарабынан тагдырына жазылган нерсе гана ага жетээрин көңүлдөн чыгарбаса – анда ал сөзсүз шахид тапкан соопту табат”».­ 📚 (Бухари: 3474).

… такталган гана маалыматка амал кылуу;  ушак жана ар кандай кептерден сактануу.

Аллах Таала айтат: «Эгер аларга тынчтык же коркунуч жөнүндө бир кабар жетип калса аны дароо жайылтып жиберишет. Эгер (жайылтууга шашылбай, оболу) пайгамбарга жана өздөрүнөн болгон башчыларга алып барышса, кабарды билүүгө кызыккандар ошолордон (пайгамбардан же башчылардан) билип алышмак.  Эгер силерге Аллахтын пазилети жана ырайымы болбогондо, азганаңардан башка баарыңар шайтанды ээрчип калмаксыңар» (Куран, ан-Ниса 4:83).

Бул аят менен Аллах Таала мусулмандар коомуна өз ара мамиле адебин үйрөтүп жатат. Жакшыбы, жаманбы, кандай кабар болбосун угаар замат жайылтып жиберүү жаман адат. Балким, андан коомго же бир жеке адамга зыян жетип калаар. Балким, ал кабар душмандардан жашырыла турган сыр болуп жүрбөсүн? Ошондуктан, Аллах Таала кандай кабар болсо да оболу акылман, билерман, тажрыйбалуу башчыларга, о.э. аалымдарга билдирилип, алардын талкуусуна коюлгандан кийин гана же сактоого же жайылтууга уруксат берилерин үйрөтүүдө.

… бийлик башчысына жана атайын дайындалган органдарга жакшылык иштерде баш ийүү жана көмөк көрсөтүү.

Бул ар бир мусулмандын парзы. Өзгөчө эпидемия тараган, жалпы коомго тийиштүү курч кырдаалда — бул милдет дагы бекемирээк болот.
Пайгамбар ﷺ айтты: «Дин бул ыкластуу мамиле (насыха)». Андан сурашты «Кимге карата (ыклас)?».  Айтты: «Аллахка, Анын Китебине, Анын пайгамбарына, мусулман башчыларына жана жалпы мусулмандарга«. 📕 (Муслим: 55).

Эгер падыша мечиттерди убактылуу жаап, жамаат намаздарын токтотууну туура көрүп жатса – бул нерседе жалпы коомчулук үчүн пайда бар. Бул нерсени туура түшүнүп, ага баш ийүү зарыл.

Шейх Усеймин (رحمه الله) Каабанын жана мечиттердин жабылуусу тууралуу.  Имам Бухаринин “Сахих” китебиндеги «Каабанын эшигин жабуу жана каалаган жеринде намаз окуу бөлүмү» деген сабакка түшүндүрмө берип ушундай деп айтат:
«Автор (Бухари) бул сөзү менен мечиттердин, Каабанын кажет үчүн жабулуусу дурус нерсе экенин баян кылайын деди. Мындай кылуу мечиттерде Аллахты зикир кылуудан тыюу дегенге кирбейт. Бул кээде пайда, муктаждык же зарылчылык үчүн кылынат». 📚  (“Шарх Сахих Бухари”: 5/308. Ибн Усеймин).

… дарылануу

Усама ибн Шарик (радияЛлаху анху) риваят кылат, бадавий (бедуин, б.а. шаардан сырт, алыскы талааларда көчмөн жашоо кечирген) адамдар келишип, сурашты: «Оо, Аллахтын элчиси! Биз дабаалансак (дарылансак) болобу?» Буга Аллахтын элчиси ﷺ:
Дабалангыла, оо Аллахтын кулдары! Ырасында, Аллах дабаасы жок оору жараткан эмес. Бир гана ооруну айтпаганда”, деп жооп берди. Алар: «Оо, Аллахтын элчиси! Ал эмне болгон оору?» деп сурашты. Ал: “Карылык”, — деп жооп берди. ­📚 (Абу Дауд: 3855; Насаи: 7554; Тирмизи 2038; Ибн Мажа: 3436. Шейх Альбани хадистин сахихтигин тастыктаган. Кз. «Сахихуль-Жаами’»:: 2930).

… түлөө (кудай) өткөзүү туурабы?

Балээ-кырсык келгенде, жогоруда айтылгандай, пенде Аллах Таалага тооба менен кайрылып, көп көп дуа кылуусу керек.
Бирок эпидемия, чума, коронавирус келгенде – бир күндү белгилеп, же “баланча миң зикр айтабыз” деп келишип алып – ЖАМААТ менен чогулуп дуа, зикр, ибадат кылуу Шариатыбызда жок нерсе. Балким, бул балээ үстүнө балээ арттырып журбөсүн! Аллахым Өзүң сакта!

Хафиз Ибн Хажар аль-Аскалани (733-852 х.ж.) ага Аллахтын ырайымы болсун, айтат:
📜 «Эпидемияны (жугуштуу оору) кетирүү үчүн дуа кылып кайрылууга тыюу салынбайт. Бул иш өз негизинде (Аллах жазган) тагдыр маселесине каршы келбейт.
Бирок жамгыр тилөө намазга (солят аль-истиско) окшоштуруп, чогулулуу – бидаат деп саналат.
749-х.ж. Дамаск шаарында чоң чума чыкканда ушундай болгон. Аль-Манбиджи (жазгандын) кээ бирлерин окуган элем. Ал элдерге мындай чогулуштарды жасоого тыюу салганын айтат. Бирок элдер ага карабай чогулуп алып, дуа кылып катуу кыйкыра башташкан. Бул 764-х.ж. Дамасктагы кара тумоо жайылган кезде болгон.
Ошондой эле 749-х.ж дагы ошол өрөөндөгү ак-сакалдар чөлгө чыгышып, дуа кылып, Аллахтан жардам сурай башташкан. Бирок бул окуядан кийин, ал илдет ого бетер күч алып, жайылуусу көбөйүп кеткен. Ага чейин ал азыраак эле.
Менин (Ибн Хажар) айтаарым:
Биздин учурда да ушундай болду. 833-х.жылынын Раби аль-Ахир айынын 27-күнү, Каирде чума башталганда, андан каза тапкандардын саны кыркка жеткен эмес. Кийинки «Жумада аль-Уля» айынын 4-числосунда адамдар чөлгө чыгышкан. Буга чейин аларга жамгыр тилөө намазы сымал, үч күн орозо туткула деп айтылган. Анан алар чогулуп алып, дуа кылышып, бир саат ошол жерде болуп кайтышкан. Ошол ай аягына чыкпай эле, өлгөндөрдүн саны күнүгө миңден аша баштады, ары барып андан да көбөйдү!
Анан ушул тууралуу (балээден кутулуу максатында чогулуш кылып, жамаат менен бирге ибадат кылса болобу) маселеси айланасында фетва чыгарууга жыйналыш өттү.
— Кээ бир аалымдар болот дешип, далил катары дуа кылуу жөнүндө келген жалпы аят-хадистерди алып келишти;
— Дагы бирөөлөр: “аль-Муаййаддын учурунда ушундай болгон, ал пайда алып келген, жана ошол кездеги аалымдар ага каршы сөз айтышпаган” деп далил кылышып, болот дешти;
— Ал эми үчүнчүлөрү: “пайдасы тийсе да, тийбесе да мындай кылбай эле койгон оң” дешти. “Пайдасы тийсе адамдар азгырылып кетээрине коркунуч бар (б.а.адамдар бааделенип, ар дайым ушундай болот деп ишенип калуурары мүмкүн). Ал эми эч кандай пайда алып келбеген учурда, ошол аалымдар жөнүндө же дуа кылуу тууралуу жаман күмөндөр пайда болуп калышы мүмкүн.
Мен дагы өз жообумда ушул пикирге токтолуп, дагы кошумчалап кетет элем: Эгерде жогоруда айтылган ыкмалар шариатта уруксат болсо, анда абалкылардан (салаф солих), ар кайсы аймакта турган мурунку факихтерден (б.а. мазхаб имам башчылары), же алардын жолдоочуларынан жашыруун калбайт эле. Андай чогулуш жөнүндө бизге бир да мухаддистен хадис жеткен эмес. Же  факихтердин биринен жок дегенде бир сап жетсечи.
Дуанын сөздөрү жана дуа кылуучунун акыбалы, ар бир жагдайда башкача болот, ошонусу менен дуа өзгөчө сырларга жана касиеттерге ээ. Демек, бул маселеде биз далилдерге (аль-иттибаъ) таянуубуз керек. Салыштырып чечим чыгарууга (аль-кияс) бул жерде орун жок».
📝 (“Базль аль-Ма’ун”: 328-330-беттер).
Толугу менен окуу >>>

…дуа кылуу

Аллах Таала айтты: «Ким муктаждыктан жалбаргандын дубасына жооп берип, жамандыкты жоюп, силерди жер бетине орунбасар кылат?! Аллах менен кошо дагы башка кудай барбы?! (Эскертүүлөргө) аз (ой жүгүртүп) эскерүүдөсүңөр!» (Куран, ан-Намль 27:62).

Анас (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын элчиси ﷺ төмөнкү дуба менен Аллахка көп кайрылчу: “Аллахым, ырасында, мен Сенден пес (ала) оорусунан, акылдан азып (жинди болуп) калуудан, жүздү бузган ала оорусунан (лепра) жана башка жаман оорулардан коргошуңду тилеймин!

اللَّهُمَّ إني أعُوذُ بِكَ مِنَ البَرَصِ وَالجُنُونِ وَالجُذَامِ، وَسَيِّءِ الأسْقامِ‏

/Аллахумма, инни а’у́зу-бика миналь-барас, вал-жуну́н, вал-жуза́м, ва саййи’иль-аска́м/

­📚 (Ахмад: 3/192; Абу Дауд: 1554; Насаи: 5493. Шейх Альбани хадисти сахих деген. Кз. «Сахиху-ль-Жаами’»: 1281).

Аби Ваккас ибн Са’ад (радияЛлаху анху) риваят кылат, Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Чоң балыктын курсагында жаткандагы Зун-Нундун (Жусуп пайгамбардын) дубасы: «(Сыйынууга татыктуу) кудай жок, жеке Сенден башка! Сен (бардык кемчилдиктерден) аруу-тазасың! Ырасында, мен заалымдардан болуп калдым»

لاَ إِلَهَ إِلاَّ أَنْتَ سُبْحَانَكَ إِنِّي كُنْتُ مِنَ الظَّالِمِينَ

/Ля иляха илля Анта, субха́нака, инни кунту мина-зза́лимин/. Адамдардан ким болбосун ушул дуба менен кайрылса, Аллах сөзсүз анын дубасына жооп берет”.

­📚 (Тирмизи: 3505; Насаи: 10492. Шейх Альбани хадисти сахих деген. Кз. «Сахих ат-Таргиб»: 1644).

Ибн Аббас (радияЛлаху анхума) риваят кылат, мусыйбат (кыйынчылык, балээ ж.б.у.с.) келген учурда Аллахтын элчиси ﷺ айтчу: “Аллахтан башка (Сыйынууга татыктуу) кудай жок, аль-‘Азыйм (Улуу) аль-Халиим (ашыкпай Күтүүчү). Аллахтан башка (Сыйынууга татыктуу) кудай жок, улуу тактынын (‘арштын) Роббиси. Аллахтан башка (Сыйынууга татыктуу) кудай жок, асмандардын Роббиси жана жердин Роббиси! Урматы улук (кариим) тактынын (‘арштын) Роббиси!

لا إله إلا الله العظيم الكريم، لا إله إلا الله رب العرش العظيم، لا إله إلا الله رب السماوات ورب الارض ورب العرش الكريم.

/Ля иляха илля Ллаху-ль-’Азыйму- ль-Халиим. Ля иляха илля-Ллаху, Роббуль-’аршиль-’азыйм. Ля иляха илля Ллаху, Роббу-с-самавати ва Роббуль-ардый, ва Роббуль-’арши-ль-кяриим/.

­📚 (Бухари: 6346. Муслим: 2730).

аль-Халиим – адамдарды, күнөөлөрү үчүн ошол замат азаптап салбай, алардын кылгылыктарына чыдап, тообаларына убакыт берип Күтүүчү Зат.

’Усман ибн ’Аффан (радияЛлаху анху) кабарлангандай, Аллахтын элчиси ﷺ айтты: “Ар бир таңда жана ар бир кечте үч жолудан: «Аллахтын ысымы менен! Анын ысымы коштолгон кезде эч бир нерсе, ал жерде болобу, асманда болобу, зыян бере албайт. Жана Ал – Угуучу, Көрүүчү!» деп айткан Аллахтын кулуна эч нерсе зыян бере албайт!

بِسْمِ اللَّهِ الَّذِي لاَ يَضُرُّمَعَ اسْمِهِ شَيْءٌ فِي الأَرْضِ وَلاَ فِي السَّمَاءِ وَهُوَالسَّمِيعُ الْعَلِيمُ

/Бисми-Лляхил-лязи ля ядурру ма’а-смихи шай’ун филь-арды ва ля фис-самаа’и, ва хув-ас-Сами’у-ль-‘Алиим/.

­📚 (Абу Дауд: 5088; Тирмизи: 3388; Насаи: 10178; Ибн Мажа: 3869. Шейх Альбани хадисти сахих деген. Кз. «ас-Сахиху-ль-Жаами’»: 5745).

Абу Хурайра радияллаху ‘анхудан келген хадисте Пайгамбарыбыз (ﷺ) айткан:

«Кимде-ким оорулуу адамды көргөн учурда: «Сени сынаган оорудан мени аман койгон жана мени көптөгөн макулуктарынан артык кылып койгон Аллахка мактоолор болсун» — деп айтса, анда ал адамга ошол оору (сыноо) келбейт.»

الحمدُ للهِ الذي عافانيِ مِمّا ابتَلاكَ بِهِ وفَضَّلَنِي على كَثِيرٍ مِمَّنْ خَلَقَ تفضيلًا

­📚 (Тирмизи: 3432. Сахих)

АбдуЛлах ибн Хубайб (радияЛлаху анху) кабарлангандай: «Бир жолу жамгырлуу караңгы түндө биз Аллахтын элчисин ﷺ, ал биз менен бирге намаз окусун үчүн, издеп чыктык. Качан мен аны кезиктирген кезде, ал мага: “Айт!” деди. Мен ага эч нерсе деп жооп бербедим. Ал кайрадан: “Айт!” деди. Мен дагы деле жооп бербедим. Анан дагы ал мага: “Айт!” деди. Мен: «Эмнени айтайын?» деп сурадым. Ал айтты: «Айт: Ал Аллах – Жалгыз» («Куль хува-Ллаху ахад»), жана му’аввизатайнды (Курандын акыркы эки сүрөсүн) эрте менен жана кечкисин үч жолудан (оку!). Бул сенин бардык жамандыктан корголушуңа жетиштүү болот”.­ 📚 (Тирмизи: 3575; Абу Дауд: 5082, Насаи: 5428. Шейх Альбани хадисти сахих деген. Кз. «Сахихуль-Жаами’»: 4406).

Валлаху аълям, ва солляллаху ъаля набиййина Мухаммад ва ъаля аалихи ва сохбихи ажмаъин.

© ИсламЖолу

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...