Таравих жана айт намаздары пандемия учурунда — Муфтий Абдулазиз Али Шейх

Эр-Рияд, 24-шаабан 1441-хижрий жылы, (17-апрель, 2020-ж). SPA

Сауд Аравиясынын Муфтийи, “Чоң аалымдар Уюмунун төрагасы” жана “Илимий изилдөө менен Фетва берүү боюнча Туруктуу Комитеттин” башчысы Шейх Абдулазиз бин Абдулла бин Мухаммед Аль Шейх түшүндүргөндөй, Корона пандемиясынын таралышына каршы күрөшүү үчүн компетенттүү органдар тарабынан көрүлгөн чаралардын себебинен, мечиттерде Таравих жана айт намаздарын окуу мүмкүн эмес болгон учурда, бул эки намаз үйдө окулат.

Рамазан айында уланып жаткан пандемиянын кесепетинен, бул жылы Рамазазнга тиешелүү кээ бир ибадаттарды кандай аткаруу керектигине Муфтий жооп берди.

1⃣ — СУРОО. Таравих намазынын үйдө окуу болобу?

ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Аали Шейх айтты:

Ушул жылы Корона вирусунун жайылуусуна каршы күрөшүү үчүн компетенттүү органдар тарабынан көрүлгөн чараларга ылайык, мечиттерде Таравих намазын окуу мүмкүн болбогондуктан, адамдар Таравихти өз үйлөрүндө окушат. Рамазан айынын куттуу түндөрүнүн сообуна ээ болуулары (өткөрүп жибербөөлөрү) үчүн жана Пайгамбар ﷺ Рамазанда түнкү намаздарды үйдө окугандыгы далил болгон үчүн. Анын үстүнө Таравих намазы мустахаб деп эсептелет, парз эмес.

2⃣ — СУРОО. Айт намазынын үйдө окуу болобу?

ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Аали Шейх айтты:

Эгер айтылып жаткан кырдаал уланып, айт намазды мечиттерде же ага ылайыкташтырылган жерлерде окуу мүмкүн эмес болсо – анда Айт намазы үйлөрдө окулат, бирок айттык хутба айтылбайт. Бул тууралуу “Фатва берүү боюнча Туруктуу Комитети” тарабынан фатва чыгарылган: «Айт намазын өткөрүп жиберген киши үчүн анын казасын окуп коюу – мустахаб иш. Бирок намаздан кийин хутба айтпай окуйт. Демек, имам жана жалпы мусулмандар менен окулган Айт намазды өткөрүп жиберген кишиге анын казасын окуу мустахаб болуп жатса, анда Айт намазы окулбаган мамлекеттеги адамдар үчүн, ошол намазды өзүлөрү окуп коюулары уруксат экени андан анык нерсе. Себеби ал нерседе бул улуу ибадатты мүмкүн болушунча тургузуу бар.  Аллах Таала айтты: ((Аллахка күчүңөр жетишинче такыбачылык кылгыла)), жана Пайгамбар ﷺ айтты: ((Эгер силерге бир нерсе кылууну буйрук кылсам, аны мүмкүн болушунча жасагыла))».

3⃣ — СУРОО. [Быйыл] Айт намазы, Меккедеги Харам жана Мединадагы Набавий мечитинен башка шаарларда окулбай калышы мүмкүн.

Фитр садакасынын акыркы мөөнөтү – Орозо айт намазы бүткүчө эмеспи. Эми айт окулбаса, башка шаарлар үчүн, Фитир зекетин берүүнүн акыркы убактысы качан?

4⃣ — СУРОО. Орозо Айт такбири орозонун акыркы күнү кечинде, күн баткандан тартып, [тээ Айт намазы бүткүчө] айтылат эмеспи. Эми, айт окулбай калса, Орозо айт такбирлерин айтуунун акыркы убактысы качан?

ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Аали Шейх айтты:

Айт намазы өткөрүлбөгөн жерлерде, Фитр садакасын – күн чыккандан тартып, тээ Айт намазын окууга уруксат болгон убакыттын акырына чейин берсе болот [б.а. пешимге чейинки духа убактысы бою]. Айт такбирлеринин акыркы мөөнөтү да ошондой эле.

Булак: https://www.spa.gov.sa/2075735

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

Share

You may also like...