Сауд Аравиясында мечиттер кайтадан ачылды

🇸🇦 КАБАР. Сауд Аравиясы. (@islamjolu)

Пандемияга карата жабылган мечиттер кайтадан ачылууда, намаз окугандардын аралыгын 1м. сактоо шарты менен.

Уламалар белгилеп кеткендей, жамаат намазда сапта жылчык калтырбай туруу, парз болуп эсептелет. Бирок, адамдардын өмүрүнө кооптуу делген азыркыдай учурда, зарылчылык болгондуктан, бул парз жеңилдетилип каралат.

Мамлекеттин бардык аймактарында мечиттер жамаат жана жума намаздары үчүн иштей баштады. Бир гана Меккенин өзүндө, оорунун кооптуулугуна карата, мечиттер толук ачыла элек.

Мамлекет билдиргендей, карантин жана коменданттык саат кыскартылып отуруп, 21-июндан тартып өлкөдө бардык чектөөлөр жоюлуп, жашоо толук кандуу мурдагы режимине келет деп күтүлүүдө.

📲 https://t.me/islamjolu/3682

Share

You may also like...