Жакшы бидаат жана жаман бидаат деп бөлүү туурабы? – Муфтий Шейх Ибн Баз

❓  СУРОО. Жакшы бидаат жана жаман бидаат тууралуу узун суроосу бар экен. Айтат: “Жакшы жана жаман бидааттар деген барбы? Кээ бир бидааттар динге зыяны жок деген чынбы? Мазхаб ээлери бидаат тууралуу эмне деп айтышат? Кай бир аалымдар кээ бир бидаатты уруксат берген деген туурабы? Себеби биз бир киши менен сүйлөшүп, анын кылып жаткан иши бидаат экендигин ага жеткизели деп «Ар бир бидаат адашуу» десек, «Мунун динге зыяны жок, кыла берсе болот», — деп жооп берип койду. Сөз намаздан кийин имам жамаат менен чогу дуа кылуу тууралуу болуп жатат. Эгер аны кылбай койсо, адамдар аны урушат экен. Мындан тышкары дагы көптөгөн бидааттарды айтпай эле койгондо. Ушул маселени бизге кененирээк түшүндүрүп берсеңиз. Аллах сизден ыраазы болсун жана өз ишиңизди ийгиликтүү аткарууга жардам берсин. Ас-салам алейкум ва рахматуллахи ва баракатух”.

❗️  ЖООП. Муфтий Шейх Абдульазиз Ибн Баз (Аллахтын ага ырайымы болсун) айтты:

Бидааттын баары адашуу, анын жакшысы болбойт. Пайгамбар ﷺ айткандай: «Ар бир бидаат адашуу» (Абу Дауд: 4607; Ибн Мажа: 42. Сахих хадис). Бул улуу сөз. Бул чоң эреже. Бардык бидаат адашуу.

Бидаат – деп Аллах уруксат бербеген, адамдар динге жаңылык кылып киргизип салган нерселер айтылат. Бидааттын мисалдары:

  • эки сажда ортосунда колду көтөрүү;
  • намаздын аягында же саламдан кийин колду көтөрүү;
  • мавлид кечелерин өткөзүү;
  • мүрзөлөрдүн үстүнө күмбөздөрдү куруу;
  • мүрзөлөрдүн үстүнө мечиттерди куруу;
  • ж.б. Аллах уруксат бербеген нерселер.

⚠️  Демек эреже: адамдар динге киргизип, аны “кулчулук”, “сооп иш”, “ибадат” деп атаган, бирок анын динде негизи жана далили болбогон ар бир жаңылык – бидаат деп аталат.

Адамдар “жакшы бидаат” деп атап, бирок чындыгында бидаат эмес болгон нерселер бар. Мисалы:

  • Мечиттерди цемент менен куруу.
  • Медреселер.
  • Жакыр адамдар баш калкалай турган жерлер (рибат).
  • ж.б.

Цемент жаңы нерсе, бирок ал диндеги бидаат деп эсептелбейт. Себеби Пайгамбар ﷺ мечиттерди курууга буюрган, мейли ылай, кирпич, таш, жыгач менен болобу же цемент менен болобу. Бул нерселер бидаат эмес.

Ал эми тил жагынан бул нерселерди бидаат деп адамдар аташы мүмкүн (بدعة – “бидъа” араб тилинде “жаңы нерсе” дегенди билгизет). Ага чейин андай нерсе болбогон жаңылык деген мааниде. Пайгамбар ﷺ илим таркатууну, мечиттерди курууну ж.б. адамдарга пайда берчү нерселерди буюрган. Мечиттерди цемент менен курушсун, медресе салышсын, муктаждарга, мухажирлерге үй куруп беришсин – мунун баары Шариатта уруксат. Алар бидаат деп аталбайт. Себеби мусулмандарга жакшылык кылууну Аллах Таала Өзү буюрган. Мусулмандарга пайда берүү, кедей-кембагалдарга жакшылык кылуу, нааданды үйрөтүү – мейли ал мечитте болсун же медреседе болсун – мунун баары бидаат эмес. Пайгамбар ﷺ эскертип, кайтарып кеткен бидаат бул эмес.

Булар лексикология жагынан “бидаат” деп аталышы мүмкүн. М: Умар (радияЛлаху анху) адамдарды бир имамдын артынан чогу таравих окууну түзүп, “кандай гана жакшы бидаат” деп атаган сыяктуу. Алгач Пайгамбардын ﷺ доорунда адамдар кичине жамааттар болуп, өз өзүнчө таравих окуп келишкен. Анан Пайгамбар ﷺ баарын бир жамаатка чогултуп, алар менен таравих окуйт. Бирок, үч күндөн кийин, «Бул түнкү намаз (таравих) силерге парз болуп калабы деп корком», — деп анысын таштайт. Аны жамаат менен бирге окуусун токтотуп койгонунун себеби – (адамдар көп чогула бергендиктен) Аллах бул намазды үммөткө парз кылып коёбу деп чочулаганы. Кийин (Пайгамбар ﷺ өлүп, парз болуп калуу коркунучу кеткен соң) Умар кайрадан адамдарды бир имамдын артынан чогултуп, “бул кандай гана жакшы бидаат” деп айтты. Араб тилинде жаңы нерсе бидаат делет. Албетте, динде ал бидаат эмес, тескерисинче, таравих намазы сүннөт, аны Пайгамбарыбыз ﷺ өзү окуган жана үммөтүн окууга кызыктырган.

Ошондой эле илим окутууга арналган медресе, институт, куран жаттатуу мектептери ж.б. жерлер. Ар ким аларды ар кандай аташы мүмкүн. Айтыла турган нерсе, адамдарды илимге кызыктыруу жана окутуу үчүн, таалим аспаптары менен жабдыкталган бөлмөлөргө чогултуу – бул бидаат эмес. Тескерисинче бул жакшылык жана такыбалык иштеринде кызматташууга кирет. Мусулмандарга бул пайда берет.

Пайгамбардын ﷺ башка хадисинде «Ким Исламда жакшы сүннөт (сунна хасана) баштаса – ага анын сообу жазылат жана андан кийинки аны аткаргандардын сообу жазылат, алардын сообунан эч нерсе кемибестен» (Муслим: 1017), — делет. Бул жерде “сунна хасана” (жакшы сүннөт) деген сөздүн мааниси – жакшы адат, б.а. Исламдагы бар эле сүннөттү ачыкка чыгарса, адамдар кылбай же билбей жаткан ибадатты үйрөтүп, аны ачыкка чыгаруу. Ким адамдарга ошол сүннөттү чыгарып, аны үйрөтүп кетсе, баштап кетсе – сүннөттү тирилткен үчүн ага чоң ажр-сыйлык бар.

“Жакшы сүннөт” дегендин мааниси – динге Аллах уруксат бербеген жаңылык бидаат киргизүү дегендик эмес! Динге жаңылык киргизүү туура эмес экендигин Аллах Куранда баяндап: «Же Аллах уруксат бербеген нерсени, алар үчүн динде шариат кылып түзүп берчү өзүнүн шериктери барбы?!» (Куран, аш-Шуураа 42:21), — деген. Пайгамбар ﷺ болсо: «Ким биздин ишибизге (динибизге) анда жок нерсени киргизген болсо – ал кайтарылат (кабыл болбойт)!», — деген. Жаңылык киргизүү күнөө иш.

Ал эми адамдар билбей жүргөн сүннөттү чыгарып, адамдарга аны үйрөтүү – бул сүннөт. «Ким Исламда жакшы сүннөт баштаса …» дегендин мааниси ушул.

Бул хадистин тарыхы да ушул нерсеге далил. Пайгамбар ﷺ бир күнү адамдарды садака берүүгө үндөйт. Ошондо (биринчилерден болуп) бир адам, эптеп көтөрө алгандай, (чоң) бир кап алып келип, Пайгамбардын ﷺ алдына коёт. Аны көргөн башка адамдар шыктанып, алар да четинен садакаларын алып келе башташат. Ошондо Пайгамбар ﷺ «Ким Исламда жакшы сүннөт баштаса …», — деп айтат, б.а. садаканы баштап берди, башкалар аны туурап садака бере башташты. Ооба.

🌐 Булак: https://binbaz.org.sa/fatwas/13395/هل-توجد-بدعة-حسنة

@islamjolu

Telegram / FB / Ok / VK / Twitter / YouTube / Instagram

https://binbaz.org.sa/fatwas/13395/هل-توجد-بدعة-حسنة
Share

You may also like...