❓ Адам башка бир адамга жүгүнүү же сажда кылуусу уруксатпы

❓ Адам башка бир адамга жүгүнүү же сажда кылуусу уруксатпы — мейли учурашуу же аны урматтоо үчүн болсун?

СУРОО. Улуу кишиге урмат көрсөтүү максатында жүгүнүү болобу? Мен жашаган жерде бул кең этек жайган салт. Мен үйлөнгөнө жаткан келиндин атасына жүгүнүп учурашсам болобу? “Мага жүгүнүп саламдашпасаң кызымды сага бербеймин” деп атасы мага шарт коюп жатат.

ЖООП. Учурашуудагы эң негизги адеп – кол алышуу. Ал эми узак убакыт жок болгон же сапардан кайткан адам менен көрүшкөндө – кучакташып учурашса болот.

       Бирок, жүгүнүү такыр болбойт: күнүмдүк учурашуу болсун, же алыстан келген кишини тосуп алганда болсун; мусулманга болсун, же каапырга болсун; падышага, кары кишилерге же туугандарга болсун – эч кимге жүгүнүү уруксат эмес.

Эмне үчүн жүгүнүп учурашуу Шариатта арам деп табылат?

① Себеби жүгүнүп ийилүү – бул өзүн башка бирөөнүн алдында төмөн алып, пас тутуу деп эсептелет. Ал эми бул нерсени бир гана Аллахка кылышыбыз керек.

② Бул нерседе мусулман эмес коомдорго окшошуу бар.

Учурашуу учурунда ийилүү (инхинаа) болбойт экендигине далил.

عَنْ أَنَسِ بْنِ مَالِكٍ قَالَ : قَالَ رَجُلٌ : يَا رَسُولَ اللَّهِ، الرَّجُلُ مِنَّا يَلْقَى أَخَاهُ أَوْ صَدِيقَهُ، أَيَنْحَنِي لَهُ ؟ قَالَ : » لَا «

Анас риваят кылат, бир киши: “О, Аллахтын Элчиси! Биздин арабыздан бирөө бир тууганына же досуна жолугуп калса – ага жүгүнсө болобу?”, — деп сураганда, ал ﷺ айтты: «Жок».

 (Тирмизи: 2728, жана Шейх альбани бул хадисти хасан деди).

Жүгүнүү арам. Эгер жүгүнүүдө баш өтө төмөн кетип, бел бүгүлүп намаздагы рүкүгө окшошуп калса – арамдыгына арамдык кошулат.

Ханафи мазхабында белди кичине ийсе, бул рүкү деп аталат. Эгер адам бирөөгө кичине эле белин ийсе, ага рүкү кылды деп эсептелет.

Адам башка бир адамга урматтоо үчүн сажда кылуусу болбойт экендигине далил.

🌹 Му‘аз (радияЛлаху анху) Шам өлкөсүнөн келгенде, Пайгамбарга ﷺ сажда кылат. (Таң калган Пайгамбар ﷺ) андан: «Бул эмне кылганың?!», — деп сурайт. Ал: “Мен Шам жергесине келгенде, анын эли өзүлөрүнүн эпископ жана патриархтарына сажда кылат экенин көрдүм эле. Эми, мен дагы сага сажда кылгым келди”, — деп жооп берет. Анда Аллахтын Элчиси ﷺ ага айтты:

فَلَا تَفْعَلُوا، فَإِنِّي لَوْ كُنْتُ آمِرًا أَحَدًا أَنْ يَسْجُدَ لِغَيْرِ اللَّهِ، لَأَمَرْتُ الْمَرْأَةَ أَنْ تَسْجُدَ لِزَوْجِهَا، وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ، لَا تُؤَدِّي الْمَرْأَةُ حَقَّ رَبِّهَا حَتَّى تُؤَدِّيَ حَقَّ زَوْجِهَا، وَلَوْ سَأَلَهَا نَفْسَهَا وَهِيَ عَلَى قَتَبٍ لَمْ تَمْنَعْهُ

«Андай кылбагыла! Эгер Аллахтан башкага бирөөгө сажда кылууга уруксат бергенимде – аялды күйөөсүнө сажда кылууга буюрмакмын. Мухаммеддин жаны Анын колунда болгон Затка ант, аял эч качан Раббисинин алдындагы милдетин аткарды деп эсептелбейт, качанга дейре күйөөсүнүн алдындагы милдеттерин аткармайынча. (Керек болсо) аялы ээрдин үстүндө отурган убакта күйөөсү аны кааласа, өзүн андан тыйбасын» (Ахмад: 4/381; Ибн Мажа: 1853. Хасан хадис «Сахих аль-Жами’»: 5295).

Share

You may also like...